Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

АКШ Асадды Сириядагы "өлүм ордосу" үчүн айыптады


Баш калаа Дамасктан 45 мүнөт аралыкта жайгашкан Сайедная аскерий түрмөсү
Баш калаа Дамасктан 45 мүнөт аралыкта жайгашкан Сайедная аскерий түрмөсү

АКШ Сирия бийлигин массалык түрдө адамдарды өлтүрүп, алардын сөөктөрүн өрттөп жатканы үчүн айыптады. Дамасктан 45 мүнөттүк жолдо жайгашкан Сайедная аскерий түрмөсүндө күн сайын 50дөй адам даргага асылып турганы, алардын изин жашыруу үчүн крематорий курулганын космостон тартылган сүрөттөр көрсөтөт. Беш жылда Сирияда саясий режимдин колунан 5 миңден 11 миңге чейин киши өлгөнү айтылат.

Мамлекеттик департамент Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтү абактагы миңдеген адамдарды өлтүрүп, алардын сөөктөрүн баш калаанын сыртындагы чоң крематорийде өрттөп жатат деп айыптады.

Вашингтондун мындай айыптоосу Женевада Улуттар Уюму демилгелеген Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү башталар алдында айтылды.

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча дипломаты Стюарт Жонс мындай маалымат беделдүү гуманитардык агенттиктер менен АКШнын “чалгын мекемелеринен” алынганын, Дамасктан 45 мүнөт аралыктагы Сайедная түрмөсүндө күнүгө 50гө чукул киши даргага асылып жатканын айтат.

Сириянын өкмөтү АКШнын массалык кыргын жана өлтүрүлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп жатат деген айыптоосун “толугу менен негизсиз” деп атады. Мамлекеттик САНА агенттиги мындай айыптоо америкалык “агрессияны жана интервенцияны” актоого багытталган “жаңы голивуддук кутум” деп мүнөздөдү.

Мамлекеттик департамент жарыялаган буга чейин жашыруун сүрөттөрдөн түрмөдөгү крематорийге ылайыкташкан имараттарды көрүүгө болот.

Сирия: Сайеднаядагы "өлүм ордосу"

Сирия: Сайеднаядагы "өлүм ордосу"

Сирия өкмөтү 13 миңден ашуун кишини жашыруун түрдө өлүм жазасына тартканы белгилүү болду.

Стюарт Жонс “крематорийдин имараты Сайедная түрмөсүндөгү массалык киши өлтүрүүнү жашыруу аракети” деп, ​“бир катар бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча Ассаддын режими 2011-15-жылдар аралыгында 65 миңден 117 миңге чейинки сандагы кишини уурдап камакка алган. Ага кошумча режим Сайедная аскер түрмөсүндө миңдеген адамдарды асып өлтүрүүгө буйрук берген. Сайедная - абактагылар асып өлтүрүлгөн жана кордолгон көп жайлардын бири” экенин айтат.

Америкалык дипломат февраль айында чыккан "Эмнести интернешнл" уюмунун баяндамасынан жогорудагы сандарды далил келтирет.

15-майда Жонс Орусия менен Ирандын колдоосуна таянган президент Асаддын өкмөтү “жырткычтыктын жаңы деңгээлине өткөнүн” белгилеп, Сирияда ок атышууну токтотуп, саясий диалогду баштоо үчүн Москва менен Тегеран Дамаскка таасир этүүсү зарылдыгын айтты.

2013-жылдан бери Сайеднаянын космостон тартылган сүрөттөрү түрмөдөгү комплекс крематорий экенин далилдей албаса да, имарат ошол максатта колдонуларын көрсөтөт. Америкалык дипломат аскерий абактагы беш кишилик камерада 70ге чейин адам тыгылып жатканын белгиледи.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Астанадагы сүйлөшүүдө макулдашылган Cирияда төрт “деэскалация зонасын” түзүүгө да токтолду. Орусия сунуштаган мындай келишимди Иран менен Түркия колдогон.

“Өткөн аптада министр Лавров Сирия жаңжалын согуш менен чечүүгө болбой турганын моюнга алды. Эми Орусия сириялык режимге өзүнүн күчтүү таасирин колдонуп жүрөк үшүткөн зордук-зомбулукту токтотууга кепилдигин алышы керек”деди америкалык дипломат Жонс.

Женевада буга чейин өткөн жолугушууларда жаатташкан жактар төрт негизги нерсе – жаңы Конституция, башкарууну реформалоо, жаңы шайлоо жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча бетме-бет отуруп сүйлөшөрү макулдашылган. Бирок азырынча жогорудагы төрт теманын бири дагы козголо элек.

Орусия менен Иран колдогон Асад бардык каршылаштарын “террористтер” деп көрсө, сириялык оппозиция анын бийликтен кетишин талап кылат.

Өткөн аптада Асад Беларустун ONT телеканалына Женевадагы сүйлөшүүнү “медиа үчүн гана жолугушуу” деп сындап, деги эле “Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн эч майнап чыкпаганын” айткан.

Алты жылга аяк баскан Сириядагы согушта 320 миңден ашуун киши жарыкчылык менен кош айтышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG