АКШ президенти Барак Обама Рим-католик чиркөөсүнүн башчысына туңгуч ирет Латын Американын өкүлү шайлануусун аймактын кубаты жана мааниси артып бара жатканынын белгиси катары сыпаттады.
Учурдагы католик чиркөөсүн жетектөөнү “ыйык вазийпа” деп атаган Обама жаңы Папа менен тынчтыкты, коопсуздукту жана түрдүү диний ишенимдеги адамдардын ар намысын коргоо багытында иштешүүнү чыдамсыздык менен күтөөрүн белгиледи.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Папа Франциск диндер аралык диалогду бекемдөөнү улантарына ишеним билдирди:
-Улуттар Уюму менен Ыйык Папа Францисктин кыраакы жетекчилиги астында Ватикандын кызматташтыгы улануусун чыдамсыздык менен күтөм. Биздин максаттарыбыз окшош. Алар тынчтыкты, социалдык адилеттүүлүктү, адам укуктарын колдоо, жакырчылыкты, ачарчылыкты жоюу. Мунун баары туруктуу өнүгүүнүн элементтери.
Башка дүйнөлүк саясатчылардан немец канцлери Ангела Меркел “Латын Америкадагы христиандар үчүн” өзгөчө кубанып турганын айтты.
Австралия премьер- министри Жулия Гиллард Папанын “жаңы дүйнөдөн” шайлануусун тарыхый окуя деп атады.
Ватиканга куттукттоо телеграммасын жакындан бери чиркөө менен мамлекеттин мамилеси оңоло түшкөн Кубанын президенти Раул Кастро да жолдоду.
Палестин президенти Махмуд Аббас Папа Францискти христиандар Иса пайгамбардын туулган жери деп санашкан Вифлеемге визит менен келүүгө чакырды.
Диний жамааттардан орус проваслав чиркөөсү шайлоо жыйынтыгын кубаттап, проваслав жана католик чиркөөсү ортосундагы карым-катыш оң нукта өнүгөөрүнө ишеним билдирди.
Дүйнөнүн жөөт конгрессинин лидери Рональд Лаудер жаңы Папа жөөт жамаатынын да тынчызданууларын “кулак сыртында” калтырбасы зарылдыгына токтолду.
Ватикан иштерине адистешкен баяндамачылардын пикиринде, жаңы Папа Латын Америкадан болоору мурдатан эле күтүлгөн.
Бирок тактыга аргентиналык кардиналдын келип калышы чынында күтүүсүз болду. АКШнын Йель университетинин диний изизлдөөлөр боюнча профессору, католик теологу Тереза Бергер “Азаттык” менен маегинде соңку шайлоонун маанисин мындайча мүнөздөдү:
-Мунун мааниси эбегейсиз. Папа Латын Америкадан болот деп, 2005-жылкы конклавда да үмүттөнүшкөн. Бул чиркөө мүчөлөрүнүн салмагын, кандайдыр бир мааниде чиркөөнүн “жүрөгү” Европадан башка жакты көздөй жылганын тааныгандык.
Азыр дүйнө католиктеринин 40%дан ашууну же төрт жүз миллиондой киши Латын Америка өлкөлөрүндө жашайт.
Жаңылыкты Папанын мекени Аргентинада чоң кубануу менен кабыл алышты:
-Мен абдан толкунданым турам, бул абдан таң калыштуу. Кудай, бизге Латын Америкага биздин арабыздан чыккан Папаны берди.
Билгендердин айтымында, 76 жаштагы жаңы Папа абдан жөнөкөй инсан, эски менен жаңыны тең салмактай билген диниятчы.
Баяндамачылар ал чиркөө башына татаал мезгилде келгенин, алдыда бир кыйла татаал маселерди чечүү турганын да айтышууда.
Рим-католик чиркөөсү акыркы жылдарда диниятчылардын сексуалдык ыдык көргөзүүсү, коррупция, арам акчаны адалдоо менен байланышкан жаңжалдарга кириптер болгон.