Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:04

Лукашенко Орусия менен Батышты сындады


Лукашенконун жылдык кайрылуусун көрсөткөн дүкөндөгү телевизорлор, Минск шаары, 24-апрель 2018-жыл.
Лукашенконун жылдык кайрылуусун көрсөткөн дүкөндөгү телевизорлор, Минск шаары, 24-апрель 2018-жыл.

Беларус президенти Александр Лукашенко жылдык кайрылуусунда Орусия менен Батыш өлкөлөрүн сындады. Ал Москваны беларус товарларын орус базарына киргизбей жатат деп күнөөлөсө, Батышты "соода согушун тутандырды" деп айыптады.

Лукашенконун 24-апрелде түз алып көрсөтүлгөн парламенттеги кайрылуусу баш-аягы 1 саат 20 мүнөткө созулду. Анда беларус президенти өлкөнүн ички маселелеринен тарта бир катар глобалдык көйгөйлөргө чейин өз пикирин билдирип, айрым өлкөлөрдү сынга да алды.

Ал Беларуста өндүрүлгөн продукциялардын үчтөн экиси экспортко чыгарылаарын белгилеп, кайрадан Евразиялык экономикалык биримдиктеги өнөктөшүнө - расмий Москвага беларус товарларын орус рыногуна киргизбей жатат деген кине койду:

"Биздин товарларды Орусиянын рыногуна киргизүү маселеси тажатып бүттү. 20 жылдан бери жалпы базар түзөлү деп айтып келебиз, бирок азык-түлүк же энергетика сыяктуу тигил же бул тармактарда графиги бар сыяктуу эле көйгөйлөр чыгып жатат. Азыр буларга миграциялык жана чек ара маселелери да кошулду. Евразиялык экономикалык биримдиктеги топтолуп кеткен маселелерди карап чыгып, конкреттүү чечимдерди кабыл алып, аларды кынтыксыз аткаруу керек. Биз же алдыга жылабыз же жылып жаткандай гана түр көрсөтөбүз. Акыркы вариантка жол берилбеши керек!"

Орус президенти Владимир Путин жана беларус президенти Лукашенко.
Орус президенти Владимир Путин жана беларус президенти Лукашенко.

Лукашенко былтыркы кайрылуусунда да Орусияны Евразия экономикалык биримдигинде үстөмдүк кылууга аракеттенүүдө деп сындаган. Андан мурдараак уюмдун чек арасында айрым өлкөлөр өз рыногун коргоо аракети менен экинчи өлкөнүн укугун тебелеп жатканын айткан. Кремл Лукашенконун акыркы сынына азырынча жооп бербесе да, Орусия, Беларус, Армения, Казакстан жана Кыргызстан мүчө болгон Евразия экономикалык биримдигине байланыштуу айтылган сындарды буга чейин четке каккан.

Ошентсе да Александр Лукашенко бул жолку кайрылуусунда Орусия менен Беларустун биримдиги дале маанисин жоготпогонун, керек болсо "татаал эл аралык кырдаалда эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн мааниси өскөнүн" кошумчалады.

Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан, жарандык эркиндикти чектегени үчүн сынга кабылган Лукашенко Орусияга киргизилген эл аралык санкциялар өз өлкөсүн да кыйгап өтпөстүгүн белгилеп, Батыш өлкөлөрүн соода согушун тутандырды деп айыптады:

"Биз күчтүү лоббиге, айрым учурларда жеке экономикалык жана саясий кызыкчылыктарды таңуулоо көрүнүштөрүнө, атаандаштарга жасалган кас мамилеге күбө болуп жатабыз. Улуттук эгоизм, өнөктөштөрдүн кызыкчылыгын көз жаздымда калтыруу, эл аралык нормаларды тепселөө - дүйнөлүк башкы оюнчулардын саясатынын ажырагыс бөлүгүнө айланды. АКШ күчтүү протекционизм саясатын карманып, Кытай менен күрөшүп жатат. Орусияга каршы ири санкция согушу жүрүп жатат".

Александр Лукашенконун парламенттеги кайрылуусу.
Александр Лукашенконун парламенттеги кайрылуусу.

Лукашенко буга чейин Беларустун Конституциясын "жакшыртуу" жана "азыркы заманга шайкеш келтирүү" үчүн ага түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүндүгүн ишара кылган. Бул жолку кайрылуусунда азырынча бул маселе боюнча референдум өтпөй турганын айтып, "элдин алдында чынчыл болбосо, анын кесепети Армениядагыдай окуяларга алып келерин" белгиледи. Арменияда президенттиктен кетери менен премьер-министр болуп шайланган Серж Саргсян он күндөн ашкан демонстрациялардан улам кайра кызматын 23-апрелде тапшырууга аргасыз болгон.

Лукашенко Сирия маселеси да оюн айтып: "Болду, Сириядан кеткиле жана сирия элине өз тагдырын өзү аныктоого мүмкүнчүлүк бергиле",-деди.

Беларустагы айрым оппозициячыл активисттер президенттин жылдык кайрылуусунда чеке жылытаарлык сөздөр жоктугун айтып чыгышты.

"Лукашенко 1994-жылы өлкөнү туңгуюктан алып чыгам деген ураан менен бийликке келген. Андан бери дээрлик чейрек кылым өттү. Биз дале ошол туңгуюктабыз",-деп билдирди "Чындыкты айт" кыймылынын лидерлеринин бири Андрей Дмитриев.

Европа Биримдиги Беларуска киргизген санкцияларын 2016-жылы жеңилдеткен. Буга саясий туткун деп мүнөздөлгөн бир нече адамдын абактан бошотулушу түрткү берген. Ошол эле учурда Лукашенконун өкмөтү 2017-жылдын март айында жумушсуз жарандардан салык алууга каршы нааразылык акцияларын күч менен басканы үчүн сынга кабылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG