"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-майда согуш аракеттери жүрүп жаткан Донбасска барып кетти.
Европа парламентине шайлоонун баштапкы жыйынтыктары биримдиктеги тенденцияларды чагылдыргандай болду.
Украинада жаңы президент кызматка киришти. Саясий тажрыйбасы жок мурдагы куудул Зеленскийди кандай сыноолор күтүүдө? Кыргызстанда да системадан сырткаркы лидер бийликке келиши мүмкүнбү? Тажик түрмөсүндөгү тополоңдо 32 киши өлдү.
Украинада президент Владимир Зеленский парламентти таркатуу жана эрте шайлоону 21-июлда өткөрүү тууралуу буйрукка кол койду.
Украинада жаңы президент ант берип, ишке расмий киришти. 41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский инаугурациялык сөзүндө Донбасста орусиячыл жикчилдер менен жүрүп жаткан урушту токтотууга артыкчылык берилерин айтты.
Тайвандын парламенти бир жыныстагы түгөйлөрдүн баш кошуусуна уруксат берди. Кытай өз провинциясы деп эсептеген арал ошентип "гейлердин никесин мыйзамдаштырган" Азиядагы биринчи жер болуп калды.
Бээжин кайсы бир өлкөлөрдүн кытайлык компанияларга бир тараптуу түрдө санкция салуусуна каршы. Мындай билдирүүнү 16-майда Соода министрлиги жасады. Анын алдында АКШ Кытайдын "Huawei" компаниясын улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп "кара тизмеге" киргизген.
АКШнын Алабама штатында бойдон алдырууну дээрлик толугу менен тыйган мыйзам жактырылды. Губернатор документке кол койсо, мыйзам алты айдан кийин күчүнө кирет.
Грузиянын мурдагы президенти Георгий Маргелашвили кызматтан кеткенден кийин үйүн туристтерге ижарага берип киреше табат.
Европа биримдиги Иран менен өзөктүк келишимди мурдагыдай эле колдоорун билдирди. Тажикстанда жол кырсыктарынан жугуштуу ооруларга караганда көп киши каза табат. Муфтият Түркиянын элчиси ооз ачардан нааразы болуп чыгып кеткенин бышыктады.
Бул туурасында өлкө президенти Хасан Роуханинин телекайрылуусунда айтылды.
Саясатчылардын, жетекчилердин жүрүм-турумуна, кыймыл-аракеттерине бардык өлкөдө коом жакындан байкоо салып турат эмеспи.
Венесуэлада оппозиция лидери Хуан Гуайдо президент Николас Мадурону кулатууга багытталган планынын «акыркы баскычын» баштаганын жарыялады.
Жапонияда жаңы доор башталууда. Шаршембиге караган түнү император Акихито кызматынан расмий кетет. Анын ордун 59 жаштагы уулу Нарухито басат. Дүйнөдөгү эң байыркы монархиялык династиянын тарыхында мындай окуя 200 жылдан ашуун убакыттан бери болуп көргөн эмес.
Словакияда 15-июнда өлкө тарыхындагы биринчи аял-президент кызматка киришмекчи.
Ливияда өкмөттүк күчтөр менен улуттук армиянын ортосунда Триполи үчүн салгылашуу уланууда.
Ливия армиясынын башкы командачысы аскерлерге борбор шаарды алууга буйрук берди.
Вашингтондогу мааракелик иш-чараларга НАТО мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери катышууда.
Орусияда Санкт-Петербург шаарынын метросунда жардыруу уюштурган деп шектелгендердин соту башталды. Арасында кыргызстандык ага-ини Азимовдор бар. Казакстандын Алматы шаарынын райондук сотунда прокурор Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга эркинен ажыратууну суранды.
АКШ Түркияны F-35 согуш учактары үчүн жабдуу менен камсыз кылууну убактылуу токтотту. Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылууда.
Дагы жүктөңүз