"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен бери үч жыл өттү. Кан төгүү менен коштолгон ал окуя өлкөнү кантип өзгөрттү? "Гүленчилер" делген адамдардын маселелеси түрк-кыргыз мамилесине канчалык кедергисин тийгизип жатат? Туризм Кыргызстандын улуттук экономкиасынын уюткусу боло алабы?
Британия Иранга Гибралтардагы танкерге байланышкан кризистен чыгуунун жолун сунуш кылды.
Бейшемби күнү Москвада Жогорку сот "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп соттолгон төрт крым татарынын апелляциялык арызын карап жаткан маалда имараттын сыртына чогулган 50дөн көп кишини полиция кармап кетти. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» укук коргоо уюмунун активисттери маалымдашты.
Грузияда оппозициялык «Рустави-2» телеканалынын алып баруучусу Георгий Габуния Орусия президентин оозго алгыс, ыплас сөздөр менен сөккөндөн кийин канал бир нече саатка берүүлөрүн токтотуп койду.
Кыргызстандагы соңку окуяларга чет өлкөлүк талдоочулар да көз салууда.
Гонконгдун башчысы Кэрри Лэм өкмөттүк имаратка коюлган чабуулду айыптады.
АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен “өтө жакшы” мамилелерин кубаттады.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги былтыр дүйнө жүзүндө уруштардан, куугунтуктан же башка зомбулуктан 71 миллиондой киши башка жерлерге кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.
Чернобыль атомдук станциясында мындан 33 жыл мурун болгон апаат тууралуу баяндаган сериал чыккандан бери ал жакка барууну каалаган туристтер 30-40 пайызга көбөйдү.
Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында шайлоого нааразылык билдирип чыккан 700дөй киши кармалып, айрымдары башка облустарга жеткирилди. Канада океандарды таштандыдан коргоо максатында 2021-жылга чейин бир жолу пайдаланчу желим буюмдарга тыюу салганы жатат.
Гонконгдун жүз миңдеген тургуну жекшембиде Бээжиндин талабы менен жарандарды Кытайга экстрадициялоого каршы нааразылык акциясына чыкты. Учурда талкууланып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, ал адамдарды Кытайга, Макаого жана Тайванга экстрадициялоого жол ачат.
Түндүк жана Түштүк Америкадагы 12 мамлекет Венесуэланын президенти Николас Мадурону колдогон өлкөлөрдү кризисти жөнгө салуу жараянына катышууга чакырды. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй бийликтеги Консерваторлор партиясынын жетекчилигинен кетти.
Нормандияда Батыш Европаны нацисттерден бошотууга салым кошкон операциянын 75 жылдыгы белгиленип жатат. 105 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын миграциялык мунапысына илинди.
Орусиянын Калининград облустук бийлигинин чечими менен мечит бузулду.
4-июнда Киев соту беш жаштагы баланы өлтүрүүгө шектелген эки полициячыны 60 күнгө камакка алууну чечти. Переяслав-Хмельницкий шаарында болгон окуядан кийин Киев облусунун полиция башчысы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазып, аны жаңжал жүрүп жаткан Донбасска жөнөтүүнү суранды.
Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында студенттердин нааразылык акциясынын аёсуз, күч менен басылганына туура 30 жыл болду.
Кремль Санкт-Петербургдагы эл аралык форумга үй камагында отурган Майкл Калвинин катышуусун каалайт. Бул тууралуу 3-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. "Baring Vostok" инвестициялык фондунун негиздөөчүсү Калви көз боёмочулук үчүн айыпталууда. Ишкер өзү күнөөсүн танууда.
АКШ президенти Дональд Трамптын Лондонго жасаган сапарын утурлай анын Британиянын кийинки премьер-министри ким болоору жана Брекзит тууралуу айткан сөздөрү британ коомунда сынга кабылды. Шинжаңдык казак Сайрагүл Сауытбай башпаанек ала албай үй-бүлөсү менен Казакстандан чыгып кетти.
Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдел Азиз эл аралык коомчулукту “Иран режиминин башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүн токтотуу үчүн” болгон чараларды колдонууга чакырды.
Европалык дипломаттар Сербия менен Косовонун ортосундагы чыр Балкандагы ансыз да оңой эмес кырдаалдын курчушуна алып келерин эскертишүүдө.
Дагы жүктөңүз