Оппозиция, катардагы жарандардын калың тобу "Орусияныкынан көчүрүлгөн" деген долбоорго каршы акцияларды бир нече жумадан бери өткөрүп келатат. Бир катар укук коргоо уюмдары грузин бийлигин элдин өз пикирин тынч билдирүү укугун урматтоого чакырып, карапайым элге каршы күч колдонууну сындашууда.
Грузин парламентинде эң жогорку чектеги коопсуздук чаралары киргизилди. 14-майдын кечинен тартып имаратка атайын уруксаты бар адамдар гана кире алат. Полиция мындай кескин чара нааразылык акциясына байланыштуу көрүлүп жатканын билдирди.
Анын алдында парламентте "чет элдик агенттер" жөнүндө чуулгандуу мыйзам долбоорун 84 депутат колдоп, 30у каршы добуш берди. Документ каралып жатканда мыйзам чыгаруучулар мушташа кетти.
“Азаттыктын” грузин кызматынын маалыматына ылайык, полиция парламенттин имаратынын жанында өтүп жаткан акция “мыйзамда каралган нормалардын чегинен чыгып, зомбулук менен коштолгонун” билдирди.
Кабарчылар полициянын күжүрмөн даярдыктагы бөлүгү имаратты толугу менен курчоого алганын, борбордук Руставели проспектисине суу бүрккөн машиналар токтоп турганын маалымдашууда.
Анын алдында полиция парламенттин айланасындагы жолдорду бууп салган.
Полиция дүйшөмбүдө кармалган 20 кишини майда бейбаштыкка жана тартип коргоочуларга баш ийбегени үчүн айыптады. Арасында АКШнын жана Орусиянын жарандары бар экени кабарланды.
Мыйзам долбооруна каршы акциялар Грузияда бир нече жумадан бери уланып келатат. Буга чейин да катышуучуларга суу бүркүп, желим ок менен атып, түрдүү чагымчыл топторду пайдаланышканы кабарланып келген. Айрым катышуучулар кол салуулар болуп, коркутуулар түшкөнүн айтышууда. Бирок бийлик андай айыптоолорду четке кагууда.
Мыйзам кабыл алынгандан кийин Европарламенттин төрайымы Роберта Мецола Х социалдык тармагына пост жарыялады.
“Тбилисиге кулак салып, көрүп жатабыз! Көчөлөргө чыккан грузиндер Европаны эңсешет. Алар Европанын желегин сыймыктануу менен желбиретип турушат. Келечегин Европадан көрүшөт. Европалык стандарттар менен баалуулуктарга умтулушат. Биз грузин эли менен биргебиз!"
Бириккен Улуттар Уюмунун Грузиядагы өкүлчүлүгү талаштуу мыйзамдын парламентте жактырылышына камтамасын билдирди:
“Мыйзамды кабыл алуу сөз эркиндигине жана жарандардын эркин чогулуу укугуна коркунуч жаратат, демократиянын түркүгү болгон жарандык коомдун жана маалымат каражаттарынын ишине тоскоолдук түзөт. Бул мыйзам андан тышкары жарандык коомдун маанилүү социалдык кызматтарды көрсөтүүсүнө бут тосмокчу”.
Уюм муну менен катар митингдер учурунда жана андан кийинки зомбулук, коркутуп-үркүтүүлөр тууралуу маалыматтарды иликтөөгө чакырды.
"Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" деп аталган мыйзам долбооруна ылайык, каржылоосунун 20% көбү сырт жактан алган уюмдар каттоодон өтүшү зарыл болот.
Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы мыйзам чет өлкөдөн акча алган бейөкмөт уюмдарды каржылоонун ачыктыгын камсыздоону көздөгөнүн айтканы менен оппозиция жана мыйзамга каршы чыккандар документ "Орусияныкынан көчүрүлгөн, грузиндердин Еврошаркетке кошулуу үмүтүнө балта чабат" деп кооптонушат.
Грузиядагы бир катар бейөкмөт уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары “чет өлкөнүн кызыкчылыгын жактайт” деп каттоодон өтпөй турганын, андай макам кемсинтерин айтышууда. Муну менен калың элге кызмат кылган уюмдардын бир бөлүгү ишин токтотууга аргасыз болмокчу.
Эл аралык өнөктөштөр “чет элдик агенттер” мыйзамын кабыл алуу жана Грузиянын евроинтеграциясы бири-бирине төп келбесин эскертүүдө.
“Грузин кыялы” партиясынан депутат Николоз Самхарадзе "Франс пресс" агенттигине берген интервьюда мыйзам Орусияга эч кандай тиешеси жоктугун, партия өлкөнүн Европа менен интеграциясын жактарын айтты:
"Минтип орусиялык мыйзам деп жаманатты кылуу, айыптоо конструктивдүү диалогго алып келбейт. Себеби долбоордун Орусиянын мыйзамдарына эч кандай тиешеси жок".
Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "тышкы күчтөр Грузиянын ички иштерине кийлигишүүдө" деп айыптады:
"Бир четинен Грузиянын жетекчилиги дүйнөдөгү калган мамлекеттердей эле өз өлкөсүнүн ички иштерине башкалардын ачыктан ачык аралашуусунан чечкиндүү коргоону көздөйт. Экинчи жагынан, тышкы күчтөр Грузиянын ички иштерине кийлигишип жатканына күбө болуудабыз"
Өткөн жылы ири нааразылыктан улам башкаруудагы партия мыйзамды кабыл алуудан баш тартып, бир жылдан кийин кайрадан аны күн тартибине алып чыккан. 13-майда парламенттеги укук комитети документти 67 секундада жактырды.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили мыйзамга вето коерун эскертип келатат.
Нааразылыкка студенттер кошулду
Дүйшөмбүдө бир нече университеттин студенттери нааразылык иретинде сабакка жапырт катышпай койду.
Тбилисидеги Мамлекеттик университетте окуп жүргөн кыргызстандык Бермет Эгембердиева жаштар башынан эле нааразылык акцияларына жигердүү катышып жүргөнүн айтып берди:
"Бүгүнкү күндөн тарта 20 чакты окуу жайдын студенттери каршылык иретинде сабакка катышпай жатышат. Окууга барбай үйлөрүндө отурган жок, митингдерге кошулуп, өз позициясын билдиришүүдө. Көпчүлүк мугалимдер сабакка катышпаган студенттерди жазалашкан жок. Адатта профессор окуучуларды 15 мүнөт күтсө, азыр андан да узак убакыт күтүүгө, сабактарды башка күнгө которууга даяр. Бул студенттердин акциясын колдоп жатышат дегенге жатпайт. Жаштардын өз пикирин, нааразылыгын билдирүү укугу бар деп эсептешет. Мен бул күндөрү көп студенттер менен сүйлөшүп жүрөм. Алар (Тбилисидеги) Руставели көчөсүнө күнүгө барышат. Митингге катышпайм деген студентти жолуктура элекмин. “Биз чарчабайбыз, биз акырына чейин турабыз” дешет. Грузин жаштары бул мыйзамды "артка кадам" деп эсептешет. Мен азыр эле бир профессор менен сүйлөшүп калсам: "СССРге кайтып келген болобуз, биринчиден, бул Орусиянын мыйзамы, экинчиден, Евробиримдикке талапкер деген макамын алган Грузиянын шаркетке кошулуусуна чоң тоскоолдук болуп калышы мүмкүн", - деди. Негизи биз Кыргызстанда андай мыйзамга каршы болгондой эле, грузиндер да анын маанисине, мазмунуна каршы болууда".
Өткөн ишембиде Тбилисиде "Европа жүрүшүнө" он миңдеген кишилер чогулду. Айткандай эле, кээ бир катышуучулар мыйзам кабыл алынган күндө да октябрдагы парламенттик шайлоого чейин митингдерди улантышарын билдиришти.
Мындай масштабдуу акцияларга карабай, премьер-министр Ираклий Кобахидзе 12-майдагы маалымат жыйында "грузин коомунун эркин чагылдырган" мыйзам жакынкы күндөрү парламентте үчүнчү окууда кабыл алынат деп ишенерин билдирди. Өкмөт башчы "зомбулук жазасыз калбайт” деп, митингдерге чыккандарга эскертүү жасады.
Орусияда бул өңдүү мыйзам маалымат каражаттарын, жарандык активисттерди жана оппозициячыл саясатчыларды куугунтуктоого жол ачкан.
"Грузиянын Европада болушун каалайм. Эртең Орусияда болуп калгым келбейт. Биздин муунду жаркын келечек күтөт деп үмүттөнөм. Мен Орусияда эмес, Европада билим алгым келет. Чындап эле абдан коркуп турам. Бизди мынчалык коркуткудай бул мыйзам силерге эмне үчүн ушунчалык керек деп өкмөттөн сурагым келет", - деп айткан Тбилисидеги митинге чыккан Лака аттуу студент.
Батыштагы саясатчылар сөз болгон долбоор европалык баалуулуктарга жана нормаларга төп келбесин айтып, аны кабыл алуу Грузияны Еврошаркеттен алыстатарын эскертишүүдө.
Президент Саломе Зурабишвили жекшембиде тынч акциялардын катышуучуларын колдоп, өкмөттү жана "Грузин кыялы” партиясынын лидерлерин көчөлөргө чыккан жарандардын пикирин эске албаганы үчүн сындады. Мамлекет башчы мыйзам үчүнчү окууда жактырылса, ага вето коёрун эскертип келатат.
"Азаттыктын" грузин кызматы жазгандай, өлкөнүн Конституциясында парламент президенттин алымча-кошумчаларын канча убакытта карашы керектиги так аныкталган эмес.
"Грузин кыялы" партиясын орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвили негиздеп, көп жыл башкарган, ал бир жылдай өкмөттү да жетектеп турган.