Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Журналистти өлтүрүүгө шектүү Германияда кармалды


Виктория Маринова.
Виктория Маринова.

Германиянын полициясы болгариялык журналист Виктория Маринованы өлтүрүүгө байланышы бар деген кишини кармады. Бул тууралуу Болгариянын бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Болгариянын ички иштер министри Младен Маринов шектүү адам болгар бийлигинин өтүнүчү менен шейшемби күнү кармалганын басма сөз жыйынында билдирди.

- Тергөөнүн жүрүшүндө ал адамдын кылмышка тиешеси бар экенин түздөн-түз далилдеген жетиштүү фактылар топтолду. Шектүү адамдын ДНКсы менен маркумдун денесинде табылган ДНК бирдей болуп чыкты, - деди ал.

Министр тергөөчүлөр Маринованын ата-энеси жана жакындары менен сүйлөшкөнүн, "киши колдуу болушуна анын журналисттик ишмердигинин тиешеси жок" деген болжолдуу жыйынтык чыгарылганын кошумчалады.

Иликтөө программаларынын алып баруучусу, тележурналист Маринованын сөөгү 6-октябрда Болгариянын түндүгүндөгү Русе шаарындагы паркта табылган. Полиция 30 жаштагы маркум катуу сабалып, зордукталып, андан соң муунтуп өлтүрүлгөнүн билдирген.

Кармалган шектүү адам Болгариянын жараны, ошол эле шаардын тургуну Северин Красимиров болуп чыкты. Буга чейин ал металл уурдаганы үчүн соттолгон.

Министр шектүү Красимировго айып коюлганын, ушу тапта анын экстрадициясын күтүп жатышканын билдирди.

Буга чейин болгар маалымат каражаттары шектүү адам кылмыштын эртеси, 7-октябрда энеси жашаган Германияга кеткенин жазышкан. Ал эми Маринова иштеген TVN каналы "ал адам журналистти таанычу эмес" деп билдирген. Маринова менчик каналдын жетекчилер тобуна кирчү.

Мунун алдында 9-октябрда кылмышка шектүү катары кармалган румыниялык киши далилдер жетишсиз болгондуктан коё берилди.

Өткөн айдагы берүүсүндө Маринова Европа Биримдиги бөлгөн фонддон акча уурдоо фактыларын иликтеген журналисттер жөнүндө баяндаган. Ал ишке болгариялык ишкерлер менен саясатчылар аралашканы айтылып келген. Сөз болгон эки журналист сентябрда бир нече күнгө кармалып коё берилген.

Маринованын өлтүрүлүшү Болгарияда гана эмес, Еврошаркетте да катуу резонанс жаратып, София өкмөтүн кылмышкерлерди тезирээк табууга чакырыктар ташталып келатат.

- Биздин бийликке эл эч ишенбей калган. Тергөөнүн жыйынтыгы кандай болбосун, калк ага ишенбейт. Себеби эл өзүн жетиштүү корголбогондой сезип калган. Сыртка чыкканда же үйүндө болобу, коопсуздукта сезишпейт, - дейт болгариялык адвокат, Аялдардын улуттук клубунун жетекчиси Кристина Петкова.

Маринова - акыркы бир жылда Евробиримдикте киши колдуу болуп өлгөн үчүнчү журналист. Былтыр октябрда Малтада Дафне Каруна Галисиянын машинесин жардырышкан, быйыл февралда словакиялык Ян Куциакты атып кетишкен. Экөө тең коррупциянын бетин ачкан материалдарды даярдап жүрүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG