Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

Ыш көйгөйү: адвокат ЖЭБди сотко берди


Бишкек.
Бишкек.

Адвокат Икрамидин Айткулов Бишкектеги ыш маселесине байланыштуу Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова техникалык аудит учурунда ЖЭБдин түтүнүн чыпкалоочу электр жабдыктары бир нече жылдан бери иштебей турганын айтып чыкты.

Бишкектеги ыш: прокуратурага жазылган арыз

8-февралда адвокат Икрамидин Айткулов Бишкектеги ыш маселесине байланыштуу Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Ал 2020-жылы 11-декабрда инфаркт болгонун, ага менчик клиникада жүрөгүнө стенд коюлганын, мунун баарына Бишкектеги булганыч аба себеп болгонун белгилеген. Адвокат ден соолугунун начарлашына Бишкек ЖЭБин күнөөлөп, мекемеге бир нече кылмыш ишин ачууну талап кылган.

"Ыш тууралуу какшап эле келишет, бирок бийликтин чара көрбөгөнү акылга сыйбайт. Бийликтин чара көрбөгөнүн мен адамдардын өмүрүнө кол салуу катары баалайм. Себеби, бул калктын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип жатат, статистиканы көтөрүп чыкса эле баары билинет. Кутманова айткан аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы Бишкек ЖЭБиндеги жооптуу адамдар, мамлекеттик көзөмөл органдары 2017-жылы ЖЭБ оңдолгондон ушул күнгө чейин өз милдетин аткарбай жатканын далилдеди. Алар өз ишмердигин жашырып жатат. Кылмыш ишин ачып, ЖЭБдин ишин кылдат текшерип чыгуу керек", - деген Айткулов өз арызында Жазык кодексинин 409-беренеси (Экоцид) жана 296-беренеси (Адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратуучу маалыматты жаап-жашыруу), 305-беренеси (Абанын булганышы), 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 336-беренеси (Коррупция) боюнча жоопко тартууну өтүнгөн.

Мандемдин баары ЖЭБдин чыпкаларындабы?

Адвокаттын бул кадамына 7-февралда "Бишкектин экологиялык коопсуздук маселесин чечүүгө эмне тоскоол болууда?" аттуу талкууда айтылган маалымат себеп болгон.

Талкууну парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы демилгелеп, мэрия, министрликтин өкүлдөрү, экология тармагындагы бейөкмөт уюмдар катышкан. Жыйында сөз сүйлөгөн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Бишкектеги ыш үчүн Жылуулук электр борборунун катышы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, былтыр орусиялык аудит компаниясына министрлик буюртма берип, ЖЭБдин от казандарына коюлган электр чыпкалар текшерилген, натыйжада алардын көбү иштебей турганы аныкталган.

"Шаардагы абаны булгаган негизги себептердин бири болгон ЖЭБ ушунча жылдан бери бир эле жолу текшерилген. Министрликте аны текшергенге атайын жабдуулар, окутулган адистерибиз жок эле. Ушундан улам Орусияда сертификаты бар аудиттик фирма менен сүйлөшүп, алар акысыз текшерип беришти. Отчеттун жыйынтыгы мага 30-январда келди. Мурда шектенгенимдей эле болуп чыкты. Белгиленген өлчөм боюнча жылына 18 миң тонна ыш бөлүнүп чыгышы керек. Бирок бул норма аткарылып жатабы? Аудиторлор 12 отказандын чыпкасын текшеришкен, натыйжада №3 отказандагы булгануу Орусиянын мамлекеттик стандарттарынан тогуз эсе жогору, №4 отказанда жети, №9 отказанда 12 эсеге жогору болуп чыкты. Техникалык аудит маалында электр фильтрлер иштебей турган. Аларды жөн эле өчүрүп коюшуптур".


Кутманова ЖЭБдин ишмердигин алдын ала эскертпей эле текшерүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл алууну сунуштады. Азыркы мыйзамдарга ылайык, министрлик ЖЭБдеги чыпкаларды текшерүү үчүн жетекчилигине алдын ала маалымат бериши керек.

ЖЭБдин айыптоолорго карата жообу

Ал арада "Электр станциялары" мекемеси Кутманованын бул айткандарын төгүндөп, ЖЭБдеги ышты чыпкалоочу электр фильтрлер иштеп жатканын билдирүүдө. Аталган мекеме аудиттик компаниянын министрлик эмес алар жалдаганын жазып чыкты.

"Бишкек жылуулук электр борбору бөлүп чыгарган ыш белгиленген нормативдик өлчөмдөн ашкан жок. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен макулдашылган сапаттагы көмүр жагылууда. 2021-жылы министрлик экологияга бөлүнүп чыккан заттарды текшерип, анын өлчөмүнө байланыштуу 2023-жылга чейин убактылуу макулдук долбоору иштелип чыккан. ЖЭБдин адистери жүргүзгөн текшерүүгө ылайык белгиленген нормадан ашыкча ыш аныкталган эмес. Министрликтин Бишкек ЖЭБинин отказандарын салыштырган изилдөөсүн сурап, кат менен кайрылсак да жооп бербей жатат. Орусиянын мамлекеттик стандарттарына ылайык (ГОСТ 55173-2012) ЖЭБдеги фильтрлерге байланыштуу бүтүм чыгаруу Кыргызстандын мамлекеттик стандарттарына жооп бербейт. 26-декабрдан 30-декабрга чейин 3, 9, 12, 13-отказандарда гана текшерүү жүргөн. Министр айткандай 12 отказандын чыпкасы текшерилген эмес, ушул тапта отказандардын баарында күлдү сыртка чыгарбаган чыпкалар иштеп жатат".

"Түтүн": Ыш уулаган жүрөктө кайсы сүйүү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:38 0:00

Былтыр октябрда Бишкектеги абанын сапатына байланыштуу БУУнун Өнүгүү программасынын изилдөөсү чыккан.

Изилдөөнү ишке ашырган илимпоздор ЖЭБден отказандар, көмүр, чыпкалар тууралуу маалыматты сурап, бирок ала албагандан кийин андан чыккан түтүндүн шаарды капташынын болжолдуу математикалык үлгүсүн иштеп чыгышкан. Ага ылайык болжол менен 60-150 метр бийиктиктеги ЖЭБдин морунан чыккан түтүн Бишкектин абасындагы күкүрт диоксидинин 55% чыгарат. Ал эми жалпы РМ 2,5 бөлүкчөлөрүнүн (абадагы оор заттар) 5-10% чыгарат. Мындай тыянакты окумуштуулар эл аралык метеорологиялык маалыматтарга, спутниктен алынган эсептөөлөргө таянып чыгарышкан.

Экологиялык Movegreen кыймылынын өкүлү Ажар Байсалова өкмөт бир нече жылдан бери ыштын себебин изилдеп, мамлекеттик органдар бири-бирин күнөөлөп келе жатканын, бирок аны менен күрөшүүгө олуттуу кадамдар жасалбай жатканын айтат. Ал Икрамидин Айткулов сыяктуу өз укугун талап кылган жарандар дагы көбөйүшү керектигин белгиледи.

"Экологиялык коопсуздук саясатын министрлик жүзөгө ашырышы керек. Азыркыдай кырдаалга мамлекеттик органдардагы туруктуу саясат жана көзөмөлдүн жоктугу себеп болууда. Өкмөт жаңы келди, иштегенине аз эле болду, эми дагы убакыт керек деп эле келе жатышат. Бирок дайыма эле мындай кыла берген болбойт. Биз эл катары ошол эле кара түтүндү кимдин айынан дем алып жашап жатабы? Эмнеге бийлик улам эле ката кетирип, анан аны "жаңыбыз" деп шылтоо таба бериш керек деп суроо салган оң. Таза аба маселесинде олуттуу укук бузууларды айтып чыккандар көп болсо, көйгөйдү чечүү ошончолук да жеңилдейт. Ушундай шартта гана экологиялык коопсуздук маселеси алдыга чыгат. Азыркы учурда ал тургай ошол эле Министрлер кабинети экологияны приоритет кылбай жатат".

Акыркы бир нече жылдан бери кыш айларында Бишкек World Air Quality уюмунун индекси боюнча дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын сап башына чыгып келет. Бул маселе Жогорку Кеңеште бир нече ирет талкууланган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин шаарга аймактардан келген эски машинелерди киргизбөө керектигин да айтканы бар. ЮНИСЕФтин изилдөөсү ыштан аялдар менен балдардын саламаттыгы өзгөчө зыян тартып жатканын аныктаган.

Кара түтүнгө жаңы конуштардагы сапатсыз көмүр, ЖЭБдин ышы жана шаардагы ашыкча транспорт себеп экени изилдөөдө белгиленген. Бишкек мэриясы көйгөйдөн чыгуу үчүн жаңы конуштарды газдаштыруунун жол картасын иштеп чыгууда. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын акыркы маалыматы боюнча, Бишкектин четиндеги 14 жаңы конушта 19 миң үйгө газ бериле элек.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG