Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

"Единая Россиянын" эки талапкери утулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кремл колдогон талапкерлердин баары эле аймактык шайлоодо жеңе алган жок. Жекшембиде Орусиянын эки облусундагы экинчи айлампада "Единая Россиянын" партиясынын талапкерлери ири айырма менен утулуп калышты.

Орусияда 23-сентябрда бир нече облус башчыларын шайлоонун экинчи айлампасы өттү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Владимирск облусунда Либерал-демократтар партиясынын талапкери Владимир Сипягин добуштардын 57% топтоп алдыга чыкты.

Аймактын азыркы башчысы, "Единая Россия" партиясынын өкүлү Светлана Орлова шайлоочулардын 37,5 пайыз добушун гана жыйнай алды.

Ал эми Хабаровск облусунун тургундары губернаторлукка ЛДПРдин талапкери Сергей Фургалды тандашты. Ал аймактын азыркы башчысы, "Единая Россиянын" өкүлү Вячеслав Шпорттон дээрлик 40% алдыга озуп кетти. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова бул аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылышы мүмкүндүгүн кыйытты.

Ал буга добуш берүү маалындагы мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар түшүп жатканын жүйө келтирди. Памфилова азыр бардык маалыматтар текшерилип жатканын кошумчалады.

Орусиянын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова.
Орусиянын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова.

Буга чейин, 20-сентябрда Орусиянын Приморск аймагында өткөн губернаторлук шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Буга талапкерлердин мыйзам бузуу боюнча бири-бирин айыптоолору себеп болгон.

Коммунисттик партиянын талапкери Андрей Ищенко бийлик талапкерин "шайлоо жыйынтыгын бурмалады" деп айыптаган. Ал эми “Единая Россиянын” талапкери Андрей Тарасенко атаандашынын штабы "шайлоочуларды сатып алып, добушканаларга ташып жеткирген" деп айткан. Бул - Орусияда 1996-жылдан бери шайлоонун экинчи айлампасынын алгач ирет жокко чыгарылышы болду.

23-сентябрдагы шайлоодо эки аймакта тең бийликтеги партиянын талапкерлеринин жеңилгенин байкоочулар соңку кездери пенсия реформасына байланыштуу элдин нааразылыгына байланыштырып жатышат.

Пенсия реформасына каршы митинг. Орусия. 9-сентябрь, 2018-жыл
Пенсия реформасына каршы митинг. Орусия. 9-сентябрь, 2018-жыл

Шайлоодон бир күн мурда Орусиянын бир катар аймактарында пенсия реформасына каршы митингдер өткөн. Москвада КПРФ партиясы уюштурган митингге үч миңден он миңге чейин адам катышты. Бул ирет үч апта мурдагыдай кармоолор болгон жок.

- Бул реформа эмес. Бул жөн гана талап-тоноо. Өмүр бою иштеп, салык төлөп, өз пенсиясына деп акча которуп турган адамдар үчүн эми өкмөттө акча табылбай калыптыр. Жөн гана бул акча сакталбай, ар ким өз билгениндей сарптап жатат, - деди демонстрацияга чыккандардын бири Дмитрий Орлов.

Орусиянын президенти Владимир Путин август айынын соңунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын атайын телекайрылуу аркылуу жарыялаганы менен өлкөдө митинг-акциялар токтой элек.

Орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөрүү боюнча быйыл июнда жарыялаган сунушу жазында кайра шайланган Путиндин калк арасындагы кадыр-баркын төмөндөткөн. ​

- Президент анын өкмөтү туура эмес иш кылганын мойнуна алууга аргасыз болуп, аялдардын пенсияга чыгуу мөөнөтүн мурда сунушталгандан үч жылга кыскартып, силерге 500 миллиард рублди кайтарып берем деди. Анткени силерди коргоп, сакташ керек экен дешти. Эсиңизге сала кетейин, бул реформа аркылуу бийлик силердин чөнтөгүңөрдөн 3 триллион 300 миллиард рублду шыпырып алып жатат, - деген митингде сүйлөгөн КПРФтин лидери Геннадий Зюганов.

КПРФтин лидери Геннадий Зюганов.
КПРФтин лидери Геннадий Зюганов.

​Орусияда төрт аймактын губернаторлорун шайлоонун биринчи туру 9-сентябрда өткөн. Приморск крайында губернатор шайлоо жакынкы үй айда өткөрүлүшү керек. Ал эми Хакасияда талапкерлердин бири, буга чейин губернатордун милдетин аткарып келген Виктор Зиминдин иштен кеткенине үчүн эки аптага жылдырылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG