Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Кремль: Вашингтон менен мамиле оңолушу күмөн


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Кремлдин расмий өкүлү АКШдагы шайлоого реакциясын билдирип, "Вашингтондун Москва менен мамилелери азыркыдан начарлай албайт, оңоло турган түрү да көрүнбөйт" деген пикирин ортого салды.

Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 6-ноябрдагы шайлоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү болуп калгандан кийин билдирүү жасады.

Санак демократтар Конгресстин төмөнкү палатасы - Өкүлдөр палатасын өз көзөмөлүнө алаарын көргөзүүдө. Республикачылар Сенаттагы үстөмдүгүн бир аз бекемдеп алышты.

Айрым талдоочулар шайлоонун жыйынтыгы АКШ-Орусия алакаларын кыйындатышы мүмкүн экенин айтып келишкен. Песков “эки өлкөнүн мамилелери ансыз да оңой эмес” деп 7-ноябрда билдирди:

- Дээрлик ишенимдүү түрдө болжолдосок, Орусия-Америка мамилелерин жөнгө салуунун келечеги анча жакшы эмес.

Муну менен бирге Кремлдин өкүлү “бул - биз диалогго умтулбайбыз же диалогду каалабайбыз деген сөз эмес. Көптөгөн маселелерде – стратегиялык туруктуулук же куралды көзөмөлдөө болобу, тараптардын сүйлөшүүсү керек” деп кошумчалады.

Капитолий.
Капитолий.

Эки палатада тең республикачылар үстөмдүк кылып турган кезде Конгресс Крымдын аннексиясы, Донбасстагы кырдаал боюнча бирдиктүү позицияны карманчу. Атап айтканда, Украинанын курамындагы жарым аралды аннексиялоо мыйзамсыз деп таанылып, АКШ “Орусия Крымды кайтармайынча, санкциялар кала берет” деп айтып келген.

Ушул позициядан улам, Орусияга каршы бир нече ирет санкциялар жарыяланган. Конгресс болсо президент Доналд Трампка ал чараларды өз алдынча алууга тыюу салган.

Сыягы, эмки жылдын январында Өкүлдөр палатасы демократтардын колуна өткөндөн кийин Орусияга каршы санкциялардын басымдуу бөлүгү күчүндө кала берчүдөй. Анын үстүнө палатанын Тышкы иштер жана Куралдуу күчтөр комитеттерин жетектейт деген талапкерлер – Элиот Энгел менен Адам Смит экөө тең Кремлди сындап жүрүшөт.

Кремлдин басма сөз катчысы Орусия АКШ салган санкцияларды мыйзамсыз деп эсептей тургандыгын кайталады:

- Кошмо Штаттар Орусияга каршы киргизген чектөөлөрдү мыйзамсыз деп эсептейбиз жана келечекте ошондой кадамдар жасалса, аларды да мыйзамсыз деп санайбыз.

Вашингтон менен Москванын мамилелери Орусиянын Украинанын чыгышында болуп жаткан согуштагы ролу, мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды ууландыруу жана башка талаш-тартыштардан улам кийинки убакта кескин начарлаган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Москва менен алакаларды жакшыртууга үмүттөнөрүн айтып жүрөт. Бирок анын президенттигине Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишүүсү тууралуу иликтөө көлөкө түшүрүп келатат.

Баса, Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин Париждеги жолугушуусу кыска эле болору 7-ноябрда маалымдалды. Буга чейин 11-ноябрда Биринчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралар маалында эки лидердин саммити уюштурулаары айтылып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG