Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

АКШ-Кытай: "соода согушу" токтотулду


АКШ менен Кытайдын Бээжиндеги сүйлөшүүлөргө коюлган желектери. 27-апрель, 2018-жыл.
АКШ менен Кытайдын Бээжиндеги сүйлөшүүлөргө коюлган желектери. 27-апрель, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар жана Кытай соода талашы боюнча макулдашууга жетишти. Мунун натыйжасында эки тараптын расмий өкүлдөрү белгилешкендей, “соода согушуна" бөгөт коюлду.

Мындан эки ай мурда Кошмо Штаттар Кытайдын кайсы товарына бажы тарифи көтөрүлө турганын аныктаган. Бээжин буга жараша жооп болорун жарыялаган. Мындан улам эки соода өнөктөштүн аракеттери “соода согушуна алып барабы?" деген кооптонуулар жаралган.

Кошмо Штаттар менен Кытайдын жогорку деңээлдеги делегацияларынын соода сүйлөшүүлөрү соңку апталарда Бээжинде да, Вашингтондо да өттү.

Тараптар талаш жагдайлар боюнча макулдашууга жетишкени өткөн жума соңунда Вашингтондо болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин айтылды.

Маселен АКШдан каржы министри Стивен Мнучин FOX News телеканалы менен маегинде “Биз соода согушун токтотуп жатабыз, биз тарифтерди көтөрүүнү токтотууну да макулдаштык” деп белгиледи.

Президент Дональд Трамптын экономикалык кеңешчиси Ларри Кудлоу Си-Би-Эс телеканалы менен маегинде буларга токтолду:

- Биз Кытай базары ачылышын каалайбыз. Тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды азайтып, бизге мүмкүнчүлүк беришин каалайбыз. Биз ошондой эле Кытайдын технологияны көчүрүү, интеллектуалдык менчикти уурдоо маселесинде жүрүм-турумун өзгөртүүсүн көздөйбүз. Азыр биз мунун баарынын алдын алдык. Менимче, бул өтө олуттуу жылыш, Вашингтондогу жолугушуулар абдан позитивдүү болду.

АКШнын Каржы министри Стивен Мнучин баштаган өкүлдөр Бээжинге барган учур. 3-май, 2018-жыл.
АКШнын Каржы министри Стивен Мнучин баштаган өкүлдөр Бээжинге барган учур. 3-май, 2018-жыл.

Вашингтон жана Бээжиндин соода сүйлөшүүлөрүнөн кийин таратылган биргелешкен билдирүүсүндө Кытай эми АКШнын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууну кыйла көбөйтүүгө макул болгону айтылган. Бирок ал кандай көлөмдө экени көргөзүлгөн эмес.

Дүйшөмбү күнү президент Дональд Трамп өзү "Твиттердеги" баракчасында Кытай АКШдан айыл-чарба продукцияларын "эбегейсиз көлөмдө" сатып аларына көңүл бурса, каржы министри Стивен Мнучин "эгер биз cоодада Кытайдан каалаганыбызды албасак, президент Трамп тарифтерди кайра кайтарат" деп кошумчалады.

Тараптардын “соода согушу” алдын алынганы тууралуу кытайлык өкүлдөр да билдирип жатышат:

- Сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасы прагматикалуу жана жемиштүү болду. Биз көп макулдашууга жетиштик. Негизинен эки чөйрө боюнча макулдаштык. Бири соода, экинчиси структуралык көйгөйлөр. Буга чейинки ич ара түшүнбөстүктөрдүн кээ бирлерин да жөнгө салдык. Бул жолугушуулар биздин соода мамилебизди жана жалпы байланыштарыбызды курууга гана жардам көргөзбөстөн, бүткүл дүйнөгө да оң белги берет. Эки тарап үчүн тең талап кылынган эң башкы нерсе - соода согушунун жана бири-биринин товарларына кошумча тарифтерди киргизүүнүн токтотулушу. Бул жолу эки жак тең соода согушун токтотууну, соодада болобу же инвестицияда болобу жакшы мамилени өнүктүрүүгө милдеттенме алышты, - деди кытай өкмөтүнүн вице-премьери, президент Си Цзинпиндин атайын кеңешчиси Лю Хэ кытай телеканалдарынын бириндеги маегинде.

Вашингтондогу сүйлөшүүлөр жыйынтыгын дүйшөмбү күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да кубаттады.

Рейтер агенттиги эки өлкөнүн бул макулдашуусун Кытайдын “багынуудан баш тартуусу” катары сыпаттады.

Дүйнөнүн биринчи экономикасы АКШ Кытай үчүн экинчи ири, ал эми экинчи экономика Кытай АКШ үчүн биринчи ири соода өнөктөш.

Өткөн айдын башында АКШда Кытай өндүрүшүнөн ал 25% жаңы бажы тарифтерин киргизе турган 1300дөй товардын тизмеси жарыяланган.

Президент Дональд Трамп кытай өндүрүшүндөгү товарлар топтомуна бажы тарифтерин көтөрүүгө көрсөтмө берген документке кол койгон учур. 22-март, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп кытай өндүрүшүндөгү товарлар топтомуна бажы тарифтерин көтөрүүгө көрсөтмө берген документке кол койгон учур. 22-март, 2018-жыл.

Алардын арасында технология, аэрокосмос, транспорт, коммуникация жана медицина продукциялары болгон.

Андан мурдараак президент Дональд Трамп ошол тизмени аныктоого көрсөтмө берген жардыкка кол койгондо мунун жүйөсүн соодагы “эбегейсиз” таңсыктык жана интеллектуалдык менчик уурдалып жатканы менен түшүндүргөн.

Буга жооп кылып Кытай дагы 25% кошумча бажы тарифин киргизе турган америкалык товарлардын тизмесин түзгөн.

Алардын арасына автоунаалар, учактардын кээ бир тиби, химиялык жана айыл чарба продукциялары, алкоголдук ичимдик, тамеки киргизилген.

Былтыр эки өлкөнүн бир жылдык соодасынын көлөмү, америкалык статистикага караганда, 636 миллиард долларга жакындаган.

Бирок соода таңсыктыгынын көлөмү Кытайдын пайдасына кеминде 335 миллиард долларга жеткен. Башкача айтканда, Кытай АКШга мына ушунча акчага товарды көп саткан.

Дүйнөнүн эң ири эки экономикасы бири-бирин тарифтер менен коркутканда, алардын соода тирешинин арты "соода согушуна" айланып, андан глобалдык экономикалык өсүшкө зыяны тийбейби деген кооптонуулар жаралган.

Шанхайдагы порт. 24-апрель, 2018-жыл.
Шанхайдагы порт. 24-апрель, 2018-жыл.

Эми АКШ менен Кытайдын ыктымал “соода согушу” токтотулганы маалым болгондон кийин дүйшөмбү күнү Азия менен Европанын биржаларында баалуу кагаздардын наркы, мунай баасы кымбаттай түштү.

Былтыр дүйнөлүк экономика 3,7% жогорулса, көлөмү 18 триллион доллардык АКШ экономикасы 2,3%, 11 триллиондук Кытай экономикасы 6,8% өскөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG