Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

"МАНАС ОРДОДО" "БРИЛЛИАНТ ЖЫЛАНДЫН" ЖАҢЖАЛЫ ТУТАНДЫ


«Амина Мунди» рухий академиясынын эки кызматкери баштаган топ Таластагы “Манас ордо” улуттук маданий комплексиндеги Кароол дөбөнү ырайымсыздык менен талкалоодо, деп билдирди “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева. Ал тарыхый ыйык жайды казып, талкалагандарды жоопко тартуу керектигин, бул иш чаранын башында турган Чолпонбек Абыкеевге чара көрүү тууралуу президентке кайрылуу жолдогонун маалымдады. Президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Кароол дөбөдөгү археологиялык казуу мыйзамдын чегинде, жергиликтүү элдин макулдугу менен жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Токтайым Үмөталиеванын айтымында, Улуттук «Манас ордо» тарыхый-маданий комплексиндеги археологиялык казууну грузин жарандары, жергиликтүү бийлик, аталган комплекстин жетекчилиги мыйзамды одоно бузуу жолу менен жүргүзүүдө. Андан да кызыгы бул иш чаранын башында президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тургандыгында.

-Манас ордодо казуу жүргүзүп жаткан грузиялык археологдор айтышты, “биз бриллиант жыланды издегени келдик”, деп. Ошол жерден бриллиант жылан чыгат дейт. Силер деле билесиздер Чолпонбек Абыкеевдин “Бриллиант жылан” деген романы бар. Ал чыгармада Ватикандын алтын китептери деген жазуулар бар. Ошол жазууларда алтын казынаны Манастын Кароол дөбөсүнө бекитиптир деп айтылат.Чолпонбек Абыкеев өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, илимий жактан такталбаган жалган изилдөөлөрдү өзүнүн китебинин негизинде жүргүзүүдө.

Үмөталиева белгилегендей Кароол дөбөнү казып жаткан грузин жараны Рони Гогисванидзе жетектеген «Амина Мунди» рухий академиясы, интернет-сайттардагы маалыматтарга караганда, эч кандай дүйнөлүк мааниге ээ эмес, жалган академия болуп эсептелет.

Тбилисидеги грузиндердин археологиялык борборунун профессору Михо Абрамишвили «Азаттыктын» кабарчысына Рони Гогисванидзе деген окумуштуу жок экенин кесе айтты.

Ал эми Токтайым Үмөталиева маданият министри Султан Раев менен улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун директору Жеңиш Жунушалиевдин мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровго жолдогон каттын көчүрмөсүн көрсөттү. Анда маданият министрлиги менен тарых институту “Амина Мунди” академиясынын долбоору чындыкка коошпостугун, илимий далилдер жок экендигин баса белгилеген.

Бирок “казына издөөчүлөрдүн” өтүнүчүн, “Манас ордого 400 миң сом ижара төлөнөөрүн эске алып , Кароол дөбөгө тийбей, стадион жактан 40 чарчы метр жерди тосууга, 6 метр чарчы жерди 16 метр тереңдикте казууга аталган тарыхый комплекстин администрациясынын келишимине ылайык уруксат берүүсү каралган, дейт Үмөталиева.

Президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Кароол дөбөдө биздин заманга чейинки үч жарым миң жыл мурдагы тарыхый өзгөчө имарат болушу мүмкүн деген божомолго ишенип, кокус бул баалуу тарыхый эстелик табылып калса, Кыргызстанга дүйнөлүк аброй алып келип, туристтердин каттамын арттырат деген көз карашта. Анын айтымында, Кароол дөбөдөгү археологиялык казуу Маданият министрлиги менен тарых институтунун “Манас ордо” өзү чечсин деген макулдугунун, өкмөттүн 2001-жылдын 1-июндагы № 261-токтомунун негизинде, мыйзамдын чегинде жүргүзүлүүдө.

-Жогорудагы өкмөттүн токтомуна ылайык “Манас ордодо” мыйзамдуу түрдө илимий-иштерди жүргүзүүгө, археологиялык казууларды, тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүүгө толук укуктуу. Бул иш мамлекеттик катчыга да белгилүү. Мамлекеттик катчы тарабынан ушул иштин мыйзамдуу жагын көзөмөлдөө мага тапшырылган.

Абыкеев “Манас ордодогу” казуу убактылуу токтотулгандыгын, буга байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлөрүн билдирди.

Токтайым Үмөталиева Кароол дөбөдөгү казуулар боюнча парламенттик комиссия түзүлүп, ыйык делген жерге мыйзамсыз казууну уюштургандарды жана “Амина Мундун” өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин карап, кылмыш иши козголушун талап кылууда.

“Бүргө” баатыр кайрымдуулук корунун мүчөсү Уран Бейшеналиев болсо Кароол дөбөнүн казылышына жергиликтүү эл менен кошо “Манас Ордого” сыйынганы келген адамдар нааразы болуп жатканын айтты.

-Жеке эле Таластын жергиликтүү тургундары эле эмес Ош, Жалалабад, Баткенден Манас атабыздын күмбөзүнө сыйынганы келишкен адамдар да Кароол чокунун казылышына нааразы болушууда.

Уран Бейшеналиев белгилегендей, Кароол чокудагы казуу токтотулбаса жергиликтүү калк нааразылык иш чараларын уюштурушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG