Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

БУУ: дүйнөдө маңзат көйгөйү курчуду


АКШ президенти Дональд Трамп жана баш катчы Антониу Гутерреш БУУдагы жыйында. Нью-Йорк, 2018-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп жана баш катчы Антониу Гутерреш БУУдагы жыйында. Нью-Йорк, 2018-жыл.

Улуттар Уюмунда, дүйнө лидерлери чогулган Башкы ассамблеянын быйылкы сессиясынын башталышындагы алгачкы жыйында дүйнө өкмөттөрү маңзат көйгөйүнө каршы күрөшүүгө убада беришти. Бул үчүн долбоорун Кошмо Штаттар даярдаган документке 129 мамлекет гана кол койду. Атайын жыйында маңзат көйгөйү дүйнөдө мурдагыдан күчөп кеткени айтылды.

Улуттар Уюмунда “Дүйнөнүн маңзат көйгөйү боюнча глобалдык аракет” деп аталган кеңешмени Кошмо Штаттар менен бирге 31 мамлекет уюштурду.

Ал жыйынга долбоорун АКШ даярдаган, бирок укуктук күчү жок билдирүүгө кол койгон мамлекеттер эми мыйзамсыз маңзаттарына каршы суроо-талапты азайтуу үчүн аракеттенүүнүн улуттук пландарын иштеп чыгышы керек:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- 2018-жыл үчүн дүйнөлүк маңзат баяндамасында көргөзүлгөндөй, кокаин жана апийим өндүрүү рекорддук деңгээлге жеткени чындык.

2015-жылга карата 2000-жылга салыштырмалуу маңзат колдонуудан улам адам өлүмү 60% өскөн. Бул үрөй учурарлык. Белгилүү болгондой, мыйзамсыз маңзаттар уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз каржы агымдары, коррупция жана терроризм менен байланыштуу. Андыктан чакырык абдан жөнөкөй эле. Маңзаттарына суроо-талапты кыскартуу, мыйзамсыз маңзаттары менен камсыздоону кыскартуу, дарылоону кеңейтүү, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө абзел. Эгер биз бул чараларды чогуу-чаран көрө алсак, дүйнөнүн булуң-бурчунан сан жеткис адамдардын өмүрүн сактап калабыз.Сөз бул жерде миллиондогон адам жөнүндө жүрүп жатат, - деди президент Дональд Трамп БУУнун атайын жыйынында сүйлөп жатып.

Улуттар Уюмунда АКШ сунуш кылган билдирүүгө кол койбогондордун бири Жаңы Зеландия болду. Бул өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн жүйө катары Кошмо Штаттар опиоиддер менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын келтирди.

Рейтер агенттигинин жазганына караганда, “ооруну басаңдатуучу дары катары колдонулган опиоиддерге, героинге, фентанилге берилгендик АКШнын өзгөчө айыл аймактарында күчөп кеткен.

Жаман адаттын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча борборлордун эсебинде, былтыр АКШда 49 миңден ашуун адамдын өлүмү опиоиддер менен байланыштуу болгон.

Таиланддын борбору Бангкокто полициянын колуна тийген маңзаттар. 18-сентябрь, 2018-жыл.
Таиланддын борбору Бангкокто полициянын колуна тийген маңзаттар. 18-сентябрь, 2018-жыл.

Президент Дональд Трамп быйыл мартта опиоиддер менен күрөшүү, анын ичинде федералдык программаларды өзгөртүү жолу менен опиоиддерге рецепттерди кыскартуу планын жарыялаган. Трамп ошондой эле маңзат соодагерлерин жазалоону күчөтүүнү, анын ичинде өлүм жазасын колдонууну да сунуш кылган.

Маңзат көйгөйү боюнча кырдаалды БУУнун башкатчысы Антониу Гутерреш дагы “кооптондурарлык” деп атады:

Антонио Гутерреш.
Антонио Гутерреш.

- Акыркы жылдары маңзат колдонгону үчүн дарыланууга муктаж адамдардын саны 31 миллионго жетти. Ашыкча дозаны пайдалангандан же маңзатка байланышкан илдеттерден жылына 450 миңдей кишинин өмүрү кыйылып жатат. Дүйнөдө маңзат колдонгон ар бир алты адамдын бирөө бир ирет пайдаланганда эле дарыланууга муктаж болот. Аялдар арасында бул көрсөткүч мындан да төмөн. Бул комплекстүү көйгөйдү чечүү үчүн эки чөйрөдө жигердүү аракеттер керек. Биринчиси - аткезчиликти жана адамдын азабынан киреше тапкандардын түйүнүн талкалоо, экинчиси - дарыланууга муктаждар аны алышын камсыздоо.

Ооганстандын Нангархар провинциясындагы апийим талаа. 10-апрель, 2018-жыл.
Ооганстандын Нангархар провинциясындагы апийим талаа. 10-апрель, 2018-жыл.

​Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин быйыл июндагы акыркы баяндамасына караганда, дүйнөдө азыр жыл сайын баңгизатты кеминде бир жолу колдонгондордун саны 275 миллиондун тегерегинде. Бул 15-64 курактагы дүйнө калкынын болжол менен 5,6% түзөт.

Ал эми 2016-2017-жылдардын аралыгында дүйнөдө апийим өндүрүшү 65% жогорулап, 10 миң 500 тоннага жеткен.

2017-жылы Ооганстандын өзүндө 9000 тонна апийим өндүрүлүп, көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 87% өскөн.

Кокаин өндүрүшү да 2016-жылы 1410 тоннага жетип, рекорддук чекти багындырган. 2015-2016-жылдары өндүрүш көлөмү 25% жогорулаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG