"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Өткөн апта соңунда кыргызстандык жаран Украинада туткунга түшкөнү тууралуу видео интернетке жарыялангандан кийин жакындары аны таанып, эки айдан бери дайынын табалбай жүрүшкөнүн "Азаттыкка" айтып беришти.
Венгрияга Кыргызстандан барган үч жүздөн ашык кыргыз мигранты бир күндө заводдон айдалган. Бул өлкөгө иш издөө үчүн келген кыргызстандыктар арасында ишсиз калган учурлар кайталанып келет. “Азаттык” окуялардын чоо-жайын жеринен иликтейт.
OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” медиасы Кыргызстанда мамлекет куруп жаткан чоң-чоң курулуштар жана ага байланышы бар адамдар тууралуу иликтөө жарыялады. Журналисттер баасы 137 млн доллардай ондон ашык ири долбоорду иликтешкен. Президенттин администрациясы иликтөөнү “манипуляция” деп четке какты.
Аймагынын 90% ашуунун тоолор ээлеген Кыргызстандын өзүндө альпинизмдин абалы кандай? Бийик тоолорду, ак чокуларды багынтуу кыялы менен келгендер үчүн Кыргызстан канчалык кызыктуу өлкө? “Азаттыктын” “Данисте” берүүсү бул жолу экстремалдуу спорт саналган альпинизм тууралуу кеп кылат.
18-апрелдеги индиялык жана пакистандык студенттер жабыркаган окуяга дүйнө коомчулугу көз салып турат. Кыргыз коомчулугу чет элдиктерди уруп-согуунун келип чыгышын ар түрдүү жоромолдоп жатышат. Бийлик бул окуя териштирилип, ага катышкандар жазага тартыларын билдирди.
Баш каалаанын башчысы Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берген мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген. Мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кантип кайра шаарга кайтарылат?
26-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эрулан Көкүлов Финансылык чалгын кызматынын өкүлү, милиция кызматкерлери менен биргеликте Бишкектеги “Кофе и точка” жайларын текшерүүгө барып, аларды жабууну талап кылышты.
2021-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Балыкчы-Барскоон жолу башталып, үч жылдан кийин ишке берилмек. Долбоор "Кумтөрдөн” каржыланмак. Жолду алгачкы жолу атамекендик компаниялар салмак. 140 чакырымга созулган жол белгиленген мөөнөтүнөн кеминде эки жыл кеч бүтө турганы маалым болду.
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукканда эки өлкөнүн кызматташтыгы, демократия, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар тууралуу да сөз кылганын “Азаттык” радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда айтты.
Жарым жылдан бери Бишкек боюнча бир нече “Кофе и точка” деген жай иштеп жатат. Сыртынан караган кишиге борбор калаадагы кофеканалардын бириндей эле көрүнөт.
“Ата-Бейит” - постсоветтик чөлкөмдөгү даректүү далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын көрүстөнү. Ага бөлүнгөн жылдык бюджет айлык-акыдан, социалдык төлөмдөрдөн жана кеңсе иштеринен артпайт. Комплекстин жетекчиси Болот Абдрахманов тарыхый жайдын бүгүнкү абала менен тааныштырды.
Акын, ырчы, комузчу Аскат Жетиген элге өнөрү менен таанылган. Ал Самара Токтакунова, Нурак Абдрахманов, Зайнидин Иманалиев жана Кенже Кубатованын колунан таалим алып, улуттук өнөрдүн улуу көчүн улаган. Соңку маалда жарандык позициясын билдирип, коомдун жүрөк өйүгөн көйгөйлөрүн көтөрүп жүрөт.
Атактуу адабиятчы, сынчы, акын жана илимпоз Салижан Жигитов өлкөнүн коомдук турмушундагы күнүмдүк окуялардан тартып, коомдогу жат көрүнүштөргө чейин дайыма пикирин ачык айтып келген.
Кыргыз эл баатыры, режиссер, белгилүү саясий ишмер Дооронбек Садырбаев быйыл тирүү болгондо 85 жашка чыкмак.
12-февраль белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү. Бул күндү утурлай анын айылында журналистти эскерүү иш-чарасы өттү.
Соңку беш жыл ичинде Бишкектин жылуулук электр борборунда эки жолу авария болуп, шаар тургундарына ысык суу, жылуулук берилбей калды. Тиешелүү жетекчилер 2018-жылкы биринчи кырсыкта, быйыл да суук түшкөнгө чейин ЖЭБге байма-бай каттап, стратегиялык өндүрүш кышка даяр экенин айтышкан эле.
Көз карандысыз медианын 11 кызматкеринин жапырт эки айга камалганы Кыргызстандын эгемен тарыхында буга чейин болгон эмес. "Азаттык" камалган журналисттердин жакындарына кезигип, алардын ой-пикирин билди.
26-январда камактагы 11 журналисттин жакындары көчөдө маалымат жыйын өткөрүштү. Алар бийликке кайрылып, журналисттердин күнөөсү жок экенин айтып, үй камагына чыгарууну суранышты. Бишкектеги "Парк отель" мейманкасы алдын ала макулдашылганына карабай маалымат жыйын өткөрүүгө уруксат берген жок.
Индиялыктар Кыргызстанга медициналык билим алуу үчүн келишет. Кыргызстандагы окуу жайлардагы билим алуунун акысынын салыштырмалуу төмөндүгү аларды кызыктырат. Бишкекте ресторан, мейманкана, спа-салондорун ачып, ишкерлик жүргүзүп, үй-бүлө күтүп, туруктуу жашап калган Индиянын жарандары дагы бар.
Бирок учурда жазуучунун абалы андан да оорлошуп кеткени маалым болду. Калемгер учурда жардамга муктаж болуп турат.
Дагы жүктөңүз