Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Уго Чавес дарыланып жатканын мойнуна алды


Уго Чавес калкка кайрылды. 30-июнь, 2011-жыл
Уго Чавес калкка кайрылды. 30-июнь, 2011-жыл

Венесуэланын президенти Уго Чавес рактан дарыланып жатканын элге сыналгыдан жасаган кыска кайрылуусунда айтып берди.

Чавес 3 аптадан бери Кубада дарыланууда. Буга чейинки расмий билдирүүдө Чавестин дарты “жамбаштагы ириңди алуу” деп түшүндүрүлгөн эле.

Чавестин узак убакытка жоголуп кетиши венесуэлалыктардын арасында ар кыл кептердин тарашына түрткү болгон. Атүгүл Чавестин өлүмү тууралуу да ушак-айың сөздөр чыккан. Мындай сөздөрдү төгүндөө үчүн бийликтегилер Уго Чавестин Кубанын мурдагы лидери Фидел Кастро менен жолукканын сыналгыдан көрсөтүшкөн. Бирок оппозиция өлкөнү тыштан башкаруу Конституцияга каршы келет деп чыкты.

Ал эми соңку телекайрылуусун Уго Чавес 30-июнда Кубадан жасады. Анын кайрылуусу түз ободон эмес, видеого мурдатан жаздырылып алынган эле.

Каракастын тургуну Уго Чавестин сүрөтүн кармап турат. 29-июнь, 2011-жыл
Бул тасмада Чавес 10-июнда ага операция жасалып жатканда дарыгерлер ириңдин айланасынан рак клеткаларын табышканан айтты.

Чавес "ошондон улам дагы бир операция жасоого туура келип, ал ийгиликтүү аяктаганын" кошумчалады:

- Негизги операция ийгиликтүү аяктады. Андан кийин мен өзүмдү жакшы сезип, рак клеткаларын жок кылуу боюнча натыйжалуу дарыланып атам жана толук айыкканча ушул кадамдарды токтотпойбуз.

Уго Чавестин айтымында, ал өзүнүн ден соолугуна буга чейин көңүл кош мамиле жасаган жана бул ката болгон.

"Өкмөт ишин уланта берет"

29-июнда Венесуэланын 200 жылдыгына арналган Латын Америка жана Кариб деңизинин аймагындагы өлкөлөрдүн (CELAC ) маанилүү саммити өтпөй калды.

Би-Би-Синин Каракастагы (Венесуэланын борбор шаары) кабарчысы маалымдагандай, сыналгыдан сүйлөгөн 56 жаштагы Чавес бир кыйла арыктап, катуу ооруп жаткан адамдай көрүнөт.

Дагы деле бул кайрылуу кайсы жерде жана качан жазылганы белгисиз бойдон калууда.

Фидел Кастро жана Уго Чавес, Куба, 28-июнь, 2011-жыл
Чавестин кайрылуусунан кийин Венесуэланын вице-президенти Элиас Хауа "президент өлкөдө жок болсо деле, өкмөт биримдигин сактап, социалдык реформаларды ишке ашыра бермекчи" деп билдирүү жасады.

12 жылдан бери бийликте турган Уго Чавес эл аралык коомчулукта автократ популист саясатчы катары таанылып, Кастро жана Латын Америкадагы башка солчулдар менен биргеликте АКШны тынбай сындап келет.

Чавес Венесуэланы социалисттик өлкөгө айлантуу аракетинде. Өлкөдөгү мунайга бай болгону менен, Венесуэла экономикалык кризиске кептелүүдө.

Ден соолугуна байланыштуу операцияга чейин Чавес 2012-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын билдирген эле.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG