Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Журналист Путинди эфирден сөктү


Георгий Габуния Владимир Путинди сөккөн эфир. 7-июль, 2019-жыл.
Георгий Габуния Владимир Путинди сөккөн эфир. 7-июль, 2019-жыл.

Грузияда оппозициялык «Рустави-2» телеканалынын алып баруучусу Георгий Габуния Орусия президентин оозго алгыс, ыплас сөздөр менен сөккөндөн кийин канал бир нече саатка берүүлөрүн токтотуп койду.

Канал жетекчилиги кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууну бийликтен талап кылды. 8-июлда эртең менен канал кайрадан эфирге чыга баштады. Журналисттин жоругун грузин бийлиги жана Орусия айыпташты.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили жасаган билдирүүдө «өлкө кызыкчылыктарын агрессия, тополоң, туруктуулукту бузуу менен коргоо туура эмес… Өлкөнү бөлүп-жарууга, чөлкөмдө чыңалууга жем таштоого болбойт» деп белгиленет.

Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе да алып баруучунун жоругун «жүрөк айланткан чагым» деп атады.

Мурдагы президент Михаил Саакашвили «эпатаж жана долулануу» «орус империализмине жана оккупациясына каршы күрөшкө» залакасын гана тийгизерин «Фейсбукка» жазды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путинди эфирден оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, намысына тийүү «грузиндерге көлөкө түшүргөн уят иш» деп билдирди.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

«Кийинки күндөрү русофобиянын улам күчөгөн белгилерине күбө болуудабыз. Мунун бардыгы - мамлекеттин экстремисттик маанайдагы жаштарды тыюуга көңүлдөнбөй же даяр эмес болуп жатканынын кесепети. Азыр биз ошонун жыйынтыгын көрүп жатабыз», - деди ал.

Жекшембиде «Рустави-2» телеканалында «Посткриптум» берүүсүнүн автору жана алып баруучусу Георгий Габуния Путинге орусча кайрылып, бир мүнөттөй аны балит сөздөр менен сөккөн.

Көп өтпөй телекомпаниянын жанына чогулган 200дөй киши журналистти, телеканал жетекчисин дароо иштен кетирүүнү, кылмыш ишин козгоону талап кылышты жана имаратты көздөй жумуртка ыргытышты.

8-июлга караган түнү «Рустави-2» обого чыгууну убактылуу токтотту. Жетекчилик чатактан кийин компаниянын айрым кызматкерлерине кол салуу болгонун айтып, грузин бийлигинен алардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды. Эртең менен канал кайра иштей баштады.

«Рустави-2» телеканалына каршы нааразылык акциясы.
«Рустави-2» телеканалына каршы нааразылык акциясы.

20-июнда Тбилисиде орусиялык депутат Сергей Гавриловго байланышкан окуядан кийин массалык нааразылык тутанган. Эл аралык жыйынга келген Мамлекеттик Думанын депутаты грузин парламентинин төрагасы отурган жерге отуруп алып, оппозиция менен жарандык коом өкүлдөрүнүн нааразылыгын жараткан. Ошол күнү кечинде парламент имаратынын жанында болгон митингди полиция желим октор менен таркаткан, бир нече киши кармалган.

Эртеси спикер Ираклий Кобахидзе кызматынан кеткен, өкмөт эмки шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүүгө макул болгон.

Орус бийлиги нааразылык акцияларын Орусияны жек көрүү маанайына сугарылган экстремисттик элементтер уюштурганын билдирген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Грузияга барбоого чакырса, Путин орусиялык авиакомпанияларга 8-июлдан тартып Грузияга учууга тыюу салган буйрукка кол койгон. Ошентип, 8-июлга караган түнү «Аэрофлоттун» учагы Тбилиси-Москва каттамында акыркы рейсти аткарды.

Грузин баш калаасында болсо нааразылык акциялары ошондон бери уланууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG