Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Якутия мигранттарга каршы толкуп турат


Сардана Авксентьева митингде сүйлөп жатат.
Сардана Авксентьева митингде сүйлөп жатат.

Якутия (Саха) Республикасында кыргызстандык жаран аялды зордуктоого шектүү катары кармалгандан кийин кырдаал чыңалып турат. Ал жактагы борбор азиялык мигранттар – такси, автобус айдагандар, дүкөндөрдө иштегендер чочулап жумушка чыкпай жатышканын айтышты.

Эки тарап сүйлөштү

19-мартта Кыргызстандан барган делегация Якутиянын бийлиги менен сүйлөштү. Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов баштаган топ Якутиянын президенттик администрациясынын башчысы, ички иштер министри, Тергөө комитети менен полициясынын башчылары, Тышкы миграция башкы башкармалыгынын жетекчиси менен жолугушкан.

Андан кийин кыргыз диаспорасынын жыйыны өттү.

19-марттын кечинде «Азаттык» менен телефон аркылуу маектешип жатып Самат Токтоболотов кармалган үч кыргызстандык «шектүү» статусунда экенин баса белгиледи:

- Биз аларды жамандап, «бул кылмышты кылды, күнөөлүү» дегенден алыспыз. 20-мартта эртең мененки саат тогузда ошол жигиттер кармалган жайга барабыз. Алар менен жолугушуп, иштин жагдайы кандай болгонун сурайбыз. Кандайдыр кысым көрсөтүлүп же мыйзамсыз иштер жасалып жаткан жокпу, аны сурайбыз. Иликтөө иштери кандай жүрүп жатканын текшерип, жөнгө салууга аракет кылабыз.

- Якутияда жашап-иштеген кыргызстандыктар «көчө кооптуу болуп турат, эшикке чыкпай атабыз» деп жатышат. Бийлик өкүлдөрү менен ошол көчөдөгү бейбаштарды тыюу, чара көрүү жагын талкууладыңарбы?

- Албетте, эки элдин ортосуна жик салгысы келген күчтөр бар окшойт. Ички иштер министри менен жолукканда «эгер эки-үч киши кылмыш кылса ага бүтүндөй бир элдин тиешеси жок, ошол себептен так жана кыргыз элине залакасын тийгизбей тургандай карап бергиле» деп абдан сурандык.

- Ошол эле учурда кыргызстандыктарды «жумуштарыңарга чыга бергиле, коопсуздугуңарды карайбыз» деген өңдүү пикирлер айтылдыбы?

- Биз ошондой эле «кыргыз жарандары үйүнөн жумушка чыга албай, балдарын бакчага-мектепке алып бара албай жатышат. Ошол себептен теледен чыгып биздин жарандардын коопсуздугуна кепилдик берип койсоңуз» деп ички иштер министринен сурандык. Алар «бир-эки күн бергиле, республикада болуп аткан кырдаалды тынчытып туруп, бир-эки күндө ошондой маалымат таратабыз, ошондой кийин жарандар коркпой эшикке, ишке чыга беришет» дешти.

- Сүйлөшүүлөр 20-мартта да уланабы? Анда ким менен эмне маселе тууралуу сөз болот?

- 20-мартта Москвага учабыз. Ал жактан Тышкы миграция боюнча башкы башкармалыктын жетекчилери менен жолугабыз. Федералдык деңгээлде ушул Якутиядагы кыргыз жарандарынын коопсуздугу боюнча маселени көтөрөбүз. Буюрса, кыргыздардын коопсуздугуна шек келтирбесине далил алгандан кийин анан Кыргызстанга кайтып келебиз.

Якутия мыйзамсыз мигранттарга чара көрөт

18-марттын кечинде республиканын башчысы, анын баш калаасы Якутск шаарынын мэри жана миңдеген адам катышкан митинг өткөн. Анда бийликтегилер мыйзамсыз миграция маселесин чечүүгө убада беришкен. Республиканын башчысы Айсен Николаев март-апрелде келгиндерге карата жапырт текшерүү өтөрүн, эреже бузгандар депортацияланарын билдирди.

Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева буга негиз бар экенин «Настоящее время» телеканалындагы маегинде айтты:

«Шаардыктардын суроо-талабы жогору болгон коомдук тамактануу, коомдук транспорт, такси, чачтарач кызматтарын каптаган мыйзамсыз ишкерлик көп суроо жаратып атат. Ошон үчүн шаардыктар албетте, бийликке мыйзам ченемдүү суроолорун беришти. Азыр базарыбызды эмгек миграциясынан коргош үчүн чара көрүп жатабыз».

Айсен Николаев.
Айсен Николаев.

Якутск шаарынын полиция башчысы Николай Кульбертинов атайын видео кайрылуу жасады. Анда 19-марттан мурдагы күнү да мигранттарга каршы аракеттер болгонун ырастады. Ал ошондой аракеттерди кылгандардын бир тобу кармалганын билдирди:

«Бүгүн кандайдыр чагым уланып, жаштар кыргыз улутундагылар жашылча-жемиш саткан же башка күркөлөргө кирип барып, аларга ишин токтотушу керек экенин айтышкан. Якутск шаарындагы мындай фактылар катталды, учурда полиция жаштардын бир тобун кармады. Андан мурда болуп кеткен окуяны ички иштер органдары дээрлик териштирди. Учурда ошол оор кылмышты жасагандар кармалган. Канткен күндө да биз чыдамкай адамдарбыз, элибизде арам ой жок, ак ниет. Ошон үчүн ушундай окуялардын фонунда жек көрүүнү козутпасак. Келгиле, бири бирибизди сактайлы, чыдамкай бололу».​

Коркутуу коштогон иш таштоо

Жергиликтүү «Sakhaday» басылмасы 18-мартта бир нече киши №18 автобустун шоопурун ур-тепкиге алганын кабарлады.

«Биздин маалыматка караганда 80-90 автобус ишке чыккан эмес, жалпысынан 420-430 автобус бар экенин эске алганда бул сезилерлик эле сан» деп басылмага «Бирдиктүү диспетчердик кызматтын» директору Андрей Шарыгин 19-мартта маалымдады.

Якутск, 10-январь, 2019-жыл.
Якутск, 10-январь, 2019-жыл.

«WhatsApp» жана башка мессенжерлер аркылуу борбор азиялык мигранттарды «дүкөнүңөрдү жапкыла», «кеткиле» деген өңдүү опузалаган, жакалаган, айрым учурда уруп жиберген видеолор тарап жатат. Кайсы бир видеодон тапанча көтөргөн кишини байкоого болот.

«Бир мигрант өлдү» деген кабар да тарап кеткен. Самат Токтоболотов ал маалымат ырасталбаганын Якутиянын расмий адамдары билдиргенин айтты.

Якутск шаарында таксиде иштеген Кубан Карабеков да өлүм тууралуу маалымат ушакка жакын экенин белгиледи. Ал «Азаттыкка» өзү билген жагдайды мындайча айтып берди:

«Якутск шаарында иштеген таксисттердин 90 пайызы эки күндөн бери үйүндө жатат. Бул жерде автобус айдагандар, дүкөндө жана башка тейлөө жагында иштеген кыргыздар да ишке чыкпай коюшту. Анткени жергиликтүү тургундар көчөдөн кармагандарды сабап кетип атышат. Бүгүн менин эки досумду «Столичный» базарында кийим сатып турган жеринен сабап кетишти. Бир досум полицияга арыз жазды. Экинчисине анча тийбептир, ал арыз жазган жок».

Ал эми 15 жылдан бери Якутияда иштеп келген маданият ишмери, ырчы Семетей Күрөңкеев жергиликтүү элдин баары эле мигранттарды кодулап жатат деген жаңылыштык экенин билдирди:

«Кечээги митингде эл башчыларынын сөзүн туура эмес кабыл алгандар да болду. Ошол түшүнбөгөндөрдүн тентектигинин залалы тийип жатат. Жергиликтүү музыканттар, интеллигенция буга каршы. Якут эли бүт чогулуп алып кыргыздарды кысып атат деп ойлобоңуздар. Андай эмес».

Кыргызстандагыларга өтүнүч

Аты-жөнүн айтпаган, «Якутиянын Чурапча улусунда көптөн бери жашап иштейм» деген киши «WhatsApp» аркылуу кыргызстандыктарга жана ал жактагы жаштарга мындай бир өтүнүчүн айтты:

- «Инстаграмдагы» сөздөрдүн баарын биякта котортуп окуп атышат. Кыргызстанда жашагандар «якуттар туура кылат, тиги-бу» деп колдосо ага сүйүнүп атышат. Анан арасында бир-эки эркектер «алардын колунан эмне келмек эле, тиги-бу» деп атышат. Биякта ансыз да ызы-чуу болуп атканда ошондой үгүттөгөндү токтоткула! Силер Кыргызстанда жүрөсүңөр, силерге эч ким жетпейт, бирок бул жактагыларды жанчат. Абайлап сүйлөсөңөр, ошон үчүн. Бул жактагы балдарга айтат элем, силер бүгүн келип, эртең кетип каласыңар. Бул жакта туруктуу жашагандар да бар. Үй-жайы барлар толтура. Өзүңөрдү эле эмес, ошолорду да ойлогула да!

18-мартта Орусиянын Тергөө комитети жергиликтүү аялды уурдап кетип, зордуктаган деген шек менен үчөө кармалганын билдирген. Алардын бири – Кыргызстандын жараны күнөөсүн мойнуна алганы кабарланган. Кылмыш 17-мартка караган түнү болгону айтылууда. Ушундан соң Якутияда адегенде стихиялуу, кийин бийлик уруксат берген митингдер өткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG