2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Тажикстанда сел кеминде эки адамдын өмүрүн алды. Путин менен Ким эки өлкө мамилесин, Корей жарым аралындагы кырдаалды талкуулашты. Бээжинде "Бир алкак, бир жол" стратегиясынын саммити башталды. Окумуштуулар Марстагы силкинүүнү байкап, үнүн жаздырып үлгүрүштү.
Жарым айдан бери Польшанын мектептеринде сабактар токтоп турат. Мугалимдер айлык акыны көтөрүүнү талап кылып, мөөнөтсүз иш таштаган. 23-апрелде миңдеген педагог Билим берүү министрлигинин алдына келди.
Казакстанда Нурсултан Назарбаев башкарган "Нур-Отан" партиясы президенттикке Касым-Жомарт Токаевди сүрөдү. Орусия жана Түндүк Корея лидерлери жолугат, качан жана кайсы жерде экени али белгисиз. Украинадагы шайлоодо утулган Петр Порошенко кайра президент болуу ниетин билдирди.
Түштүк Кореянын президенти 16-23-апрелде мамлекеттик сапар менен Борбор Азияны кыдырды. Анда миллиардаган долларлык келишимдерге кол коюлду. Бирок Мун Чжэ Ин Кыргызстан менен Тажикстанды кыйгап өттү.
Шри-Ланкадагы теракттын курмандыктары көбөйүүдө. Ондогон киши кылмышка шектелип кармалды. Украинада президенттик шайлоо өттү. Жеңүүчү Владимир Зеленскийди дүйнө лидерлери куттуктоодо. Грузияда ГЭС курууга каршы чыккан эл менен полиция кагылышты.
Эки талапкер шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө алгач ирет кол кысышып, бетме-бет көрүштү.
Украинада террордук чабуул уюштуруу үчүн шектүү катары кармалгандардын экөөнөн Кыргызстандын паспорттору табылды.
Финляндияда жекшембидеги парламенттик шайлоодо бир да партия 20 пайыздан көп добуш ала алган жок.
Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөрүнө саналуу күндөр калды. Бирок талапкерлер ушул кезге чейин эрөөлдө бет келише элек. 14-апрелде стадионго Петр Порошенко келди, бирок Владимир Зеленский келбей койду.
2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде башкалкалап келаткан Жулиан Ассанж 11-апрелде кармалды. Элчи өзү полицияны чакырып, алып кетүүгө шарт түзгөнү кабарланат. "Викиликстин" негиздөөчүсүн кармоого Британия, өзгөчө Кошмо Штаттар кызыкдар болуп келген эле.
Финляндияда карылар үйүндөгү кыңыр иштин кесепети жакындагы парламенттик шайлоодо тийгени турат. Көптөн бери оппозицияда жүргөн партия баарынан көп добуш алышы ыктымал. Дүйнөдөгү бирден бир элине камкор өлкөдө эмне көйгөй жаралды?
Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Венесуэлада бийлик менен оппозициянын күрөшү кезектеги баскычка чыкты.
Украина президенттик шайлоонун экинчи айлампасына даярданууда. Анда куудул Владимир Зеленский менен президент Петр Порошенко күч сынашат. Экинчи айлампа 21-апрелде өтүшү керек.
Эмне үчүн Кыргызстандын Орусия менен соода алакасы коңшулардыкындай өспөй жатат? Эмне үчүн Орусиянын Кыргызстандагы айрым долбоорлорунан натыйжа чыкпай калды же чуу менен коштолууда?
Голан дөңсөөлөрүнө байланыштуу АКШ менен Түркия баштаган өлкөлөр кайрадан кайым айтышууда. Трамп "Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп таанууга убакыт келгенин" айтса, Эрдоган мындай билдирүү аймакты жаңы кризиске түртөөрүн эскертти.
Сириядагы согуш он миңдеген карапайым адамдын өмүрүн кыйды. Жарадар кылды. Миллиондогон адам мекенин таштай качты. Мындан тышкары туткун болуп, өмүрүнүн бир нече жылы кулчулукта өткөндөр бар.
Якутия (Саха) Республикасында кыргызстандык жаран аялды зордуктоого шектүү катары кармалгандан кийин кырдаал чыңалып турат. Ал жактагы борбор азиялык мигранттар – такси, автобус айдагандар, дүкөндөрдө иштегендер чочулап жумушка чыкпай жатышканын айтышты.
Борбор Азия өлкөлөрүндө чек ара маселеси отуз жылдык эгемен убакта так чечилип бүтпөдү. Чечилсе да элди нааразы кылган жагдайлар аликүнчө жөнгө салына элек. Анын бир мисалы Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда да бар.
Адам укуктарына арналган, 13-мартта жарыяланган Мамлекеттик департаменттин жылдык баяндамасы 200гө чамалуу өлкө жана аймактагы жагдайларды камтыйт. Анын ичинде Кыргызстандын абактарындагы саясатчылар тууралуу да айтылат.
Дагы жүктөңүз