Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:43

Сирия сүйлөшүүлөрү кайра башталды


Сириядагы согуш 2011-жылдын жазынан бери уланууда
Сириядагы согуш 2011-жылдын жазынан бери уланууда

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр жабык өтүүдө. Оппозиция ага келгени менен тынчтык сүйлөшүүсүнө катышуусун токтотту.

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүcү быйыл январда Орусия, Түркия жана Иран ортомчулугу менен башталган. Андан мурдараак ушул эле өлкөлөр кийлигишип, тараптар ок атышпоо макулдашуусуна жетишкен эле.

Бирок куралдуу оппозиция да, өкмөттүк күчтөр да тынчтык режимин сактабай жатат деп бири-бирин айыптап келет. Буга байланыштуу Сирия оппозициясы марттагы үчүнчү сүйлөшүүгө катышпай койгон.

15-марттагы үчүнчү Астана сүйлөшүүсү
15-марттагы үчүнчү Астана сүйлөшүүсү

Апрелдин башында белгилүү Хан-Шейхун окуясы болду. 90дон ашуун адамдын өмүрүн алган ал химиялык чабуулга Батыш Сирия өкмөтүн айыптады. Бир катар иликтөөлөр чабуулду президент Башар Асаддын режими ишке ашырган деп жыйынтык чыгарышты. Бул Сириядагы чатакташкан тараптарды эле эмес, дүйнө өлкөлөрүн, анын ичинде Орусия менен АКШны кайым айтыштырды.

Мына ушундан кийин 3-4-майда төртүнчү сүйлөшүү өтүүдө. Ага бул ирет АКШ өкүлү да кошулду.

- Оппозициянын делегациясы катышып жатат. Түндүк жана Түштүк деп аталган фронттордон түрдүү топтордун 19 өкүлү келишкен. Алар бүгүн Улуттар Уюмунун өкүлү Стаффан де Мистура менен да, АКШ өкүлү менен да жолугушту. Баары жумушчу тартипте өтүүдө. 4-майда да оппозиция катышат деп ойлойбуз, деди алгачкы күнү Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка боюнча департаментинин директору Айдарбек Туматов.

Бирок Сирия оппозициясы алар көзөмөлдөгөн аймактарды бомбалоону токтотууга милдеттеме алган меморандумду сунуш кылгандан кийин Астана сүйлөшүүлөрүнө катышуусун токтотушту.

Ошентсе да оппозиция делегациясы Астанада калып Орусиянын коопсуздук зоналары боюнча сунушун талкуулайт. Сирия улуттук коалициясынын маалымат катчысы Ахмад Рамадан Ассошиэйтед Пресске билдиргендей, оппозиция коопсуздук зоналары боюнча ал сунушту азыркы формасында кабыл алалбайт.

Орусиянын коопсуз аймактар боюнча сунушунун деталдары азырынча ачык эмес. Бирок айрым маалыматтарга караганда, анда коопсуздук зоналарын түзүү менен катар Орусия, Түркия жана Иран ортомчулук кылган тынчтык макулдашуусу иштеши үчүн бейпилдик күчтөрү, балким орус аскерлери жайгаштырылуусу керек делет.

Сочидеги жолугушуу
Сочидеги жолугушуу

Ушу тапта 3-майдын кечинде Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президентти Режеп Тайип Эрдоган жолугушуп, дал ушул коопсуз тилкелер тууралуу сүйлөшкөнү белгилүү болду. Бул маселе 2-майда Путин АКШ президенти Дональд Трамптын телефон байланышы учурунда да талкууланган.

Вашингтон тараткан маалыматта Трамп менен Путин “Сириядагы азап өтө узакка созулганына жана ага чекит коюш үчүн бардык тараптар мүмкүн болгонду жасашы керектигине макул экендиктери” айтылат.

АКШ менен Түркия баштаган НАТОдогулар Сириянын куралдуу оппозициясын колдойт. Орусия менен Иран Асад жетектеген өкмөттү колдоп келет.

Алты жылга созулган Сирия согушунан 300 миңден ашуун адам өлдү. Миллиондогон киши качкынга айланды.

Астанада Сирия сүйлөшүүсү башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:28 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG