"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Курманбек Бакиевдин президент болуп шайланганына туура эки жыл болду. Айрым саясатчылардын айтымында, мамлекет башчысы конституциялык реформа жүргүзөм, коррупция менен күрөшөм, үй бүлөлүк башкарууга жол бербейм деген убадаларын аткарбай келатат. Ал эми парламенттин кээ бир депутаттарынын пикиринде кийинки мезгилде бийлик экономика менен өндүрүшкө көңүл буруп, бюджетке кошумча каражаттар кошулуп, элдин жашоо-турмушу жакшырып келатат. Президент Бакиевдин эки жылдагы иш аракеттерине карапайым калктын көз караштары кандай?
Мындан туура эки жыл мурда 10-июлда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев шайлоочулардын 88,9% добушун алган. Аны менен ат салышкан атаандаштары шайлоодо административдик ресурстар колдонулуп, бир катар мыйзам бузуулар болгондугун бүгүн да айтышууда. К.Бакиев шайланган убактан бери 2 жыл өттү, ал элдин үмүтүн актадыбы?
«Кыргыз республикасында административдик-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө» жардыкка президент Бакиев 4-июлда кол койду. Ага ылайык аймактык башкаруу 2007-2011-жыл аралыгында үч баскыч боюнча реформаланат. Коомчулукта аймактык реформаны төрт жылга чейин созбой, бир жыл аралыгында эле ишке ашырууга болот деген пикирлер бар.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган Жыпаргүл Арыкованын жүрөк оорусу кармагандыгына байланыштуу aнын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко документтерди даярдап жатканын анын адвокаты Айжан Касымалиева билдирди. “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын пикиринде Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында Улуттук коопсуздук кызматы “тыңчылык” деген шылтоо менен коркутуу саясатын жүргүзүүдө.
Жогорку Кеңеш спикери Марат Султанов бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында кыргыз парламенти бир жыл аралыгында үзүрлүү иштеп, 232 мыйзам кабыл алып, эл аралык кырктан ашуун макулдашууларды ратификациялаганын билдирди. Ал эми коомчулукта парламенттин ишине алымсынбагандар да бар. Алардын бири “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев парламентттин ишин канааттандырарлык эмес деп, аны таркатуу оюнан кайта элек.
Биринчи май райондук соту “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиевдин жана аталган фронттун өкүлү Виталий Искаковдун үстүнөн козгологон жарандык иш боюнча сот жараянын баштады. Аларга апрель айындагы митингде Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине келтирген чыгымдар боюнча айып тагылууда. Бириккен фронттун мүчөсү Жыргалбек Турдукожоевдин көз карашында оппозициянын өкүлдөрүн бийлик сот менен коркутуусу жакшылыкка алып келбейт. Ал эми сотко барышкан Ички иштер министрлигинин жана шаардык прокуратуранын өкүлдөрү бул иш боюнча өз пикирлерин айтуудан баш тартышты.
Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында «Кыргызстандагы ички мигранттар жана жумушчу табы» кыймылы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабы менен тынч митингге чыгышты. Алар мамлекеттик жетекчилер Бишкектин айланасындагы жер участокторун чоң бизнеске айлантып, кыймылсыз мүлктөрдү алып-сатууну күчөткөнүнө нааразылык билдиришти. Шаар мэриясынын өкүлү жер участоктору боюнча атайын комиссия түзүлүп, учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын, ага ылайык мыйзам бузган жетекчилер болсо жоопко тартыларын билдирди.
Өткөн айдагы митингдин катышуучуларын укук коргоо органдары тарабынан куугунтуктоо уланууда, деп билдирди парламент отурумунда депутат Мелис Эшимканов. Анын айтымында, шаардын Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясы өткөн айдагы митингге байланыштырып, төрт млн. сомго жакын каражатты Ички иштер кызматынын эмгек акысы деп чегерип аны Субаналиевден төлөтүп алуу аракетин көрүшүүдө. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасынын билдиргенине караганда бул иш мыйзамдын чегинде териштирилип, сотко ашырылган. Өмүрбек Субаналиевдин үстүнөн сот жараяны 16-майда болуусу күтүлүүдө.
Жетиөгүз районунун беш айылынын тургундары бүгүн 4-майда Барскоон-Тосор-Кумтөр автожолун буушту. Алар «Центера Голд» компаниясынан 1998-жылдагы кырсыктан жабыр тарткандардын кун акысын толук төлөп берүүнү талап кылышууда. Компаниянын өкүлү жергиликтүү тургундардын мындай мыйзамсыз акциясы боюнча укук коргоо кызматтарына арыз жолдогонун билдирди. Ал эми адистердин пикиринде Кыргызстандагы алтын чатагы кыргыз бийлигинин туура жана чечкиндүү саясатынын жоктугунан келип чыгууда.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде Конституциялык реформага байланыштуу өзүнүн көз карашын билдирди. Ошондой эле парламент депутаттарынын ич ара пикир келишпей, оппозиция жана бийликчил болуп экиге бөлүнүшүн демократиялык багытта калыптануусу катары баалады.
Казакстан газ боюнча карыздарды төлөөгө жөнөкөйлөтүлгөн шарттарга макул болду. Ошондой эле «Казакстантемир жолу» акционердик коому мамлекеттик «Кыргызтемир жол» ишканасынын карыздарын кечүү макулдышылды. Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаевдин өткөн аптадагы расмий иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов менен казак элчиси Умурзак Узбеков бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Ал эми айрым кыргыз саясатчылары казак президенти өзүнүн улуттук кызыкчылыгы үчүн Кыргызстанга расмий иш сапары менен келгенин айтышууда.
Бириккен фронттун жана «Реформа» кыймылынын уюштурган минитигисине атайын кызмат тукурук жасады, деп айыптады Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, бийликтин жоопкерчиликсиз, акылсыз аракеттеринин натыйжасында эл экиге бөлүнүп, улуттун жоголуу коркунучу туулду. «Бул жоопкерчилик Бакиевдин мойнунда»,- деди Кулов. Коомчулукта бириккен фронттун иш аракеттерине нааразы болгондор да бар. Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Клара Ажыбекова Кулов баштаган "Фронт" менен «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрү Акаевдин режимин алып келүүнү көздөп жатат деген пикирде.
Бүгүн кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын алтынчы жыйыны Бишкекте өттү. Анда соода, суу-энергетика, миграция жана башка он төрт маселе жана өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи жыйынындагы токтомдордун аткарылышы каралды. Кыргыз тарап суу жана миграция боюнча көйгөйлүү маселелерди чечүүнү сунуштады. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий иш сапарында беш маселе боюнча келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары конституциялык реформа токтоп, улам артка жылдырылып узартыла берсе, анда парламентти таркатуу керек деген демилгени көтөрүп чыгышты. Саясатчылардын баамында, эгерде Жогорку Кеңешти таркатуу сунушун жыйырма бештен ашуун депутат колдоп кетсе, өлкөдө саясий оор кырдаал түзүлүшү мүмкүн.
Бириккен фронтту жактоочулар бүгүн түшкө чейин Жогорку Кеңештин алдына барып митинг өткөрүштү. Анда сүйлөгөндөр парламент төрагасын жана депутаттарды элдин алдына чыгып, митингдегилердин талаптарын угууга үндөштү. Бирок депутаттар чыгышккан жок. Түштөн кийин уланган митингде Мелис Эшимканов 19-апрелде чечүүчү чекит коюуга даярдык көрүлүп жатканын билдирди.
Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов 11-апрелдеги митингдин алгачкы күнүн таанышуу, чоң иш чаранын башталуу бөлүгү катары баалады. Ал кийинки митингге эл мындан эки эсе көп келиши күтүлүп жатканын белгиледи. Айрым байкоочулар жарандарды алдыга үндөй турган идеянын жоктугунан митингге эл аз келгенин айтышууда. Ал эми президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун ноябрдагы митингден азыркы митинг мыкты уюштурулганын билдирди.
Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта ачкачылык жарыялагандарга үч күн болду. Дарыгерлердин айтымында, ачкачылыкка чыккан 76 адамдын ден соолугу жакшы. Бүгүн «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» бириккен фронттун лидери Феликс Кулов алар менен жолугушуп, ал акыбалы менен таанышып чыкты. Биринчи май районунун акими Тилек Акамбаев бириккен фронт аянтка боз үй, палатка тигүүгө уруксат албагандыгына байланыштуу прокуратурага кайрылганын билдирди.
Бириккен фронттун мүчөлөрү бүгүн Жогорку Кеңештин алдында жети боз үй тигип ачкачылык акциясын башташты. Алардын жыйырма бири аял, кырк төртү эркек. Ачкачылык жарыялагандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов да бар. Ачкачылык жарыялагандар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен турушат. Өкмөттүн өкүлү Юстиция министри Марат Кайыпов оппозициянын мындай аракети бийликти кысымга алуу жолдорунун бири катары бааларын билдирди.
Демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын лидери Кубатбек Байболовдун сунуштаган Конституциянын жаңы долбоору парламенттин бийлигин күчөтүп жиберген. Президенттин сунушу менен Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазуу үчүн он бир адамдан турган жумушчу топ түзүлөт. Алар иштеп чыккан долбоор 10-апрелде президентке сунушталат. Бул тууралуу премьер-министр Алмаз Атамбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал ошондой эле мамлекеттин биримдиги, туруктуулугу үчүн Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов менен сүйлөшүүгө даяр экендигин, 11-апрелдеги митингге бийлик тарабынан антимитинг өткөрүлбөстүгүн белгиледи. Ал эми «Реформа үчүн» кыймылдын тең төрагасы Кубатбек Байболов Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгууга кыймылдын мүчөлөрү катышпастыгын айтты.
2-апрелде “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү кезексиз жыйын өткөрүштү. Анда аталган кыймыл “ак үйгө” жолдогон жаңы Конституциянын долбооруна жана бийликтин коалициялык өкмөт курамына реформачыларды чакырган сунушту ортого салышты. Кыймылдын тең төрагасы Темир Сариевдин айтымында, Конституциялык реформа жүргүзмөйүнчө коалициялык өкмөттү түзүүдөн майнап чыкпайт. Парламенттин айрым депутаттары болсо оппозициячыл саясатчылар жоопкерчиликтен качып, коалициялык өкмөттүн курамынан атайын баш тартууда деген пикирде.
Дагы жүктөңүз