Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Спорттон түбөлүк жеңиш менен кетип жаткан Усейн Болт


Болт Бээжин олимпиадасында, 20.08.2008
Болт Бээжин олимпиадасында, 20.08.2008

Даңазалуу жөө күлүк Усейн Болт өткөн ишембиде Лондондо дүйнө биринчилигинде акыркы жолу 100 метрге чуркап, бирок утулуп калды. Тарыхта алдына киши чыгарбаган спринтер 12-августта Ямайка командасынын курамында эстафетада да алтын медаль үчүн күрөшмөкчү. Болт бала кезинен бери чуркап жүргөнүн, карьерасын аяктагандан кийин балким футболго өтөөрүн же киного тартылаарын айтат.

Ямайкалык спринтер, 30 жаштагы Усейн Болт акыркы индивидуалдык жарышта марага үчүнчү болуп келип, мыкты карьерасында ири эл аралык мелдештин финалында биринчи жолу утулуп калды.

Буга карабай Лондондогу Олимпиада стадионуна чогулган элдин көңүл борборунда алтын медалдын жеңүүчүсү, америкалык спринтер Жастин Гэтлин эмес, жеңил атлетиканын тирүү легендасы, спорттогу жетишкендиктери гана эмес жеке харизмасы менен миллиондогон кишилердин сүймөнчүгүнө айланган Болт болду.

Болт стадионду айланып, трибуналарда толкуган күйөрмандарына жүгүнүп, ыраазычылык айтып жатты.

Дүйнө чемпионатынан кийин чоң спорттон кетээрин бир нече ай мурун жарыялаган Болттун Лондонго чейин эле формасы анчейин болчу. Квалификациялык жарышта көрсөткүчтөрү да адаттагыдан чабал эле.

Ал эми 200 метрге аралыкка катышпасын алдын ала эле билдирген.

Журналисттер акыркы кезде пайда болгон күчтүү атаандаштарына утулуудан чочулап жатабы деп суроого салганда, Болт карьерасында эч качан оңой жол издебегенин айтты.

Болт - тарыхтагы эң мыкты спринтер.
Cебастьян Коу

Былтыр Риодогоу Олимпиадада үч алтын медаль жеңген спринтер акыркы бир нече айда бир топ түйшүккө туш болду. Апрелде жакын досу, теги ямайкалык британ спортчусу Жермэн Мэйсон крысыктан каза болгон. Баса, 100 метрге жарышты Болт маркум досуна арнаарын айткан.

Андан тышкары команданын мүчөсүнүн биринин анализи допингге позитивдүү чыгып, Бээжин Олимпиадасында эстафетада чемпион болгон Ямайка, анын ичинде Болт алтын медалынан ажырап калды.

Медаль демекчи, кыска дистанцияларга адистешкен жөө күлүк Олимпиаданын сегиз жолку чемпиону, дүйнө биринчиликтеринде 11 ирет алтын медаль тагынган, сегиз дүйнөлүк рекорд койгон. Үч жолу катары менен 100 жана 200 метрге чуркоодо Олимпиаданын алтын медалдарын жеңген.

- Карьерамды аяктагандан кийин оңой болбойт деп ойлойм. Стадион, чуркоо тилкеси – менин жашоом болуп калган. Он жашыман бери чуркайм. Мындан ары эмне кылаарымды чече элекмин. Футбол ойнойм деген оюм бар болчу. Тагдыр мени кайда алып бараарын көрө жатаарбыз. Балким, актер болуп киного тартылам.

Чындап эле болочок чемпиондун ата-энеси кичинекей чагынан бери эле жарыша чуркап, утулуп калса, ыйлаганын айтып беришкен.

Апасы Женнифер бешинчи класста окуп жүргөндө уулунун классташтары менен жарышып, дайыма утканын байкашканын, ошондо андан жакшы атлет чыгаарын түшүнүшкөнүн айтат.

Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясынын төрагасы Себастьян Коу Болтту даңазалуу Мухамед Али менен бир катарда турган гений деп атады:

- Спортто гана эмес спорттун сыртында да ушундай таасир калтырган кишини атай албайм. Дүйнөдөгү эң мыкты футболчу же теннисчи ким деп талашып, Пеле, Марадона, Федерердин аттары аталышы мүмкүн, бирок спринтти сөз кылганда, эң мыкты бул жигит экени талашсыз. Болт - тарыхтагы эң мыкты спринтер.

Коу ошондой эле Болт ассоциацияга жеңил атлетиканын деңгээлин көтөрүүгө, жаштарды кызыктырууга тигил же бул түрдө жардам берет деп үмүттөнөөрүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG