"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Орусияда оппозициялык саясатчы, Коррупция менен күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный пенсия реформасына каршы акция өткөргөнү жатат.
Грек жана македон тышкы иштер министрлери соңку жумурияттын аталышын өзгөртүү боюнча келишимге кол коюшту.
Өткөн айда кызматтагы жаңы мөөнөткө расмий киришкен президент Владимир Путин бейшембиде 16-ирет түз эфирде орусиялыктардын суроосуна беш саат бою жооп берди. Президент менен түз байланыш маалында экономика, ички жана тышкы саясат, социалдык маселелер, күнүмдүк турмушка байланышкан суроолор берилди.
Италиянын жаңы премьер-министри Жузеппе Конте анын өкмөтү мыйзамсыз иммиграцияга чекит коюуга жана Орусия менен алакаларды бекемдөөгө артыкчылык берерин билдирди. Бир нече күн мурда Австрияга аттанардын алдында президент Владимир Путин Москва Орусия менен жакын алакаларды жактаган оңчул, популисттик партияларды колдоо менен Европанын бөлүнүп-жарылуусун көздөйт деген дооматтарды четке каккан.
Гватемалада жанар тоонун атылышынан өлгөндөр көбөйүп, 70 кишиге жакындады. Жекшембиде Фуэго вулканы акыркы 40 жылда болуп көрбөгөндөй күч менен атылган. Бийликтин маалыматына ылайык, 3 миңдей киши коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Президент Жимми Моралес табигый кырсыктан жабыркаган аймактарда чукул кырдаал жарыялады.
Казакстан парламентинин Жогорку палатасы – Сенат президент Нурсултан Назарбаевге өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектөө укугун бекиткен түзөтүүлөрдү жактырды.
Италияда төрт күндөн бери өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Жузеппе Конте жаңы кабинет куруу аракетинен баш тартып, өлкө кайрадан саясий кризиске кептелди. Убактылуу премьерди дайындаган президент Сержио Матарелла эми эрте шайлоо өткөрүүнү жарыялайт деп күтүлүп жатат.
Жекшембиде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Босния-Герцеговинанын борбору Сараеводо митинг өткөрдү. Буга чейин бир катар европалык өлкөлөр андай иш-чараларга өз аймактарында уруксат бербей койгон.
Иран өзөктүк келишимди кайра караштырбайт. Мындай билдирүүнү тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жасады. Швеция академиясындагы жаңжалдан улам быйыл Адабият боюнча Нобель сыйлыгы тапшырылбайт. Вашингтон Бээжиндин Түштүк-Кытай деңизиндеги милитаризация аракетине жооп кайтараарын эскертти.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жылына жер жүзүндө 7 миллиондой киши абанын булганышынан көз жумат деп билдирди. Алардын басымдуу бөлүгү Азия жана Африканын жакыр өлкөлөрүндө жашайт. Дүйнөдө 10 кишинин тогузу булганыч аба менен дем алат.
Эрдоган Өзбекстан менен мамиле “стратегиялык деңгээлге” жеткенин билдирди.
Кабулда бүгүн эртең менен болгон кош жардыруу 25 кишинин өмүрүн алып кетти.
Тажик бийлиги ЖЭБ куруп берген ТВЕА компаниясына бир нече алтын кенин берүүгө даяр.
Армениядагы он бир күндүк нааразылыктан кийин Серж Саргсян кызматтан кетүүгө аргасыз болду.
Арменияда өкмөт башчыга каршы нааразылык акциясы 10 күндөн бери токтобой жатат.
Серж Саргсяндын өкмөт башчылыкка шайланышына каршы митингдер бир жумадан токтобой жатат.
Роскомнадзор Telegram социалдык түйүнүн Орусиянын аймагында жабууга киришти.
"Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг АКШ сенатында мыйзам чыгаруучулардын суроолоруна жооп берди.
Москванын сыртындагы Волоколамск шаарында жүздөгөн киши таштандылар талаасын жабууну талап кылышты
Орусия менен Батыш мамлекеттеринин ортосунда тутанган дипломатиялык тирешүү уланууда.
Дагы жүктөңүз