"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Өткөн аптада өзбек парламентинин вице-спикери орус тилиндеги берүүлөрдү чектөө маселесин козгогон. Орус телеканалдарын Борбор Азияда да эркин көрүүгө болот.
Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишель уюмдун мүчөлөрү Украинага кошумча 50 млрд евро жардам берүүнү макулдашканын билдирди. Жардамдын кечеңдешинен улам фронттогу украин аскерлеринин абалы оорлошкон. БУУнун Гаагадагы соту Украинанын Орусияга каршы доо арызын жарым-жартылай канааттандырды.
Майдандагы кырдаал кыйындап, чет жактардан жардам кечеңдеп жаткан маалда Украинада армиянын башкы командачысынын тагдыры көңүл чордонуна чыкты. 29-январда президент Зеленский Залужныйды отставкага кетирди деген маалымат тарап, бир нече сааттан кийин расмий өкүлдөр аны төгүнгө чыгарышты.
Илон Масктын Neuralink компаниясы адамдын мээсине чипти ийгиликтүү кадаганын, бейтап операциядан кийин эсине келип жатканын билдирди. Компания мындай ыкма психикалык мандеми бар же шал оорулууларга жардам берерин айтса, айрым адистер маселенин этикалык жагына көңүл бурушат.
Transparency International эл аралык уюму 2023-жылдагы Коррупцияны кабылдоо индексин чыгарды. Кыргызстан рейтингде 26 упай алып, өзгөчө көңүл буруш керек деген өлкөлөрдүн катарына киргизилди. Өткөн жылы Кыргызстан жалпы 100 баллдан 27 упай топтогон эле.
Президент Жо Байден америкалык үч аскердин Иорданиядагы базада дрон соккусунан каза тапканына жооп кайтарыларын эскертти. Иран ал окуяга тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагууда. Бул окуя эксперттер Газадагы жаңжал ырбап кетиши мүмкүн деп тынчсызданып турган маалда болду.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш донор-мамлекеттерди палестиналык Качкындар агенттигине жардамды улантууга чакырды.
АКШнын Нью-Гэмпшир штатында республикачылардын баштапкы шайлоосунда (праймеризде) экс-президент Доналд Трамп жеңди. Ноябрда партиянын атынан президенттик шайлоого катышуу үчүн жарышта Трамптын жападан жалгыз атаандашы Никки Хейли күрөштү улантарын билдирди.
Украинанын президенти өкмөткө Орусияда жашаган украиналыктардын улуттук нарк-насилдерин сактоого багытталган чараларды иштеп чыгууну тапшырды. Документте Орусия кылымдар бою украиндерди басмырлап, укуктарын тебелеп келгени айтылган.
Жер титирөөнүн очогу болгон Кытайда жабыркагандарга жардам жеткирилип жатат. Жергиликтүү медиа бир нече киши жараат алганын, ондогон турак жай урап калганын кабарлады. Алдын ала маалыматка караганда, адам өмүрү кыйылган учурлар катталган жок. Алматы шаарында 44 киши ооруканага кайрылганы кабарланды.
Тажикстан парламентинин депутаттары Жарандык-процессуалдык кодекстин аталышын тажикче кылып өзгөртүү чечимин кабыл алды. Эми "граждандык" (гражданский) сөзү "мадани" деп аталып калды. Бир нече жыл мурун аскердик наамдарды да тажикчелетүү демилгеси көтөрүлгөн.
Израил армиясы менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун кармаштары Газанын түндүгүндөгү Жабалиядан баштап түштүктөгү Хан-Юнис шаарына чейин уланууда. Суук түшкөнү жер которгон, чатырларда башкалкалаган бир миллиондой качкындын абалы ого бетер оорлошту.
Башкырстандын Баймак шаарында 17-январда «жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» деген берене менен экоактивист Фаил Алсынов төрт жылга кесилгенден кийин нааразылык акциясы тутанган.
Борбор Азияда көз карандысыз медиага басым-кысым, куугунтук күчөдү. Андай учурлар эмнеден кабар берет? Региондогу бийлик өкүлдөрү эмне себептен эркин журналисттерден чочулашат? Маалымат алуу жана эркин таратуу укугун чектөө кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал?
Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жакындан көз салган эл аралык уюмдар маалымат каражаттарынын кеңселеринде, алардын кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, журналисттерди суракка алган окуяларды кескин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого үндөдү.
Борбор Азия лидерлеринин 2023-жылдагы дипломатиялык жадыбалы интенсивдүү болуп, бийик деңгээлдеги жолугушуулар көнүмүшкө айланды. Борбор Азияны кимдер жана кандай максатта бооруна тарткысы келет?
ЦАХАЛ Газа тилкесин бомбалоону улантууда. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтада калган 129 киши бошотулмайынча, согуш токтобой турганын эскертти. Ал эми БУУ Газа тилкеси балдар үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу жер бойдон калууда деп билдирди.
Дагы жүктөңүз