Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:33

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН БАКТЫСЫНА КАНДАЙ КОНСТИТУЦИЯ ТУШ КЕЛЕТ?


Бейөкмөт уюмдар, жарандык коомдор, оппозициячыл саясатчылар аткаруу бийлигине тез аранын ичинде жаңы Конституция кабыл алууну талап кылып келишүүдө. Президент тарабынан түзүлгөн Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топ аткаруу бийлигинин үч формасы боюнча жаңы Баш мыйзамдын долбоорлорун жазып бүтүшүп президентке августта сунуштаган. Бирок ал долбоорлор эл аралык талаптарга жооп бербейт деген пикирлер да айтылууда. Ал эми Бекназаров Конституциянын долбоорун Бакиев өзү даярдап аткандыгын жакында маалымдады.

Оппозициячыл күчтөр ноябрь айында өткөрүүчү мөөнөтсүз митингде, жаңы Конституцияны тез аранын ичинде кабыл алуу маселесин көтөрүшмөкчү. Президент Курманбек Бакиев буга чейин бир нече жолу Конституциялык реформага каршы эмес экендигин айткан. Атыгүл жаңы Баш мыйзамды иштеп чыгуу үчүн курамында жүздөн ашык адам турган Конституциялык кеңешти түзүп, бирок алар бир пикирге келе алышпады деп, Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топту түзгөн.

"Мына Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топ өздөрүнүн добоорун жазып берди. Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов дагы өзүнүн долбоорун сунуш кылды. Андан башка менде ондон ашык Конституциянын долбоорлору турат. Ушуну жазгандар бардыгы жогорку квалификациялуу адистер, профессионалдар деп сезишет өздөрүн".

Бакиев ошондой эле сунушталган ондон ашуун жаңы Конституциянын долбоорлорун карап чыгып, өзү бүтүм чыгарарын белгиледи.

Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов президент тарабынан түзүлгөн жумушчу топ сунуштаган Баш мыйзамдын үч долбоору Европалык кеңештин эксперттери тарабынан жактырылбагандыгын айтты.

"Европа кеңешинин атайын юридикалык комиссиясы бар. Элде Венеция комиссиясы дейт го. Ошонун эки экспертинин корутундусу келди. Алардын бүтүмүндө, жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан үч долбоордун бирөөсүн да кабыл алууга мүмкүн эмес. Аларды абдан өзгөртүп иштеп чыкмайын кабыл алууга мүмкүн эмес, деп көрсөтүшүптүр".

Курманбек Осмонов ошондой эле президентке сунушталган долбоорлордун мыктыларын алып, жогорку деңгээлдеги адисттердин башын кошуп, 30-40 жыл иштеп бере турган жаңы баш мыйзамды иштеп чыгуусу зарыл, дейт.

Ал эми экс-депутат Бегиш Ааматов президенттин жумушчу топ түзгөнүнүн өзү мыйзам бузгандык деп эсептейт.

"Жумушчу топту президент өзү эле дайындап койду да. Конституцияны жазганга Жогорку Кеңеш катышпаса, бул эмне дегендик. Президент өзү каалаганын эле жумушчу топко киргизип койбодубу. Ушунун баары “узурпация власти” дегендик. Бул мыйзамдуулукту, Конституцияны сыйлабагандык. Эми өзү отуруп алып, үйбүлөсү менен жазат Баш мыйзамды."

3-октябрда Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында Баш мыйзам боюнча президент Бакиев өзүнүн долбоорун даярдап атканын маалымдады. Анын айтымында, Бакиев супер-президенттик долбоорду даярдап, мурдагы “Алга Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү болуп жүргөн 34 депутаттын колдоосу менен парламенттен өткөрүп алууну көздөөдө.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Конституциялык реформа жүргүзүүдө президенттин өзүм билемдигине жол беришпестигин айтты.

Учурда жумушчу топ даярдаган Баш мыйзамдын үч долбоору талкууланып жатканын, жаңы Конституциянын өзүнчө долбоору президенттен сунушталбагандыгын президенттин укуктук саясат бөлүмүнөн билдиришти.

XS
SM
MD
LG