Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

ФБРдин башчысын иштен алуунун жандырмагы


Жеймс Коми
Жеймс Коми

АКШда эки партиянын кармашы күчөгөн сайын демократтар Вашингтон, Чикаго жана башка шаарларда чогулуп, Орусиянын таасирин иликтөөнү көз карандысыз комиссияга берүүнү талап кыла баштады.

Конгресстеги демократтар Федералдык иликтөө бюросунун - ФБРдин жетекчиси Жеймс Коминин 9-майда күтүлбөгөн жерден иштен алынышын Орусия менен байланышкан талаштуу иликтөөгө бөгөт коюу аракети деп, Ак үйдүн таасиринен алыс көз карандысыз комиссия түзүүнү сунушташты.

Медиа агенттиктер Коми кызматтан алынардан бир күн мурун ФБРдин Орусияга байланыштуу иликтөөсүн кеңейтүү үчүн адистерди тартууга Юстиция департаментинен кошумча акча сураганын жазышты. Коми көбүрөөк каражат сураганын мыйзамчыларга өзү да айтып берген.

Иллинойс штатынан шайланган сенатор-демократ Дик Дурбин Коми акча сураганы үчүн кызматтан четтетилбесе керек, бирок ФБРдин колу “Трамптын штабынын жана анын кызматкерлерине жетип калгандыктан иликтөөнү солгундатуу аракети” болду деп айтып чыкты.

Юстиция департаменти болсо Коми кошумча каражат сураганын жокко чыгарып, деги эле анын кызматтын кетишине каржылоонун эч кандай байланышы жоктугун билдирет.

Рейтер агенттиги өткөн аптада Коми Сенаттын комитетиндеги көрсөтмөгө чейин Трамптын кеңешчилеринин ишин кайра кароодон баш тартканы үчүн Ак үйдүн кыжырына тийген деп жазат. Ак үйдөгү аткаминердин айтканына таянган агенттик баш прокурор Жефф Сешнс жана анын орун басары Род Розенштайн ФБРдин башчысынан 3-майда комитетте эмне айтарын сурашкан деп маалымдайт.

Коми андан баш тартканда Трамп кеңешчилери менен муну кызматтык этиканы сактабагандык деп баалаган жана бул президенттин чечимине шыкак бергенин Рейтер жазат.

Ак үй Коминин кетишин Сенатта берчү көрсөтмөсү менен байланыштырбайт. Президенттик администрациянын маалымат катчысы Сара Хакаби Сандерс ФБРдин башчысы “команданын тартибин одоно бузган” деп комментарийледи.

Шаршембиде Трамптын администрациясы Коми шайлоо жылы демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун эмейлдери боюнча иликтөөнү жетектөөдө мүчүлүштүк кетиргени үчүн иштен алынганын билдирген.

Демократтар Коми өткөн жылкы шайлоо алдында Клинтондун каттары боюнча иликтөө баштап, ага сокку урган деп күнөөлөп келишсе, эми Орусия менен байланышкан иликтөөдө чечүүчү киши четтетилди деп чыгышты.

Шаршембиде Конгресстеги демократ лидерлер Орусия боюнча ишти Ак үйдүн таасиринен алыс көз карандысыз прокурорго берүүгө чакырышты.

Конгресстин төмөнкү палатасындагы демократтардын лидери Ненси Пелоси “тезинен” көз карандысыз комиссия түзүү боюнча демилге көтөрөрүн, “Юстиция департаментиндеги "өрт" Трамп дайындаган жетекчиликтен иликтөөнү башка колго берүүнү талап кыларын” айтты.

Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл атайын прокурордун зарылдыгы жоктугун, аны дайындоо иликтөөгө тоскоолдук гана кыларын, ишти болсо Сенаттын Чалгын жана юридикалык комитеттери карап жатканын эске салды. Ошол эле маалда ондогон республикачылар Коминин кызматтан алынышына тынчсызданып, алардын ичинде атайын прокурордун дайындалышын эп көргөндөр да бар.

9-майда күтүлбөгөн жерден кызматтан четтетилген Коми кийинки күнү гана комментарий берип, өз кесиптештерине жолдогон коштошуу катында “президент ФБРдин башчысын кандайдыр бир себеп менен же себепсиз эле кызматтан алып саларына көзү эбак эле жеткенин”, Трамптын аны “кандай жол менен кетиргенин” талдоого убакыт коротпой турганын айткан.

ФБРдин мурунку башчысы 16-майда Сенаттын чалгын комитетинин жабык жыйынында көрсөтмө берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG