Араздашуу жана карама-каршылык аренасына айланган Жакынкы Чыгышта ири мамлекеттер мунаса таап, кан төгүүнү токтотууда натыйжалуу кызматташа алабы? Айрым бир көрүнүштөр мына ошондон кабар берүүдө. АКШнын мамлекеттик катчысы 14-июлда Москвага жаңы сунуштар менен келгени кабарланууда.
Узап бараткан аптада Кыргызстанда күч структураларында жүрө турган реформа жарыяланды. “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшү мындан ары кемий турганы маалым болду.
4-июлда Сауд Арабиясында катары менен үч теракт жасалды. Анын бири мусулмандар ыйык туткан Мединадагы Мухаммед пайгамбар мечитине жакын жерде болду. Бул кол салуу падышачылыкка чабуул катары кабылданууда.
Президент Барак Обама Кошмо Штаттар Ооганстанда жылдын аягына чейин 8400 аскерин калтыра турганын билдирди. Бул Вашингтондун 2016-жылга карай аскерлердин санын кыскартуу планына туура келбейт.
Абхазияда кырдаал тынч эмес. 5-июлда митингчилер Ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылып, көчөгө чыгышты.
Венгрия бийлиги октябрь айында референдум өткөрүүнү белгиледи. Анда венгер калкы мигранттарды бөлүштүрүү жана жайгаштыруу маселесин Европа Биримдиги чечиши керекпи деген суроого жооп бериши зарыл. Калк каршы добуш берсе, Европа Биримдигинде карама-каршылык дагы күчөйт деген чочулоолор айтылууда.
Сауд Арабиясында 5-июлда үч жардыруу жасалды. Коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлеринин өмүрүн алган теракттар бир мезгилде уюшулуп жасалуусу менен жергиликтүү калктын чочулоосун күчөттү. Жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.
Узап бараткан жумада Стамбулда кандуу теракт жасалды. Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилди. Орусия менен Түркиянын мамилеси калыбына келе баштады.
23-июндагы референдумдан кийин Британия өкмөт башчысы Дэвид Кэмэрон кызматтан кетерин жарыялаган. Кэмерон референдумда Британиянын Европа Биримдигинде калуусун жактаса, көпчүлүк калк чыгуу үчүн добуш берди.
Европа Биримдигине кирген өлкө лидерлери саммит өткөрүштү. Бул Британиядагы референдумдан кийинки биринчи жыйын болуп калды. Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон да катышкан жыйында ажырашуу жараянын баштоо жана Европа Биримдигинин келечеги жөнүндө сөз болду.
Түркия менен Израил мамилесин калыбына келтиргени кабарланды. Эки өлкөнүн мамилеси Палестинаны блокадалоого каршы флотилия жаңжалынан кийин бузулган. Түркия Израилдеги элчисин чакыртып алгандан кийин Тель-Авив да ошондой кадамга барган. Мына ошол бузулган мамиле калыбына келтирилгенин 27-июнда түрк жана израил өкмөт башчылары расмий түрдө жарыяламакчы.
Узап бараткан жумада Кыргызстандагы ГЭСтерди курууга жоопкер саналган адам Евгений Дод Москвада көз боемочулук боюнча камакка алынды. Ташкенде ШКУнун саммити өттү.
23-июнда Британияда референдум өтүп жатат. Анда жарандар өлкө Европа Биримдигинде калганы оңбу же чыгып кетиши керекпи деген суроого жооп берүүдө.
Евробиримдик Орусияга каршы экономикалык санкцияларды 2017-жылдын январына чейин узартууну макулдашты. 21-июнда Брюсселде Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери ушундай чечим кабыл алышты.
Узап бараткан жумада бийлик дээрлик жети жылдан кийин Кумтөрдүн ишинде жаңы жагдай табылганын билдирди.
Казакстандын Ички иштер министрлиги 5-июнда Актөбө шаарына кол салгандар Сириядан башкарылганын билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, Сириядагы лидер аларды кол салууга үйрөткөн жана шыктандырган.
АКШ жана Пакистандын мамилеси бир кылка эмес мезгилди башынан кечирүүдө.
Флорида штатындагы кыргындын АКШдагы президенттик шайлоого да таасири тийчүдөй. Талапкер Дональд Трамп эгер президенттикке шайланып калса, Ооганстан, Пакистан жана Сириядан АКШга адамдардын келишине тыюу саларын билдирди.
Узап бараткан жумада мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү коомчулукта кызуу талаш-тартыш жаратты.
Хиллари Клинтон АКШнын Демократиялык партиясынан талапкер болуу укугун жеңип алганын билдирди.
Дагы жүктөңүз