"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Кыргыз эл баатыры, режиссер, белгилүү саясий ишмер Дооронбек Садырбаев быйыл тирүү болгондо 85 жашка чыкмак.
12-февраль белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү. Бул күндү утурлай анын айылында журналистти эскерүү иш-чарасы өттү.
Соңку беш жыл ичинде Бишкектин жылуулук электр борборунда эки жолу авария болуп, шаар тургундарына ысык суу, жылуулук берилбей калды. Тиешелүү жетекчилер 2018-жылкы биринчи кырсыкта, быйыл да суук түшкөнгө чейин ЖЭБге байма-бай каттап, стратегиялык өндүрүш кышка даяр экенин айтышкан эле.
Көз карандысыз медианын 11 кызматкеринин жапырт эки айга камалганы Кыргызстандын эгемен тарыхында буга чейин болгон эмес. "Азаттык" камалган журналисттердин жакындарына кезигип, алардын ой-пикирин билди.
26-январда камактагы 11 журналисттин жакындары көчөдө маалымат жыйын өткөрүштү. Алар бийликке кайрылып, журналисттердин күнөөсү жок экенин айтып, үй камагына чыгарууну суранышты. Бишкектеги "Парк отель" мейманкасы алдын ала макулдашылганына карабай маалымат жыйын өткөрүүгө уруксат берген жок.
Индиялыктар Кыргызстанга медициналык билим алуу үчүн келишет. Кыргызстандагы окуу жайлардагы билим алуунун акысынын салыштырмалуу төмөндүгү аларды кызыктырат. Бишкекте ресторан, мейманкана, спа-салондорун ачып, ишкерлик жүргүзүп, үй-бүлө күтүп, туруктуу жашап калган Индиянын жарандары дагы бар.
Бирок учурда жазуучунун абалы андан да оорлошуп кеткени маалым болду. Калемгер учурда жардамга муктаж болуп турат.
Абакта өз жанын кыйды делген коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) менен коштошуу зыйнаты 7-январда Бишкектеги өз үйүндө өтүп, сөөгү Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду.
Узап бараткан жылда саясатта тамаша, мемге айланган учурлар көп эле болду. Салтка айлангандай эле эл эсинде калган күлкүлүү учурларды Нурболот Азамат баяндайт.
Кыргыз армиясына “Байрактар”, “Акынжы” сыяктуу учкучсуз аппараттар алынды. Күзүндө кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлүп, Матраимовдор мафия аталды. “Азаттык” 2023-жылдагы негизги саясий окуяларды тизмектеди.
Бишкектин Биринчи май райондук cотунда далай оппозициялык саясатчылар соттолуп, кимдин гана тагдыры Фемиданын таразасында турган жок. Бул жерде мурдагы президенттерге, депутаттарга, саясатчыларга, активисттерге жана журналисттерге өкүм чыгып, алардын эркиндиги чектелди.
Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов соңку 10 жылда президенттен тарта парламентке, аткаруу бийлигине таасир этип, саясий элитадан коргоо тапкан. Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, 2 млрд сом төлөп кутулган Матраимов кантип саясий таасирин арттырган?
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана депутат Акылбек Түмөнбаевдин кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышы аныкталса жоопко тартыларын айтты.
Чоң Кемин - Күнгөй Ала Тоо менен Иле Ала Тоосунун ортосундагы өрөөн.
Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топко каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын жарыялап, өлкөдө мындан ары криминал болбой турганын билдирди. Кыргызстандын эгемендүү тарыхында кримтөбөлдөр мамлекеттик башкаруу, саясатка чейин аралашып, коомчулукта таасирдүү фигураларга айланган.
Абдыкадыр Орозбеков – сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири. Бирок 1938-жылы жазаланган Орозбеков кандай шартта өлтүрүлүп, сөөгү кайсы жерге жашырылганы али күнчө тарыхый документтер менен тактала элек.
21-октябрда 100дөн ашык адам Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын өткөрдү.
Каракыз соңку үч жылда тогуз жолу ат чабышка түшүп, сегиз жолу алдына күлүк чыгарган жок. Азыркы маалда кыргыз-казакта Каракызды ашып өтчү тулпар чыга элек. Кочкордогу ат чабышта 40 күлүк 30 чакырымга чуркады. Каракыз чемпион макамын берген жок. “Азаттык” төрт туягы туйлаган күлүк тууралуу баяндайт.
Бишкектин ооруканаларына, "Тез жардам" кызматына күйөөсүнөн токмок жеген аялдар күнүгө кайрылат. Бирок алардын көбү арыз жазуудан баш тартып келет.
Бишкекте президенттик жаңы комплекстин курулушу кызуу жүрүп атат. Ак үйдү “Иншат строй билдинг” компаниясы куруп, анын акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатат. “Азаттык” стратегиялык курулушка жооптуу аткаминерлер менен “Иншаат строй билдинг” компаниясынын байланыштарын иликтеди.
Дагы жүктөңүз