Ташкенттиктердин айтымында, чаң, асманды каптаган ыш, күйүүчү майдын жыты жана адамдардын жөтөлдөн улам даттануусу күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланып калган.
IQ Air индексинде баш калаанын абасынын булгануу көрсөткүчү көп учурда “өмүр үчүн коркунучтуу” деңгээлде турат. 20-ноябрда PM2,5 майда зыян бөлүкчөлөрдүн көлөмү чектен 3,4 эсе ашканы аныкталды. Мунун артынан “Узгидромет” калкка мүмкүн болушунча сыртка чыкпоону, көчөдө беткап тагынууну сунуштады. Бул абал ден соолукка тынчсызданууну гана эмес, адамдардын келечек тууралуу ойлорун да өзгөрттү.
“Карапайым калк мажбур түрдө көнүп жатат. Балдарымды мектепке беткапсыз жөнөтө албай калдым. Атүгүл башка мамлекетке, жок дегенде убактылуу болсо да көчүп кетсемби деп ойлоп калдым. Мындай ой мага мурда эч качан келген эмес, мен дайыма мекенчил элем. Бирок өкмөттүн абанын булганышына каршы жетиштүү күрөш жүргүзбөгөнү мени ушинтип ойлонууга мажбур кылууда” – деди "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы маектешкен ташкенттиктердин бири.
Ал арада Ташкент шаардык бийлиги абадагы ыш деңгээлин азайтуу максатында дарактарга жана жолдорго суу чача баштады. Бул аракетти социалдык тармак колдонуучулары кубаттап жатышат. Мындай чара кыска мөөнөт аралыгында зыян бөлүкчөлөрдү азайтышы мүмкүн экени айтылууда. Бирок, байкоочулардын пикиринде, көйгөйдүн негизги себептери жоюлбаса узак мөөнөттүү натыйжа болбойт.
“Жолдорго суу чачуу жана жашыл зоналарды сугаруу температураны төмөндөтөт. Жогорку температурада чаң абада узагыраак убакыт сакталат, булгандыруучу заттардын химиялык реакциясы тезирээк жүрөт. Нымдаштыруу болсо бул процессти жайлатат жана бөлүкчөлөрдүн тезирээк чөгүшүн камсыздайт – деп жазылган Ташкент шаардык бийлиги 21-ноябрда Телеграм каналы аркылуу тараткан билдирүүдө.
Бул көйгөй бир гана борбор калаа менен чектелбейт. Навои, Самарканд жана башка шаарларда да калк ыштан, өнөр жай калдыктарынан жана транспорт газдарынан улам дем алуу кыйындаганын социалдык тармактарга жазышат.
Германиянын Мюнхен шаарынан Өзбекстанга барып, саякаттап жүргөн Фридхельм Краушаар 21-ноябрда "Азаттыктын" кабарчысы менен маектешкенде Самарканд менен Бухарада абдан булганыч абага күбө болгонун айтты:
"Абанын кирдиги сезилип турат. Келгенден бери мурдум ачышып жатат. Бир кызыктай жыт да бар экен. Тамакты жана көздү да ачыштырат".
Экономист Исламбек Ниёзметов Vatandosh порталындагы талкууда бул маселеде мындай пикир билдирген:
“Мен экология көйгөйлөрүн өз жашоомдо жон терим менен сезип жүрөм. Мурда Хорезмде жашаганда да ыш көйгөйүнөн азап тарттым. Кийин Ташкентке көчтүм, бул жерде көйгөй андан да оорлошту. Көп жылдан бери Ташкенттин абасынын булганышы, айрыкча транспорт жана жол инфраструктурасы менен байланышкан көйгөйлөр тууралуу ойлорумду Фейсбукта жазып жүрөм. Менин аллергиям бар. Өзбекстандан сыртка чыкканымда экологиялык шарты жакшыраак, адам саламаттыгына көбүрөөк көңүл бурулган мамлекеттерге барганда аллергиям токтойт. Өзбекстанга кайткандан кийин кайра башталат. Ошондуктан мен бул дарттын бардык себеби абанын булганышы менен байланыштуу деп эсептейм”.
Активисттер социал тармактарда Ташкенттин абасына байланыштуу тынчсызданууларын ар кандай түрдө билдирүүдө. Акмал Байрамов аттуу колдонуучу белгилүү ырдын сөздөрүнүн ордуна борбордун абасынын булганышы тууралуу саптарды жазып, боз чаң менен түтүн каптаган шаардын фонунда ырдаган видеосун интернетке жайгаштырды.
"Мен өз шаарымды сүйөм. Бирок эгер бул абал уланса, аны эч ким сүйбөй калат", – деп түшүндүрмө калтырган ал.
Социалдык тармактардагы талкууларда абанын булганышына негизги себеп катары акыркы жылдардагы жапырт дарак кыюулар жана шаардын экологиясына чоң зыян келтирген тартипсиз курулуштар мисал келтирилет.
Талдоочулар курулуш иштеринде шамалдын багыттары эске алынбагандыктан абанын айлануусу чектелип, чаң жана газдар шаар ичинде топтолуп каларын белгилешет. Бул көрүнүш ири шаарлардын табигый шамал жолунун (роза шамалы) эрежесине каршы келет.
Андан тышкары, адистер автоунаалар көбөйүп, транспорттон чыккан зыян газ дагы шаардын атмосферасынын негизги булгоочусу болуп саналарын айтышат.
Ошондой эле жылытуу станцияларында мазут же көмүр колдонулушу бир себеп катары көрсөтүлөт. Анткени алар абага зыян бөлүкчөлөрдү чыгарат.
Жашыл аймактардын кыскарышы да, дарактардын кыйылышы абаны табигый тазалоо мүмкүнчүлүгүн азайтат.
Дүйнөлүк банктын 2024-жылдагы баяндамасына ылайык, Ташкентте PM2.5 майда бөлүкчөлөрдүн таасиринин натыйжасында жылына орточо 3042 киши мезгилсиз көз жумат. Бул көрсөткүч өпкө, жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардын көбөйүшү менен байланыштуу.
“Калктын үйлөрүн жылытуу үчүн мазут жагуу бир нече эсе көбөйдү. Көлөм арткан сайын анын терс кесепеттери да көбөйөт. Мазут жагуунун натыйжасында онкологиялык оорулардан адамдардын өлгөнү өзүнчө олуттуу маселе. Ошондой эле экономикалык зыян да бар: мындай ооруларды дарылоого жана аныктоого кеткен чыгым үйлөрдү газ менен жылытканга салыштырмалуу бир нече эсе көп болушу мүмкүн. Адамдардын үйлөрүн жылытуу маанилүү, анткени ар бир үй-бүлөгө жылуулук зарыл. Бирок көбүрөөк каражат сарптап, ооруларды алдын алуу – мамлекет жана коом үчүн узак мөөнөттө кыйла арзан жана натыйжалуу чечим болушу мүмкүн. Муну түшүнүш үчүн чоң окумуштуу болуу шарт эмес” – деген оюн билдирген активисттердин бири Бабур Расулов Vatandosh порталындагы талкууда.
Айрым маалыматтарга караганда, Өзбекстандын өкмөтү газ тартыштыгынан улам жылытуу системасын көгүлтүр отко толук өткөрө албай келет. Бирок мындай көйгөй тууралуу расмий баяндамаларда дээрлик айтылбайт.
Ала арада Өзбекстанда Экология министрлиги өкмөттүн курамынан чыгарылып, Президенттин администрациясына өткөрүлдү. Эми ал Экология жана климат өзгөрүшү боюнча улуттук комитет катары иштейт. Талдоочулар жана айлана-чөйрөгө кайдыгер эмес өзбекстандыктар бул аркылуу жаңыча, маанилүү экологиялык саясат башталышына үмүт артууда.
Абанын булганышы Борбор Азияда Ташкенттен тышкары Бишкек жана Алматы шаарларында да акыркы жылдары күз-кыш мезгилинин негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп кала берүүдө.
Айлана-чөйрөнүн булганышы тууралуу сөз болгондо Кытай жана Индиянын мисалы көп айтылат.
Бир кездери ышка байланыштуу дүйнөлүк жаңылыктардын башкы темасына айланган Бээжинде заводдордун калдыктары менен абаны булгоого катуу чектөөлөр киргизилген. Автоматтык мониторинг станциялары орнотулуп, электр транспорт каражаттарына субсидиялар бөлүнгөн.
Дели шаарында болсо газ жана электр автобустар ишке киргизилип, автоунаалар үчүн Odd-Even системасы колдонула баштады. Абанын булганышына каршы улуттук программа кабыл алынган. Бирок Индиянын шаарлары да азырынча ыштан толук арыла элек.
Европанын шаарларында аба салыштырмалуу таза экенине карабай Лондон менен Парижде дизел менен жүргөн автоунааларга чектөө киргизилип, шаар борборлорунда “таза аба тилкелери” түзүлгөн. Берлин менен Амстердамда велосипед жолдору кеңейтилип, жашыл транспорт саясаты күчөтүлгөн. Скандинавия өлкөлөрүндө болсо жылуулук борборлору кайра калыбына келүүчү энергия булактарына өткөрүлгөн.
Шерине