"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
6-12-майда дүйнө басылмаларында жарыяланган айрым макалаларга сереп.
Орусияда Жеңиш күнү үчүнчү жолу Украинадагы согуш уланып, шаар-кыштактар аткыланып, бейкүнөө адамдар каза таап жаткан чакта белгиленүүдө. Аналитиктер бул майрам Орусияда эбак эле саясатташып, аскердик күчүн даңазалоо күнүнө айланганын, тарыхый эс тутум пропагандага алмаштырылганын айтышат.
Коопсуздук маселелерине, Кытай бийлиги менен байланыштарына карабай, көзөмөл камераларын чыгарган дүйнөдөгү эки ири өндүрүшчү Борбордук жана Чыгыш Европага өз продукциясын көбүрөөк сатууда.
Газадагы согуш жетинчи айга аяк басты. Израил тилкени аткылап жаткан чакта газалыктар эпидемиялардын жайылуу коркунучуна туш болду. Ал арада Катарда ок атууну токтотуу сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Бирок бул жолу да тараптар мунасага келе алабы деген суроо ачык калууда.
АКШда жайгашкан Уйгурлардын адам укуктары долбоорунун маалыматына караганда, расмий статистикада Шинжаңда 2017-2022-жылдар аралыгында 578 миңден ашуун киши кылмыш жообуна тартылганы айтылып жүрөт.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал чыңалган бойдон калууда. Ондогон жыл бою “көмүскө кармашып келаткан” Израил менен Ирандын тиреши мурда болуп көрбөгөндөй курчуп, Ислам жумурияты биринчи жолу өз аймагынан Израилге сокку урду.
Армениянын премьери Никол Пашинян өлкө эмне себептен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда (ЖККУ) кала бергенин түшүнбөй турганын, альянс үмүт артуучу механизмге айланбаганын билдирди. Буга чейин Армениядагы орусиялык чек арачылар, Тоолуу Карабактагы бейпилдик контингенти чыгарылары маалымдалган.
15-21-апрель аралыгында дүйнөлүк басма сөзгө чыккан баяндарга сереп.
“Крокус Сити Холлго” кол салгандар орус куралдуу күчтөрүндө катталган автоматтардан ок аткан. Бул тууралуу “Важные истории" басылмасы материал чыгарды. Журналисттердин маалыматында, шектүүлөр Калашников автоматтарын (АК) колдонгон. Бир модели 2018-жылы гана массалык түрдө өндүрүлө баштаган.
18-апрелде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын журналисти Алсу Курмашеванын камалганына жарым жыл болду. Көптөгөн эл аралык укук коргоо уюмдары ага коюлган айыптарды "саясий" деп атап, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына басым көрсөтүү катары баалап жатышат.
Орусия бир нече жумадан бери артиллериялык, ракеталык, дрон чабуулдарын күчөттү. Киев абадан коргонуу системасы үчүн курал-жарак, ок дары түгөнүп баратканын кайталап, АКШдан жардам пакетин тезинен бекитүүнү суранып жатат.
Украинанын бийлиги да, аскердик командачылыгы да фронттогу абал соңку күндөрү татаалдашып баратканын айтууда. Орусиянын армиясы украин аскерлеринин позицияларына жана жарандык жайларга чабуулун улантууда.
Сексенден ашуун ирандык жана эл аралык укук коргоо уюмдары 10-апрелде Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, Ислам жумурияты маңзатка байланышкан кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартууну токтотсо гана кызматташууну улантуу шартын коюуга чакырышты.
Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилеп жатышат. Ачарчылык коркунучу тооруган анклавдын тургундары майрамдоого шарты да, маанайы да жоктугун айтышат. Анын үстүнө Израил аскерлеринин чабуулдары токтобой жатат. АКШнын президенти Израил премьеринин Газадагы саясатын “катачылык” деп атады.
Казакстандын суу каптаган бир нече аймагынан он миңдеген киши көчүрүлдү. Миңдеген турак жай суу астында калды. Жергиликтүү тургундар суу жакында тартылбай турганына камтама болсо, адистер мындай абалга табигый себептери менен гидротехникалык объектилердин абалы да түртку болгонун белгилешет.
Ооганстандын түндүгүндө Коштөбө каналын куруу иши уланууда. Бул – Талибан жетектеген өкмөттүн эң ири инфраструктуралык долбоору. Курулуш аяктагандан кийин 285 километрлик канал кургакчылыктан жапа чеккен ооган дыйкандарын суу менен камсыздап турмакчы.
Бейшембиге караган түнү орус аскерлери Харьковго кайрадан дрон менен чабуул койгондо төрт киши каза тапты. Бийлик бир нече убакыттан бери бутага алынып келаткан Украинанын экинчи ири шаарын эвакуациялоо азырынча күн тартибинде турбаганын маалымдады.
Шаршембиде Тайванда акыркы 25 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болду. Магнитудасы 7,4кө жеткен зилзаладан расмий маалыматка караганда тогуз кишинин өмүрү кыйылды, 900дөн ашууну жабыркады. Бийлик бери дегенде 26 имарат урап калганын билдирди.
Дагы жүктөңүз