Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Ооганстанда 8400 АКШ аскери калат


Барак Обама
Барак Обама

Президент Барак Обама Кошмо Штаттар Ооганстанда жылдын аягына чейин 8400 аскерин калтыра турганын билдирди. Бул Вашингтондун 2016-жылга карай аскерлердин санын кыскартуу планына туура келбейт.

Ооганстандагы кырдаал планды кайра карап чыгууга аргасыз кылган.

Ооганстандагы аскерлердин санын кыскартпоо планын президент Барак Обама Ооганстанда туруктуулук орнобой жатышы менен байланыштырды.

Учурда АКШнын Ооганстанда 9800 аскери бар.

Обама "Талибан" өлкөдө “коркунуч” бойдон калганын, ал эми ооган өкмөттүк күчтөрү болсо жетиштүү күч-кубатка ээ боло электигин 6-июлда билдирди.

Ооган президенти Ашраф Гани Барак Обаманын чечимин кубаттоого алып, аны “жалпы кызыкчылыкты көздөгөн эки мамлекеттин өнөктөштүгүнүн уланышы” деп атады. Ашраф Гани ошондой эле тынчтыкты каалагандарга Ооганстандын эшиги ачык экенин 6-июлда билдирген:

- Жоопкерчиликтүү жана тынчтыкты каалаган өкмөт катары биз ар дайым тынчтыкты каалайбыз жана өлкөдөгү согушту жана чатакты токтотуу үчүн чын ниеттен колубуздан келгенин жасадык. Биздин эшигибиз башкалардын көзөмөлүнөн чыгып, тынч жашоону каалагандарга ачык.

2009-жылы Барак Обама президенттик кызматка киришип жатып, Ирак жана Ооганстанда согушту аяктоо, ал өлкөлөрдөн аскерлерди чыгарууну убада кылган. Ирактан Кошмо Штаттардын аскерлери чыгарылды. Ал эми Ооганстандан да кыскартуу жана чыгаруу планы кабыл алынган. Ал планга ылайык, 2016-жылдын аягына карай Ооганстанда 5500 гана АКШ аскери калып, алар ооган күчтөрүн үйрөтүү жана машыктыруу менен алек болуш керек эле. Бирок талиптердин күчтөнүүсү Вашингтондун стратегиясын өзгөртүүгө алып келди.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, талиптер азыркы кезде 2001-жылы Кошмо Штаттар аскер киргизгенден бери эң көп территорияны көзөмөлдөп турушат.

“Бул биздин улуттук коопсуздугубуздун кызыкчылыгына туура келген чечим. Анын үстүнө биз Ооганстанда ушунча кан-жан берип, инвестиция салдык. Биз муну менен ооган өнөктөрүбүзгө ийгиликке жетүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк берип жатабыз” деди Барак Обама жогорку даражалуу аскер башчылардын жанында туруп.

Барак Обаманын чечимине ылайык, 2017-жылдын январь айына чейин Ооганстанда 8 400 АКШ аскери калат:

- Мен, биздин позициябызга кошумча жарыялайм. Быйылкы жылдын аягына чейин аскерлердин санын 5500 жеткирүүнүн ордуна, Кошмо Штаттар менин мөөнөтүм бүткөнгө чейин Ооганстанда 8400дөй аскер кармайт.

Учурда АКШнын Ооганстанда 9800 аскери бар.

Обаманын ордуна келген жаңы президент аскерлердин санын кыскартуу же көбөйтүү боюнча өз чечимин кабыл алат.

“Мен кабыл алган чечим, мураскерим Ооганстанда прогресске жетишине кепилдик берет, ошондой эле террорчулукка каршы күрөштө ийкемдүүлүктү көрсөтөт” деди Обама.

Барак Обама мындай чечимин жарыяланганга чейин бир ай мурун АКШнын Ооганстандагы бир катар мурунку элчилери жана аскерий командирлери Барак Обамага кайрылып, президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин азыркы 9800 аскердин санын кыскартпоону сунуштаган.

“Мен бүгүнкү жарыяланган чечим туура экенине бекем ишенем” деди президент Барак Обама.

“Кошмо Штаттар Ооганстандагы өнөктөрүн бекем колдойт жана президент Обаманын бүгүнкү чечими мына ошого туура келет” деп белгиледи АКШнын коргоо министри Эш Картер.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG