БШКнын мүчөлөрүнүн ич ара пикир келишпестиктеринин кесепетинен Куршаб шайлоо округу боюнча маселеге чекит коюлбай келет, деди БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов:
-Бул маселе ачык калды. Биз Куршаб округу боюнча эч кандай чечим кабыл алган жокбуз. Бул маселе боюнча бир чечим кабыл алыш кыйын. Анткени БШК мүчөлөрү экиге бөлүнүп алган. Себеби бул маселе өтүш үчүн сегиз добуш керек. Өзүңөр күбө болгондой бир жагында жети добуш, бир жагында беш добуш. БШКнын бир мүчөсү үч айдан бери дайын отун билгизбей, телефонго жооп бербей качып жүрөт.
Жогорудагы маселе талкууга коюлганда БШКнын мүчөсү Жылдыз Жолдошева болсо Куршаб шайлоо округундагы талаш маселе жакын арада чечилбестигин, алдыда дагы далай соттук териштирүүлөр болорун айтып, коллегаларын салмактап, таза добуш берүүгө үндөдү.
-Бул жерде Жогорку Кеңеш дагы өз оюн ачык айтпай сыртка чыга берди. Бул жерде республиканын жетекчилери да бул маселеге кийлигишпейбиз, деп өз абийирлеринин алдында таза калды. Эми биз дагы өз абийирибиздин алдында ар бирибиз таза болуп, добуш берсек.
Эскерте кетүүчү жагдай, 23-апрелде БШКнын жыйыны болуп, Куршаб шайлоо округу боюнча Мамат Орозбаев жеңип чыкты деп табылган. Бирок анын атаандашы Санжар Кадыралиевдин жактоочулары Орозбаевдин жеңишине нааразы болушуп, Бишкек-Ош жолун буушкан. Жыйынтыгында талаш туудурган Тузбел шайлоо участкасында 25-июнда кайрадан шайлоо өткөрүлүп, эки тараптын тирешүүсү, чыр-чатакка айланып добуш берүү аягына чыкпай токтогон.
Бул маселе боюнча 11-июлда Боршайком №39-Куршаб шайлоо округундагы Тузбел участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Санжар Кадыралиевди Жогорку Кеңештин депутаты деп таануу тууралуу БШКнын айрым мүчөлөрү сунуштаган чечимдин долбоорун талкуулаган. Бирок БШКнын мүчөлөрүнүн пикир келишпестигинен бул маселе чечилбей калган.