Кыргызстандын эгемен тарыхындагы ири нааразылык акцияларда, бийлик алмашуу менен аяктаган ыңкылап, төңкөрүштөрдө жана саясий тирештердеги эл менен кагылыштарда бир нече милиция кызматкери набыт болгон, айрымдары оор жараат алган жана катуу сабалган учурлар дагы катталган. Алардын бири Самат Курманкулов 2019-жылы Чүй облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турганда, 42 жашында Кой-Таш окуясында башына таш тийип, оор жаракат алган жана 40 күн эс-учуна келе албай жаткан. Ага Бишкекте жана Москва шаарында бир канча жолу операция жасалган. Курманкулов майыптыгынан улам 20 миң сом менен пенсияга чыккан жана учурда ал такай реабилитацияга, дарыланууга муктаж. Ага азыркы бийликтин тушунда генерал-майор наамы берилген. Курманкулов саламаттыгы жакшырса кайра милицияда кызматын уланткысы келет.
Генерал Самат Курманкулов. Кой-Таш окуясы талкалаган тагдыр
Чыгарылыштар
-
Июль 15, 2026“Сөгүп, ур-тепкиге алышат”. Абактагы Аскаттын каты
-
Июль 15, 2026“Чек арада жер алмашканда үйсүз калдым”
-
Июль 15, 2026Репрессия: үч мерте жазаланган Жанузактын уулдары
-
Июль 14, 2026Өзгөн: Кашка-Теректеги чыр бычакташууга чейин жетти
-
Июль 14, 2026Акын Аскат Жетиген абактан кат жазды
Шерине