Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

М. НИЯЗОВ: МАМЛЕКЕТКЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК МАСЕЛЕСИН КЫЛДАТ КАРОО КЕРЕК


Мамлекетке чыккынчылык кылды делип шектелип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин бир кызматкери жана Коргоо министрлигинен эс алууга чыккан запастагы офицер Улуттук коопсуздук комитететинин тергөө абагына камалып, учурда алардын үстүнөн тергөө жүрүүдө. Бул маселе боюнча аталган комитет толук маалымат берүүдөн баш тартты. Ал эми экс-депутат Алишер Абдымомунов болсо Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин кийинки кездери мамлекеттик чыккынчылыкка байланыштуу иштерин сын көз менен карап, алардын мындай аракетин жасалма аброй топтоо катары баалайт.

Маалыматка караганда 5-июлда Улуттук коопсуздук комитети мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен эки адамды тергөө абагына камашкан. Алар аталган комиттин учурдагы кызматкери Александр Гриб жана Коргоо министрлигинде мурда кызмат өтөп жүрүп, өткөн жылы эс алууга чыккан запастагы офицер Валерий Пацула экен.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Мурат Ашырбеков Валерий Пацуланын аталган министрликте мурда иштеп кеткенин, учурда ал Коргоо министрлигинин кызматкери катары эсептелбестигин билдирди.

-Ошол офицер бир жыл мурда Коргоо министрлигинен эс алууга кеткен. Бүттү, ал киши азыр граждандык. Бизге тиешеси жок. Ал жашына жараша эс алууга чыгып, азыр пенсия алып жүрөт.

Маалыматтарга караганда Гриб менен Пацуланын үстүнөн коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кылмыш жаза кодексинин 302-беренесине ылайык чет өлкөлүк уюмдарга берүү максатында кызматтык сырды түзгөн маалыматтарды берүү же чогултуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Алардын кайсы мамлекеттин кызыкчылыгына иштеп жатканы, жашыруун сырды кимге берүүсү тууралуу так маалымат жок. Аталган комитет бул маселе боюнча толук маалымат берүүдөн баш тартты.

Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, экс-депутат Алишер Абдымомуновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, тыңчылык боюнча жасалып жаткан иштердин натыйжасы жок болууда.

-Коопсуздук маселесин коргоо жөнүндө мыйзамдар деле бар. Бирок турмуш чындыгына келгенде ал реалдуу жашоо менен айкалышпай атат. Ошондуктан бир жагынан коопсуздукту коргоо жумуштары жасалганы менен анын натыйжасы жок. Себеби коопсуздук жөнүндө, сыр жөнүндө биздеги көз караш классикалык деңгээлде калып калып, реалдуу жагына келгенде бизде туура эмес болуп жатат.

Абдымомунов белгилегендей Улуттук коопсуздук комитеттин жетекчилери кызматта отургандан кийин өздөрүн көрсөтүү үчүн ар кандай жолдор менен аша чапкан иштерге жол берүүдө. Ал Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыковага тыңчылык кылган делип айып коюлуп жатканына эч кандай негиз жок деп эсептейт.

Ага коюлуп жаткан айыптарда эч кандай негиз жок. Формалдуу жактан караганда бирөөлөргө жашыруун түрдө маалымат берди дегени менен негизинен биздин мамлекетте кайсы жерде, кайсы чөйрөдө жашыруун сыр, маалымат бар? Анын ээси ким? Арыкова эч жерден жашыруун маалыматты уурдап алган жери жок. Ошол эле айткан сөздөрүнө караганда ал маалыматты парламенттин отурумунан, гезиттерден чогултуп берген болсо, жашыруун сырды берди деп эсептөөгө болбойт. Негизинен анын кылган аракеттери биздин мамлекетте тыңчылык кылды дегендикке жатпайт, -деди Алишер Абдымомунов.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, тыңчылык жана мамлекетке чыккынчылык кылды деген маселеге өтө кылдат мамиле кылуу керек.

Тыңчылык дейбизби, мамлекетке чыккынчылык кылды дейбизби. Бул өзү өтө аяр, кылдат мамиле кылуучу маселе. Бул эл аралык проблемага тиешелүү. Мисалы, эки өлкөнүн ортосунда кандай мамиле болуп жатат? Эгер бирөөнүн тыңчыларын кармаган болсо? Жана башка маслелер боюнча. Негизинен бул тышкы саясатка түздөн-түз байланыштуу болот.

Ниязовдун көз каарышында мындай маселени чечүүнүн бир нече жолу бар дейт.

Муну чечүүнүн бир нече жолу бар. Биринчиден мыйзам чегинде, экинчи саясат.Үчүнчү нукура оперативдик чечимдери болот. Ошондуктан жанагы экөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет кандай чечим менен кармап, ушундай натыйжага келгенин мен билбейм. Бирок мен айтып коеюун, бул эл аралык саясатка кирип калат.

Миросалв Ниязов тыңчылык жана мамлекетке чыккынчылык кылуу маселесин “аскердин өтүгү” менен эмес, саясий жол менен чечүү керек деген ойдо. Анын көз карашында Кыргызстан кичинекей мамлекет болгондон кийин жашыруун деген маалыматтар саясат жөнүндө, же кызматтык сыр болушу мүмкүн. “Ал эми өтө эле мамлекеттик жашыруун сыр биздин өлкөдө жок деле болсо керек деп ойлойм”,- дейт Ниязов.

XS
SM
MD
LG