Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:16

"Жерге-Талдан журт которткон тагдыр жолум"


Мирзахалим Каримов.
Мирзахалим Каримов.

Жаш курагым жетимиштин босогосуна келгенде журналисттик жана жазуучулук тагдырыма туш келген кайгылуу да, кубанычтуу да окуялар тууралуу баян жазууну туура көрдүм.

Буга кыргыз адабиятын өзбек тилине которууга өмүрүн арнап жакында эле ааламдан өткөн маркум Турсунбай Адашбаевдин «Кыргызстанда өзбек, Өзбекстанда кыргыз болдум» деп айткан армандуу сөзү түрткү болду десем да болот. Анткени бул чебер калемгер экөөбүздүн тагдырыбыз көп жагынан окшош экен. Мен Тажикстандан Кыргызстанга келип эки элдин адабий алакасына кызмат кылып жүргөн болсом, Т.Адашбаев ушундай эле вазийпа менен Өзбекстанга барып, өмүрүнүн аягына чейин бул жооптуу милдетти ашыгы менен аткарган. Бирок эмгеги бааланган эмес. Демек, биздин тагдыр таржымалыбыз окурманды кайдыгер калтырбаса керек деп ойлойм.

Кыргыз мамлекеттик университетин 1983-жылы бүтүргөндөн кийин, кыргыздар жыш отурукташкан кичи мекеним Жерге-Талга барайын, ал жердеги кыргыз-тажик тилдеринде чыккан райондук гезитте иштеп элге кызмат кылайын деген максатым ишке ашпай калган. Арадан төрт жыл өткөндөн кийин 1988-жылы кычыраган кышта Кыргызстанга көчүп келүүгө туура келген. Бул тууралуу буга дейре эч нерсе жазган эмесмин. Ошондон ушул күнгө чейин туулуп-өскөн өлкөнүн бийлиги мени сурап да, эстеп да койгон жок. Элүү жылдыгымда да, алтымыш жылдыгымда да Жерге-Талдан же расмий Дүйшөмбүдөн жок дегенде куттуктоо кат жолдонбоду. Кыргызстандын Чет өлкөлөр менен достук коомдук бирлигинин президенти Арслан Малиев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго атайын кайрылып: «Эки элдин данакер жазуучусунун 60 жылдыгында сиздер да аны сыйлап коюшуңуздарды сунуш кылар элем», - деп жазган каттары да жоопсуз кала берген.

Компартия башында турган тажик бийлиги эмне себептен мени эстебей да, жоктобой да келатат? Анткени, райондук гезитте иштеген төрт жыл аралыгында алкымы бузук коммунист-жетекчилер, коррупцияга малынгандар, кайдыгерликтин кесепетинен күндөн-күнгө өркүндөп бараткан диний фанатизм, өтүгүн төргө илип алган бюрократтар тууралуу көптөгөн сын макалаларды, фельетондорду, саясий сатиралык чыгармаларды жазып жарыялаганмын. Булардын бардыгы борбордогу ажого чейин жеткирилип турса керек. Төрт жылдык күрөштүн соңунда алдыңкы карапайым саанчыларга сыйлык катары ыйгарыла турган «помбаркыт» (панбаркыт) аттуу кымбат баалуу кездеменин партиянын райкомунун ж.б. мекеме-уюмдардын коммунист-жетекчилеринин аялдары менен кыз-келиндерине жең ичинен жымырылып кеткени тууралуу сын макала жазып чыгаргандан кийин, үстүмдөн борборго тоголок каттар түшө баштады.

«Жалгыз киши жоо албайт» деген макалдын түпкү мааниси түшүнүктүү болду мага. Ошентип, кыштын суук күнүнө карабай жүгүмдү таңдым да, үй-бүлөм менен райондон көчүп кеттим. Буга каршы болгон туугандарым да, курдаштарым да, айтор, бизди эч ким узатпады. Ал эми калемимден «ок жегендер» менен көрө албай жүргөндөрдүн төбөлөрү көккө жеткен. Партиянын райкому болсо «ох, ушундан кутулдук» деп, терең дем алып калган болуш керек.

Райондук гезитте иштеп жүргөнүмдө республикалык «Коммунист Таджикистана» гезитинин чыгармачыл жамааты менин журналисттик ишмердигимди колдоп, макалаларымды жарыялап турушкан. Акыркы күндөрдө Кыргызстанга көчүп кетпесем болбой калды деп айтып жүргөн болчумун аларга телефон аркылуу. Дүйшөмбүгө жүгүмдү алып келгенде редакциядагылар менен коштошуп алайын деген ойдо атайын баш бактым. Көчүп баратканымды айтсам, редактор баш болуп жолумду тороого аракеттеништи. Ырасын айтсам, ушунчалык көңүлүм сууган экен, алардын айткандарына макул болбодум. Төрт жылдын ичинде мени колдоп турушканы үчүн терең ыраазычылык билдирип, жолумдан калбадым. Менин өсүп-өнүгө турган жерим Кыргызстан экенин билип туруп бул жакка ооп кеткениме өкүнүп жүргөнүмдү жашырбай айтканымдан кийин унчукпай калышты. Орус кесиптештерди нараазы кылып койдумбу десем, тескерисинче эки жүз элүү рубль жардам берип, машинедеги жүгүмө кезек күттүрбөй, контейнер да алып беришти темир жол станциясынан.

Фрунзеде кудай жалгап турак жай маселеси оӊой чечилди. Жерге-Талдагы гезитте иштеп жүргөндө тажик жазуучуларынын тандалган повесттери менен аңгемелерин тынбай которуп, бир жыл илгери «Кыргызстан» басмасына тапшырып койгон элем. Ошол котормолорум 25 басма табак көлөмүндө жакында эле жарык көргөн экен. Китептин калем акысы жарым үй сатып алууга жарады. Балдарым менен жыргап калдык.

Жумушка орношуу маселеси да дароо эле чечилди. Студент кезде жакшы дос болуп жүргөн мыкты журналист Абдиламит Матисаков «Советтик Кыргызстан» гезитине бөлүм башчылык кызматка жакында эле дайындалган экен.

Абдиламит Матисаков.
Абдиламит Матисаков.

Ошого учурашып коёюн деп келсем, абдан жылуу тосуп алды. Ал-жайымды астейдил сурады. Андан кийин экинчи жолу келгенимде жумуш тууралуу сүйлөштүк. Азыр эч бир орун бош эместигин, жумушка орношуу кыйын маселе экенин айтып жатып ордунан тура калды да: «Жүр, досум, редакторго алып кирейин сени», - деди. Ээрчишип редакторго кирдик. Кудай жалгап, редактор жалгыз экен, ордунан туруп жарык маанайда кол алышты.

- Тилектеш Ишемкулович, бул жигит Тажикстандын Жерге-Тал районунан көчүп келиптир. Мен жакшы тааныйм. Биздин университетти бүтүргөн. Журналист. Жерге-Талдагы райондук гезитте көп жыл иштеген. Макалалары гезиттерибизде чыгып жүргөн.

- Жакшы экен, - деп мага карады. - Аты-жөнүӊүз?..

- Мирзохалим Каримов.

- Туура, туура. Биздин гезитке да жазып жүргөн.

Матисаковго кайрылып сурады:

- Коош, кандай маселеси бар экен бул жигиттин?

- Жумуш маселеси, агай. Сизге кайрылып көрсөмбү деп, мага келиптир.

- Азыр бош орун жок, албетте, - редактор саамга ойлонуп, Абдиламит Матисаковго тигилди.

- Сиздин бөлүмүңүзгө орноштурууну каржычылар менен акылдашып көрөйүн. Бизди деп алыстан келсе… Буюрса болот. Сиз менен иштешип турсун, - деди чечкиндүү.

Ошентип мына ушундай боорукер, ушундай гумандуу инсандар Тилектеш Ишемкулов агайдын жана досум Абдиламит Матисаковдун шарапаты менен республикадагы партиялык биринчи гезит – «Советтик Кыргызстандын» каттар бөлүмүндө иштей баштадым. Жаңы жумуш. Чыгармачыл чоң жамаат. Окурмандардан күн сайын толгон-токой каттар келет. Аларды окуйбуз. Тиешелүү бөлүмдөргө каттап беребиз. Айрымдарына өзүбүз жооп жазып, баяндамаларды даярдайбыз. Өзүмдүн да макалаларым байма-бай жарык көрүп, ишим жакшы болуп жатты. Бирок бир нерсе отурсам-турсам тынчтык бербейт - Жерге-Талдан кандай тагдыр менен көчүп келгенимди эч ким билбесе экен дейм. «Куугун жеп келиптир» деген сөз тараса, редактор эмне дээр экен деп, эки айдан ашуун кам санап жүрдүм.

Күндөрдүн биринде дал ушундай коркунучка дуушар кылган учурга туш келдим. Кабылдамадагы жаш кыз бөлмөнүн эшигин кыя ачып: «Редактор сизди чакырып жатат», - деди. Жүрөгүм дүкүлдөй баштады. Ичимди ит талап кабылдамага кирсем, редактордун кош канат эшиги ачык экен. Анын колунда «Коммунист Таджикистана» гезити. Үңүлүп окуп жатыптыр. Өзүмдү жоготуп, босогодо катып калыптырмын.

- Ой, Мырза, эмнеге турасыз? Кирбейсизби, - деди же ачуулуу эмес, же кубанычтуу эмес, алдакандай түр менен тиктеп.

Алдындагы олтургучка акырын олтурдум, калтырап-титиреп.

- Бу сиз абдан чоң баатырдык жасап келген турбайсызбы. Азаматсыз! Мына, «Коммунист Таджикистана» гезити сиздин журналисттик ишмердигиңиз тууралуу эӊ жакшы проблемалуу очерк жарыялаптыр. Гезитти сизге берейин, окуп чыгыңыз. Муну биз да которуп чыгаралы, - деди ал.

Катуу сүйүнгөнүмдөнбү, айтор, жүрөгүмдүн катуу соккону очеркти окуп болгондон кийин деле көпкө чейин басылган жок. Көрсө, мен көчүп кеткенден кийин «Коммунист Таджикистана» гезитинин редакциясы өз кабарчысы С.Озунду Жерге-Талга атайын жибериптир. Көчүп кетүүмдүн себептери анализделип, изилдөө жүргүзүлүптүр. Ошонун негизинде «Разрыв. В результате редакция потеряла бойца» деп аталган проблемалуу очерк жарыялап, анда партиянын райкомунун басма сөзгө жетекчилик кылуу жаатында кетирген олуттуу кемчиликтери катуу сынга алынган. Менин журналисттик ишмердүүлүгүмө жогору баа берилиптир очеркте.

Тагдыр таржымалымдын уландысы бар.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

XS
SM
MD
LG