Шектүүлөр чек арадан "кыргызстандыкмын" деп өтүшкөн
Украина коопсуздук кызматы өлкө аймагында террордук чабуул уюштурмакчы болгон жети кишини кармаганын 17-апрелде билдирген.
Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак жетөөнүн бири 1978-жылкы Орусиянын жараны Комаричев Алексей экенин тактады.
Ал 4-апрелде Киевде чалгын офицеринин машинесинин жанында бомбага жарылып, жарадар абалында колго түшүрүлгөн. Атайын кызматтын башчысы жарылма зат шектүү Комаричев орнотуп жатканда от алып кеткенин белгиледи. Ооруканада жаткан жеринен аны суракка алган видео көрсөтүлдү. Буга чейин ушул кылмышка шектүү ооруканада көз жумганы кабарланган. Бирок башка шериктерин кармоо үчүн атайын «өлдү» деп кабар таратылганын Грицак ачыкка чыгарды.
Кармалгандардын дагы бири 1988-жылы туулган Орусиянын жараны Тимур Мовлаевич Дзортов.
Генерал Грицак мына ушул экөөнүн жанынан башка аты-жөндөр жазылган Кыргызстандын паспорттору табылганын билдирди. Украинанын атайын кызматынын расмий сайтына ал документтердин сүрөтү чыгарылды:
*Биринчисинде паспорт 1983-жылы туулган Ломако Алексейге (Комаричев) 2015-жылдын 29-октябрында берилгени көрсөтүлгөн.
*Экинчисинде 1990-жылы туулган Кирик Русланга (Дзортов) 2016-жылдын 17-ноябрында берилгени көрсөтүлгөн.
Сурак учурунда тартылган видеодо шектүү Тимур Дзортов ал паспорттордун чоо-жайына кыскача токтолду:
«Документтер бизге Москвада, Тадж-Махал ресторанында берилген. Документ Кыргызстандын жараныныкы, паспорттогу сүрөт меники. Бирок мен Кыргызстандын эмес, Орусиянын жаранымын. Документтер калкалануу үчүн колдонулган».
Жасалма документпи?
Документтин аныктыгы, кайсы бир адамга таандыктыгы идентификациялык номери жана сериялык номери менен аныкталат. Кыргызстандын мамлекеттик каттоо кызматына байланышканыбызда маалымат катчысы Элзат Кыдырмышева буларды айтты:
«Паспорттордо көрсөтүлгөн жеке идентификациялык номурлар биздин системадан такыр өткөн эмес. Мындай ПИНдер жок. Ал эми паспорттордун серия номурларын текшергенде бул номурлар менен чындап эле паспорттор берилгени аныкталды. Бирок алар кармалган адамдарга эмес, башка кишилерге берилген. Паспорттордун бири такыр эле жараксыз деп чыгып жатат. Биз ушуларга таянып ал паспорттор жасалма деп жатабыз».
Ал эми Улуттук Коопсуздук Комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов шектүүлөрдүн биринин паспорту аныгында мурда кыргызстандык аял кишиге таандык болгонун тактады.
"Ал аял 2015-жылы Орусияга барып, иштеп жүргөндө жоготуп ийген. Учурда ал жаран Кыргызстанда. Паспорту жоголгону боюнча тиешелүү арыздарын жазган. Ал паспорт ошол аял кишинин идентификациялык номурларына туура келип атат."
"Шерменде болуп бүттүк"
Кыргыз паспорттору документ ыйгаруучу органдарда иштегендер тарабынан мыйзамсыз берилген, андан тышкары шылуундар тарабынан колго жасалган фактылар буга чейин деле ашкере болгон. Өзгөчө кармалган кримтөбөлдөрдөн, саясий качкындардан, террорго шектүүлөрдөн, Кытайдан Сауд Арабияга бараткан жүз чамалуу уйгур зыяратчыларынан табылган учурда чуу жараткан.
Кыргызстан ЕАЭБге кирип, эмгек базарына жеңилдик алгандан бери Орусияда ички паспорт – ID картаны жасатып алууга башка борборазиялык мигранттардын суроо талабы күчөгөнү айтылып эле келатат. Москвада кабарчыбыз иликтегенда ID картаны үч-беш миң рублга жасашарын айтышкан.
Москвадагы ишкер жана активист Толкунбай Акматов шылуундар жаап-жашырынбай, полициядан жазганбай калганын баса айтууда:
"Казанский, Ленинградский, Ярославский – үч вокзалдын аянты деп коебуз. Ошол жерде өзбек улутундагы 20-30дай киши жүрөт. “Документ керекпи?” деп сурашат. “Паспорт, айдоочулук күбөлүк, каалаганыңды жасайбыз, жасап берелиби” деп менин өзүмө айтышты. Менин бир таанышым айдоочулук күбөлүгүн жоготуп жиберип ошолорго жасата койгон. Анан аны полиция билип калып, камап, араң кутулуп чыкты. Алар атүгүл Орусиянын паспортун да жасашат экен."
Коопсуздук маселеси боюнча эксперттер эгер документ жасаган шылуундар Орусияда болсо ортодогу тыгыз кызматташтык аркылуу алардын изин оңой эле тапса болорун белгилеп жатышат. Алардын бири - Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитетине мүчө Тынчтыкбек Шайназаров. Депутат ортодо кылмыш иликтөө боюнча Минск, Кишинев конвенциялары бар экенин, күч түзүмдөрү тыгыз кызматташа аларын эске салды:
"Эмне үчүн башка мамлекеттердики жасалбай бир гана Кыргызстандыкы жасалат? Муну биздин күч органдары Украина менен болобу, башкалар менен болобу, тыгыз байланышта иштеп, изилдеп, чындыгына жетиши керек."
Улуттук Коопсуздук Комитетинин мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов кыргыз паспорттору, акчалары жана башка баалуу кагаздар чет өлкөлөрдө басыларын эске салып, маселени комплекстүү чечүү зарылдыгына токтолду:
"Улуттук коопсуздукка өтө терс таасир эте турган фактор бул. Чекит коюп, ушул паспорт жана башка баалуу кагаздарды өзүбүз жасай турган типографияны куруп, муну токтотпосок болбойт. Биздин паспортторду уурдабай, жасалмалай албагандай система түзбөсөк болбойт. Дүйнө жүзүнө шерменде болуп бүттүк. Башка мамлекеттер бизге ишенбей калышы мүмкүн. Эң жаманы ушул эмеспи."
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы Украинадагы шектүүлөрдүн документи жасалма дегени менен “Ошону жасагандардын бетин ачасыңарбы? Бул үчүн кандай иштер башталды?” деген сурообузга азырынча оңдуу жооп бере элек.