Бишкек шаардык соту 4-майда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын карап, аны 25-майга чейин камакта кармоо тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу 3-майда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзамдын өзгөртүү мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.
15 жаштагы Эмма Нургазиева теннис боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону. Өспүрүм кыз 20дан ашык өлкөдөгү эл аралык турнирге катышып, ийгиликке жеткен. "Азаттыктын" кабарчылары Эмманын машыгуусун көрүп, үй бүлөсүнө барып келди.