Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Дүйнө басылмалары Кыргызстандагы шайлоо тууралуу


Эл аралык басылмалар Кыргызстандагы 15-октябрдагы президенттик шайлоону да талдашты.

Британияда чыккан The Guardian гезитине "Кыргызстан Азиядагы чыныгы шайлоо көрүнүшүн жаратууда" деген темадагы макала жарыяланып, абдан талкууланды. Макаланын автору Шон Уокер Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык кубулуштар авторитардык бийликтер өкүм сүргөн аймак катары таанымал Борбор Азия үчүн адаттан тыш көрүнүш деген пикирде .

"Адистердин баамында, көптөгөн талапкерлердин ичинен негизгилери катары экөөнүн аты аталууда. Бирөө - мурдагы өкмөт башчы, экинчиси - жигердүү, жаш бизнесмен. Ал өлкөнүн экономикасын өргө сүрөйм деп убада кылууда. Кыргызстандагы шайлоого байкоо салган айрым батыш дипломаттары өнөктүктү аймактагы эң эле эркин жана адилет добуш берүү болот деп алдын ала баалап жатышат. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө бийликте турган президент 99 же 105 пайыз менен өтөбү деген гана бир талкуу болсо, Кыргызстанда шайлоону ким жеңери белгисиз", - деген Шон Уокер негизги талапкерлер Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун бейнесин британ окурмандарына ачып берүүгө аракет кылган.

Ошондой эле автор үгүт учурундагы ар түрдүү кысымга алуу, каралоолорго да кеңири кайрылат. The Guardian басылмасынын талдоочусу мурдагы президент Роза Отунбаева 26 жылдан берки өлкө баскан жол оңой болбогонун, бирок эркин шайлоого жетүүнүн өзү чоң жеңиш дегенин да мисал келтирет.

"Булганган шайлоо, жаркыраган шайлоочулар"

Eurasianet онлайн журналына талдоочу Нуржамал Жаныбекованын "Булганган шайлоо, жаркыраган шайлоочулар" аталышындагы макаласы чыкты. Анда да Борбор Азиядагы эң эле эркин шайлоо Кыргызстанда өтүп жатканы, аймак үчүн бул - адаттан тыш көрүнүш экени баяндалып, эки негизги талапкерге - Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановго карата жөнөкөй жарандардын пикири топтолгон.

58 жаштагы Сооронбай Жээнбековду бийликтеги Социал-демократиялык партия, азыркы президент Алмазбек Атамбаев колдоп, жарышка чыгарды.

"Атамбаевдин жолун улап, өлкөдө тынчтык сакталсын деген ниетте гана аны шайлаганы жатам, Башталган иштерди бүтүрбөй койсо болбойт да. Мектеп, бала бакчалар ачылып, пенсиябыз да көтөрүлдү", - деген пикирин айткан Жаңыл Алиева аттуу пенсионер.

Жээнбеков Атамбаевдин "жумшак" саясатын улантканы менен ал сыяктуу айрым бетке айткан комментарийлерди жасабайт деген пикирлер да бар. "Атаандашы миллионер Өмүрбек Бабановду колдогондор анын жаштыгын, эбегейсиз байлыгын эске алып жатат" дейт автор. Бирок бир мандеми жок эле ушунчалык байлыкка жеткенине таң калгандар да четтен чыгарын жазат Eurasinet.

Миграция таасир эткен шайлоо

Кыргызстандагы бүгүнкү шайлоо тууралуу Түркияда чыгуучу Daily Sabah гезити да жазды. Анда да журналист Жихангир Йылдырым эки негизги талапкердин айланасында комментарийлер берилип, экөөнүн бирөө жеңип чыккан күндө Москва менен ымала мурдагыдай эле бекем бойдон кала берет деп белгилейт.

Советтер Союзунун мурдагы өлкөсүнүн калкынын саны болгону 6 миллиондун тегерегинде, шайлоочулардын саны 3 миллиондон ашат. Алардын 600 миңдейи Орусияда миграцияда жүрөт. "Жээнбеков менен Бабановдун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү абдан жогору. Бабанов абдан бай, жаш, аны көбүнчө аялдар, жаштар колдоору сурамжылоолордо белгилүү болду. Daily Sabah басылмасына журналист Алишер Хамидов "ал эми Жээнбековдун советтик доордон калган муун, улуулардын арасында аброю күч", - деген оюн айткан.

"Экинчи тур болот"

Британиялык Daily Sun басылмасы да Кыргызстандагы шайлоого, негизги эки талапкердин - Бабанов менен Жээнбековдун бейнесине сереп салып, Орусия азыркы шайлоого бейтарап мамиле жасап, а бирок Казакстандын карыя жана автократ лидери Нурсултан Назарбаев элди таң калтырган кадамга барганын жазат. Өткөн айда талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин ачуусун келтирди. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев Казакстанда демократия жок, жемкорлукка белчесинен баткан "султандар" башкарган өлкө деп атады. Казакстан бул сөзгө дароо реакциясын билдирди деген гезит талапкерлердин бири Темир Сариевдин да бул шайлоодо ээлеген орду чоң экенин баяндайт.

Вашингтондогу эл аралык Республика институту шайлоодо бул ирет эч ким жеңбей, экинчи турга калат деген божомолду билдирген. Мындай кырдаал жаралса, анда Темир Сариевдин чечими маанилүү болуп каларын эскертет басылма. Ошондой эле 49 жаштагы талапкер Арстан Алай Абдылдаев орус лидери Владимир Путинди "биоробот" деп атаган жана ал өзү "президент болчу болсо эле кыргыздар дүйнөнү башкарат" деп айтканы менен таанымал, деп таңыркайт лондондук басылма.

Муздаган Анкара-Бишкек ымаласы

TRT World каналы Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу түркиялык аналитиктин көз карашына орун берди. Евразия боюнча талдоочу Эшреф Ялынкылычлы: "Кыргызстандагы шайлоодо ким гана жеңип чыкпасын, Орусиянын коопсуздук жана экономикалык колдоосу менен Кытайдын инвестициясына муктаж. Ушундан улам Орусия менен Кытай кыргыз саясатындагы таасирин жоготпой, айрыкча Москванын терроризм очогу болгон Фергана аймагындагы коопсуздук тизгинин тартуусуна өбөлгө болот. Президенттик шайлоодо ким гана жеңбесин, Орусиянын кызыкчылыгы Кыргызстандагы башкы факторлордун бири бойдон кала берет. Азыр Орусиянын бир аскерий базасы бул өлкөдө. Экинчисин куруу боюнча сүйлөшүүлөр жакында эле болду.

АКШнын да аскерий базасы 2001-жылдан 2014-жылга чейин бул өлкөдө жайгашкан эле. Бирок Алмазбек Атамбаев президент болгондон кийин саясий багытын өзгөрткөн. Ялынкылычлы: "Жаңы президент Москва менен Бээжиндин ортосундагы дипломатиялык тараза ташын тең кармап, Батыш, айрыкча АКШ менен ымаласын жакшыртууга умтулушу керек", - деген пикирин айткан.

Коңшу өлкөлөр менен байланыш, Бишкек-Анкара ымаласындагы салкындоо да бул макалада каралган. Расмий Бишкек Фетхулла Гүлен кыймылына карата Түркия менен тилектештигин билдирбей койгондон кийин, эки өлкөнүн байланышы муздай түшкөнүн белгилеп, Ялынкылычлы Кыргызстан 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда болгон төңкөрүш аракетинин себепчиси делген ФЕТӨчүлөрдүн мектептерин жаппай койгон Борбор Азиядагы жалгыз өлкө экенин да баса көрсөткөн жана жаңы президент Бишкек-Анкара кызматташтыгын кайрадан курушу керек, деген оюн жазган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG