Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Түркиянын дарегине доомат күчөдү


Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулду 9-октябрда баштады.
Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулду 9-октябрда баштады.

Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын чабуулунан кийин ондогон адам өлүп, дагы жүз миңдеген киши жан айласын ойлоп там-ташын таштай качты.

Анкаранын күрд кошуундарына каршы жортуулуна байланыштуу эл аралык коомчулукта түрк бийлигин айыптагандар, жазалоо демилгесин көтөргөндөр көбөйдү.

АКШда Эл өкүлдөр палатасында негизинен республикачыл конгрессмендерден турган топ Түркияга санкция салуу боюнча атайын мыйзам долбоорун даярдады.

Ага удаа Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп "Түркия менен күрддөрдүн ортосунда арачы болууга даяр экенин" жар салды.

АКШнын президенти Дональд Трамп 10-октябрда "Твиттердеги" баракчасына "Бизде үч мүмкүнчүлүк бар: ал жакка миңдей жоокер жөнөтүп, жеңишке жетүү, Түркияга финансылык жана санкциялык олуттуу сокку уруу жана Түркия менен күрддөргө ортомчулук кылуу" деп жазды.

Трамп кийинчерээк журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып дагы жаңжалдашкан тараптарга арачы болууга даярдыгын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал Вашингтон Анкарага санкция салуу өңдүү өтө катаал финансылык чараларды колдонушу ыктымал экенин билдирди. Бирок анын чоо-жайы кандай болору туурасында кеңири түшүндүргөн жок.

Ал арада Өкүлдөр палатасындагы республикачыл конгрессмендерден турган топ Түркияга санкция салууну көздөгөн мыйзам долбоорун даярдады. Документтин автору Лиз Чейни "Эгер Түркия өнөктөш болгусу келсе, өзүн ошого татыктуу алып жүрүшү керек" деп эскертти.

Европа Биримдигинин лидерлери дагы эмдиги жумада Брюсселде чогулуп, Түркияга каршы санкция киргизүү маселесин талкуулаганы жатат. Бул тууралуу уюмдун Еврошаркет иштери боюнча министри Амели де Моншален кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 10-октябрда Сириянын түндүгүндөгү соңку жагдайды жабык талкуулады.

Бирок кандайдыр бир чечим кабыл алынган жок. Анкараны айыптаганга АКШ менен Орусия каршы чыкты. БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш жагдайга байланыштуу камтама болуп жатканын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 10-октябрда Ашхабад шаарында жүргөндө Түркиянын күрд кошуундарына каршы чабуулу тууралуу мындайча комментарий берди:

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

- Биз Түркиянын өз чек арасындагы коопсуздук чараларын көргөн мыйзамдуу кооптонуусун түшүнүп турабыз. Ошол эле учурда операция Анкара менен Дамасктын ортосундагы 1998-жылдагы "Адан макулдашуусу" деп аталган келишимдин алкагында гана жүрүшү керек экенин белгилейбиз. Түркиянын президенти Эрдоган Путинге телефон чалган. Анын алдында түрк тышкы иштер министри мени менен сүйлөшкөн. Биздин бардык тараптар менен байланышыбыз бар. Биз бул жагдайдын тез арада калыбына келип тынчышына кызыкдарбыз.

Түркиянын күрд кошуундарына каршы чабуулунун үчүнчү күнүндө эл аралык коомчулукта Анкараны айыптагандар көбөйдү. Ошондой эле күрддөр жашаган аймактардагы түрмөлөрдө отурган "Ислам мамлекети" террордук уюмунун туткунга түшкөн жоочулары тоз-тополоңдон пайдаланып качып кетиши ыктымал деген кооптонуу дагы айтыла баштады.

Сириянын түндүгүндө ушу тушта эмне болуп жатканы тууралуу так маалымат жок, анткени тараптар бири-биринен кескин айырмаланган эки ача маалыматтарды таратып жатышат.

Маалыматтарга карганда, түрк аскерлери Сириянын аймагындагы Рас-эль-Айн жана Тель-Абьяд шаарларын курчап алды.

Түркиянын Коргоо министрлиги "Тынчтык булагы" деп аталган аскердик операция башталгандан бери күрд кошуундарынын 300дөй жоочусу өлтүрүлгөнүн, бир түрк жоокери окко учуп, үчөө жараат алганын билдирди. Күрд тарап болсо Анкаранын мындай маалыматтары көбүртүлүп-жабыртылган дегени менен жоготууга байланыштуу кандайдыр бир так маалымат бере элек.

Анкара жана анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына 9-октябрда чабуул коё баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасында «коопсуз аймак түзүү», ал аймакты өзү террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген. Аскердик операциянын алдында АКШ бул аймактагы мурда байырлап турган аскерлерин алып чыгып кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG