Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:18

Араб өлкөлөрү Иран менен чыңалууну талкуулашты


Салман бин Абдел Азиз
Салман бин Абдел Азиз

Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдел Азиз эл аралык коомчулукту “Иран режиминин башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүн токтотуу үчүн” болгон чараларды колдонууга чакырды.

Падыша Салман бин Абдел Азиз "Иран ядролук курал, ракета программаларын өнүктүрүү менен регионалдык жана глобалдык коопсуздукту коркунучка кептеп жатат" деди:

"Иран режиминин региондогу кыянат аракеттерине тоскоол болчу так жана чечкиндүү чаралардын жоктугу биз бүгүн күбө болуп жаткан чыңалууга алып келди. Эл аралык коомчулукту тынчтыкка жана коопсуздукка туулуп жаткан коркунучту алдын алууга, Иран режиминин башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүн токтотуу үчүн бар чараларды колдонууга чакырам".

Салман ошондой эле Иранды "террорчуларга башпаанек берүүдө жана эл аралык суу жолдоруна коркунуч жаратууда" деп айыптады.

Майдын орто ченинде Оман деңизинде төрт кеме, анын ичинде Саудиянын эки мунай танкери «диверсиялык чабуулга» кабылганы, падышалыктын мунай чыккан Янбу шаарына сокку уруу аракети жөнүндө кабарланган. Курамына АКШ да кирген беш өлкөнүн эксперттеринен турган топ ал окуяны иликтеп жатат.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бир нече күн мурун мунай танкерлерине жасалган чабуулдун артында Иран турары «дээрлик анык» деп билдирди.

Перс булуңундагы өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңешинин лидерлери жана Араб лигасынын мүчөлөрү Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттарынын өз кызыкчылыктарын коргоо укугун колдошоорун билдиришти.

Ошол эле маалда Ирак ал коммюникеге каршы чыкты. Президент Бахрам Салих Ирандагы стабилдүүлүк бардык мусулман жана араб мамлекеттеринин кызыкчылыгына төп келерин айтты.

"Ирандын коопсуздугу бутага алынбайт деп үмүттөнөм. Себеби биздин 1 400 километр чек арабыз бар. Кошунабыз менен алака түзгөнбүз".

Ирак лидери АКШ менен Иран ортосунда ортомчу болууну да сунуш кылды.

Тегеран танкерлерге чабуул коюуга эч кандай тиешеси жоктугун айтып келатат. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 26-майда анын өлкөсү Перс булуңундагы бардык кошуналар менен тең салмактуу мамиле курууну кааларын билдирген:

"Иран Ислам жумурияты региондогу өлкөлөр менен диалог жана кызматташтык жөнүндө бир нече сунуш берген. Ошондой сунуштардын биринде коңшу мамлекеттер менен чабуул койбоо тууралуу келишимге кол коюу каралган. Ал сунуш күчүндө кала берүүдө".

Меккедеги жолугушуулар Тегеран менен Вашингтондун өз ара мамилелери да курчуп турган маалда өттү.

АКШ президенти Дональд Трамп АКШ Иран менен дүйнөдөгү алты алдыңкы мамлекет кол койгон ядролук келишимден чыкканын жарыялагандан кийин курчуп кеткен. Андан бери Вашингтон Иранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирип, дагы жаңы чектөөлөрдү киргизди.

АКШ Иран тараптан коркунуч жаралып жатканын айтып, регионго учак ташыган аскердик кеме менен кошумча жоокерлерин жөнөттү.

Бул Иран менен Кошмо Штаттардын ортосунда согуш тутанып кетиши мүмкүн деген кооптонууларга жем таштады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG