Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:48

"Мыйзамды улам тебелей берүү мамлекеттүүлүккө доо кетирет"


Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

6-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду биринчи окууда жактырды. Долбоорду жактагандар мындай демилгеге Конституциялык соттун "матроним" боюнча чечими себеп болгонун ачык да, кыйыр түрдө да белгилеп жатышат.

Бирок юристтер Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так жазылганын, бул талапты долбоордун авторлору көзгө илбей жатканын айтып чыгышты. "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Баш мыйзамдын талаптарын көзгө илбегендиктин кесепети оор болорун "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

- Биз бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлары менен эле өз корутундубузду чыгарганбыз. Анда тартип боюнча алгач Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин айтып, өзүбүздүн негиздемебизди бергенбиз. Конституциялык соттун чечими акыркы өкүм жана кайра кароого жатпайт. Конституцияны мыйзам кабыл алуу менен өзгөртүүгө болбойт. Баш мыйзамга мындай жол менен өзгөртүү киргизилбейт.

- Ошондо Конституцияга өзгөртүү киргизүү эрежелери сакталган жок же көзгө илинбеди деп айтууга болобу?

- Бул Конституция бузулган биринчи учур эмес. Мени адамдар: “Чолпон Идиновна, сиз укуктук башаламандык болуп жатканын көрүп турасыз. Ага карабай, алар мыйзамдын негизинде иш алып барышын күтө бересиз” деп сындап калышат. Маселе менин күтүүлөрүмдүн деңгээлинде эмес, ар бир адам өз ишин так аткарышы керек. Тилекке каршы, чечимди мен эмес, кыргыз эли эмес, алар кабыл алып жатканын түшүнүп турам. Бирок мен юридикалык уюмдун жетекчиси катары айтарым, эгер биз абийирибизди сактап, кесибибизди урматтайбыз десек, ар бир юрист бул боюнча өз пикирин айтышы керек.

- Cиз мыйзам долбоору боюнча өзүңүздөрдүн корутундуңуздарды жарыялаганыңыздарды айтпадыңызбы. Бирок Жогорку Кеңеш мындай билдирүүлөрдү эске албай эле долбоорду биринчи окууда кабыл алды. Мунун алдында президент парламентке кат жолдоп, долбоорду тезинен карап берүүсүн өтүнгөн. Сиздин оюңузча бул мыйзамдын кабыл алынышы менен кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот? Бийликтин бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук бузулган болобу?

- Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулуктун бузулушу Конституциянын өзүндө эле каралган. Кылдат жазылбаган жана кабыл алынган Баш мыйзам ушундай кесепеттерге алып барат. Биз корутундубузду жарыялап, пикирибизди ачык билдирип чыкканбыз. Тилекке каршы, демократиянын кесепеттери укукту көп түшүнө бербегендерден чыгат... Көпчүлүк азчылыкты жеңет, кооптуу көрүнүш ушундан пайда болот. Бардык түзүмдүн артыкчылыгы, кемчилиги болот. Бирок демократия көпчүлүктүн укугуна негизделген. Баары коомдогу жагдайдан көз каранды. Эгер коом, жарандар өзү сабаттуу болуп, юристтердин түшүндүрмөсүнөн кийин окуп, сергек акыл менен чечим кабыл алганда азыр мунун баары чыкмак эмес.

Юридикалык жактан биз өзүбүздүн позициябызды түшүндүрдүк. Саясий жактан караганда бул биринчи да, соңку дагы прецедент эмес. Учурдагы администрация бийликке келгенден кийин күчтүү президенттик башкарууну каалай турганын, бийликти монополия кылуу жана башка ниетин жашырган эмес. Бирок эл бул нормалар камтылган Баш мыйзамды колдоду. Ушул эле адамдар башында бул Конституцияны демилгелеп, ал үчүн күрөшүп, кийин эл колдоп добуш берген. Эми элдин добушун көзгө илбей, Баш мыйзамга мыйзам менен эле өзгөртүү киргизип койсо болот деп жатышат. Анда мунун негизги мыйзам экенинин мааниси эмнеде? Баары улуттук идеология керек деп айтышат, улуттук баалуулук – Баш мыйзам. Биз баарыбыз Конституция менен жашаганга милдеттүүбүз.

- Конституция бузулуп жатса, анда идеология да жок болуп жатабы?

- Баш мыйзамды жөнөкөй мыйзам менен өзгөртүү үчүн конституциялык талаптарды одоно бузуу... Биз муну менен өзүбүздүн Баш мыйзамыбызды сыйлабай турганыбызды дүйнөгө дагы бир ирет жар салабыз. Конституцияга сый-урматсыздык көрсөтүү менен биз өзүбүздүн улуттук мамлекеттүүлүгүбүздү сыйлабай турганыбызды далилдейбиз. Себеби мамлекеттүүлүктүн өзөгү Баш мыйзамда жатат. Бул бардык мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары жазылган документ. Ошол себептүү ал эң жогорку мыйзам катары саналат.

- Конституциялык сот бул мыйзам кабыл алынса, бул боюнча корутунду бере албай калары да кызык жагдай болуп калчудай. Маселени саясий өңүттөн карап айтып жатам...

- Мен “матчество” жана башка жагдайлар жөн гана шылтоо деп ойлойм. Конституциялык сот өзүнүн чечими менен эч нерсени өзгөрткөн жок. Ал буга чейин болгон, ар бир бойго жеткен жаран өзүнүн фамилиясын, атасынын, апасынын атын өзгөртө алары жөнүндө норманы тастыктап койду. Болгону ушул.

Эмне үчүн бардык чечимди, анын ичинде мыйзамды кабыл алууда экспертиза жана анын кесепеттеринин негиздемеси талап кылынат? "Бул улутту жок кылат" деп эркектер кыйкырып жатышпайбы. Биздин улутту Конституциялык соттун бир чечими менен жок кылууга болобу, бул улутка үч миң жылдан ашты. Алар жүздөгөн аялдар өздөрү документин алмаштырып же балдарына кысым көрсөтүп, документтерди алмаштыруусун талап кылышат деп олуттуу ойлонуп жатышабы?

Менде бул күбүр-шыбырларды чыгарып жаткан адамдар сергек ой жүгүртөрүнө күмөнүм бар. Менин оюмда бул жөн гана шылтоо. Кээ бир топтордун кызыкчылыгы бар, же кимдир бирөө төрагалык кызматты кыялданат, же дагы башка кызыкчылык. Жакшылап акыл калчасаң, ушундай ойго келесиң. Алар бул шылтоону юридикалык жактан далилдей албай, патриоттук, улуттук кызыкчылыктардын арты жамынып жатышат. Соттун бир чечими менен кыргызды жок кылууга мүмкүн эмес. Бирок мыйзамды такай тебелөө кыргыз мамлекеттүүлүгүнө шек келтирет.

XS
SM
MD
LG