Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Согуштун "пайдасын" көргөн жумушчу тап Путинди колдойт


Орусиядагы завод
Орусиядагы завод

Согуштун "пайдасын" көргөн жумушчу таптын Путинди колдогону таң калыштуу эмес

Орусияда согуш маалында маяналар өскөнү, жумушчу тап арасында Путинди колдогондор көбөйдү. Карнеги фондунун Евразия жана Орусия боюнча борбору 28-майдагы макаласында ушул көрүнүштү талдаган. Екатерина Курбангалеева адегенде орусиялыктардын кирешеси кандай жагдайлардан улам өскөнүн түшүндүргөн: жумушчу күчтүн тартыштыгы, аскерлерге жана үй-бүлөлөрүнө берилген ири төлөмдөр, коргоо секторунун 24 сааттык ишке өтүшү. "Ошол эле маалда жашоо сапаты жакшырып жатабы?" деген суроо жоопсуз калууда.

Автор Украинага каршы согуш ортоңку тапты катуу нес кылса, мурда жакыр жашаган катмар абалын оңдоп алууга жетишкенин белгилейт. Мамлекеттик статистикалык кызматтын расмий маалыматына ылайык, былтыр калктын реалдуу кирешеси 5,8% өскөн, ушундай эле темп быйылкы жылдын биринчи кварталында байкалган. Ал эми Салык кызматынын сандары орус мамлекетинин салыктан чогулткан кирешеси 2023-жылы 2021-жылкыга караганда 40% өскөнүн көргөздү.

Орусиядагы танк чыгарган завод. Архив
Орусиядагы танк чыгарган завод. Архив

Журналист статистикага таянып, кирешеден салык көп төккөн региондордун тизмесин келтирет. Алардын арасында согушка чейин федералдык бюджеттин гана көзүн карап отурган Чувашия, Брянск, Кострома жана башка аймактар бар.

Андан ары автор орусиялыктар ошол акчаны кандай сарптаарына кызыккан. Алар көбүрөөк акча сарптап, ошол эле маалда көбүрөөк үнөмдөп жатат. Орусиялыктар виза алуу кыйындагандыктан мурдагыдай Европага саякаттай албай калышты, кытайдын машинасын сатып алууну да бардыгы эле каалабайт.

Муну менен катар ипотекага суроо-талап жогору бойдон калууда. Журналист мунун себебин негизинен мамлекет каржылаган программаларга байланыштырат. Орусиялыктардын көбү мамлекеттин мындан аркы колдоосуна ишенип, 20 жылдык ипотека алышат. Дагы бир тенденция катары кумар оюн тармагы өнүгүп-өскөнү белгиленет.

“Мындай абалдан миллиондогон жумушчулар “утуп жатат”, - деп айтылат макалада. Согуш учурунда слесарь, ширетүүчү, кийим тигүүчү, токуучу кесиптерине талап өскөн. Маалымат боюнча ушул жана башка адистиктерде иштегендердин эмгек акысы 3, атүгүл кээ бир жерлерде 5 эсе өскөн.

Журналист курьерлер менен айдоочулардын мисалына да кайрылат. Алыс аралыкка оор машина айдагандар орто эсеп менен 180 миң рубль алышат. Бул былтыркыга караганда 38% көп. Курьерлердин маянасы айына 200 миңге чейин жетет. Салыштырып көрсөк, жакында чыккан токтомго ылайык, Илимдер академиясынын мүчөлөрү, Орусиянын алдыңкы окумуштуулары эмки жылдан 200 миң рубль айлык ала баштайт.

Автор жазгандай, ушундай чакан анализден эле согуштан күч түзүмдөрү менен аскерлерден тышкары мурда аз төлөнгөн, социалдык макамы төмөн болгон кесип ээлери пайда таап жатканын баамдоого болот.

“Эми алар жакшы маяна алып, бош орундарды толтурууну көздөгөн жумуш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттин көңүлүн бургузду”, - деп жазат журналист.

Анын пикиринде, өз алдынча ой жүгүртүүгө көнбөгөн, көз карандысыз маалымат булактарын колдоно албаган андай кишилер пропагандага көбүрөөк сугарылып калат. Путинди алар стабилдүүлүктүн кепилдиги деп билишет, бийлик туура чечимдерди кабыл алууда деп эсептешет. “Ошол топко кирген орусиялыктар арасында режимди колдоо деңгээли өскөнү таң калыштуу эмес”, - деп жыйынтыктайт макаласын журналист.

Сот иштерине кириптер болгон лидерлер: Трамп, Берлускони, Саркози

Нью-Йорк соту АКШнын мурдагы президенти Доналд Трампты документтерди бурмалоо иши боюнча күнөөлүү деп тапты. La Stampa гезити Трамп соттук териштирүүгө кириптер болгон президенттер менен өкмөт башчылардын “кеңири клубун” толуктаганын жазып, айып тагылган башка лидерлерди тизмектеп чыкты.

Италиянын экс-премьери Сильвио Берлускони салык төлөөдөн качуу, коррупция, жашы жетелектердин сойкулугу өңдүү бир катар соттук жараяндарга тартылган. Маркум 2013-жылы Mediaset компаниясынын иши боюнча салык жашырганы үчүн күнөөлүү деп табылып, социалдык кызматтарда жаза өтөгөн.

Николя Саркози сотто. 23-ноябрь, 2020-жыл
Николя Саркози сотто. 23-ноябрь, 2020-жыл

Франциянын мурдагы мамлекет башчысы Николя Саркози 2021-жылы паракорлук жана кызматынан кыянат пайдалануу беренелери менен эркинен ажыратылган. Эки жыл ага шарттуу мөөнөт, дагы бир жыл үй камагы чегерилген.

Жейкоб Зума бир топ жыл Түштүк Африканын президенти болуп турду. Ал да коррупциялык жаңжалдарга аралашканы менен белгилүү. 1990-жылдары сатылган курал-жаракка байланыштуу көз боёмочулук, паракорлук жана арам акчаны адалдоо үчүн айыпталган. 2021-жылы сотту урматтабаганы үчүн 15 айга кесилген.

Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва 2017-жылы коррупция жана арам акчаны адалдоого айыпталып, бирок 2021-жылы Жогорку сот аны кескен соттун юрисдикциясы жок болчу деп, өкүмдү жокко чыгарган. Силва акыркы президенттик шайлоодо жеңип, мамлекет башчылыкка кайтып келди.

Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе 2018-жылы 25 жылга абакка өкүм кылынган. Ага паракорлук, кызматынан кыянат пайдалануу жана шайлоо жараянына кийлигишүү айыптары тагылган.

2014-жылы Израилдин мурдагы өкмөт башчысы Эхуд Олмерт Тел-Авив соту тарабынан 6 жылга кесилген. Ал Иерусалим шаарынын мэри болуп турганда курулуш компаниясынын өкүлүнөн 150 мин евро пара алганы аныкталган. 2015-жылы Израилдин Жогорку соту Олмерттин жаза мөөнөтүн 18 ай кылып кыскарткан.

Перунун мурдагы мамлекет башчысы Алберто Фухимори адам укуктарын бузган, коррупцияга барган жана мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланган деп күнөөлөнгөн. 2000-жылы ички нааразылыкка туш болгондо, ата-бабаларынын жери болгон Японияга качып, отставкасы тууралуу арызын факс менен жөнөткөн. 2007-жылы Перуга экстрадицияланып, 2009-жылы соттолгон.

Параспортчуларды камтыган Алматы марафону

Bne IntelliNews медиа компаниясы 31-майда Борбор Азияда майыптыгы бар адамдарды спорттук иш-чараларга камтуу маселесине кайрылды. Атап айтканда, бул багытта Алматыдагы жарым марафон кантип өбөлгө түзгөнү баяндалган. 2012-жылы ишкер жана филантроп Галымжан Есенов тарабынан негизделген жарыш быйыл жетинчи ирет өткөрүлдү. Ага 8 миндей киши катышты. Андан тышкары 100дөн ашуун түрдүү спорттук иш-чаралар уюштурулуп, марафон Борбор Азиядагы ири жарышка айланып калды. Бул жылдар аралыгында Алматыда 200 миңдей киши дараметин сынап көрдү. "Виноградов XI" деген ат менен таанылган параспортчулардын тобу да ага жыл сайын катышууда.

Топту 2022-жылы чоң шаарларда майыптарга шарт түзүү ишин жүргүзгөн активист Максим Виноградов түптөгөн. Апрелдеги марафонго алар алгачкы жолу арабалар менен катышты. Макала автору мунун баары Казакстанда, жалпы эле Борбор Азияда майыптыгы бар адамдарды ири спорттук мелдештерге камтууга өбөлгө түзгөнүн жазат.

Иллюстрация
Иллюстрация

Андан тышкары Алматы марафонунун алкагында интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрү чектелген параспортчулардын жарышы боюнча дүйнө чемпионаты өткөрүлдү.

Марафонду түптөгөндөрдүн бири – бизнесмен Есенов иш-чараны бир эле жолу уюштурууну пландаган. Бирок кийин анын артыкчылыктарын көргөндө, ырааттуу өткөрүп турууну чечкен. Биринчи жолу жарышка 2 жарым миң киши катышса, азыр жылына 50дөн көп өлкөдөн 15 миңден ашуун киши келип калды.

Экинчиден, уюштуруучулар айлана-чөйрөнү коргоого да көңүл бурушат. Алар бир жолу колдонулчу буюмдарды пайдаланышат, документтерди электрондук түрдө жүргүзүшөт, таштандыны иргеп жыйнашат.

Макалада айтылгандай, Алматынын көчөлөрүндө жөө кулүктөрдү барган сайын көбүрөөк көрүүгө болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG