Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Шыкмаматов менен Текебаевдин иши каралды


Шыкмаматов менен Текебаевдин иши каралды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону уланды. Бүгүнкү соттук териштирүүдө иш боюнча айыпталып жаткан германиялык жаран Али Юкселдин адвокаты документтерди немис тилине которуу өтүнүчүн айтты. Өткөн жолку сот иши немис жаранын котормочу менен камсыз кылуу зарылдыгынан улам бүгүнкүгө жылдырылган эле. Алмамбет Шыкмаматов айыпталып жаткан Али Юксел өз укугун өз тилинде коргоого тийиш деп журналисттерге билдирди. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин карап, аны камакта калтырган чечимин чыгарды. Бүгүнкү соттук отурумда жактоочулар Текебаевди президенттик жарышка катыша турган башка талапкерлер менен тең укукта болсун деген негизде баш коргоо чарасын өзгөртүүнү соттон өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG