Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Трамптын телефону тыңшалганбы?


Президент Трамп Конгрессте алгачкы кайрылуусун жасаган учур. 28-февраль, 2017-жыл.
Президент Трамп Конгрессте алгачкы кайрылуусун жасаган учур. 28-февраль, 2017-жыл.

АКШда Федералдык тергөө бюросу Юстиция министрлигинен президент Дональд Трамптын былтыркы шайлоо өнөктүгү учурунда анын телефону тыңшалганы тууралуу ырастоолорун иликтөөнү өтүндү. Трамп өзү болсо телефону тыңшалганын иликтөөнү Конгресстен суранууда.

2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда ал кездеги талапкер Дональд Трамптын телефону чын эле тыңшалганбы? Эгер тыңшалса мындай кадамга баруу менен мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы иликтөө жүргүзүү ыйгарым укугунан аша чаап кеткенби? Акыркы эки күндөн бери мына ушул суроолор америкалык медиада талкууланган негизги маселе болду.

Талкууга президент Дональд Трамп өзү жем таштап, 4-мартта мурдагы президент Барак Обаманы былтыркы өнөктүктүн жүрүшүндө анын Нью-Йорктогу кеңсесинин телефондорун тыңшаганы үчүн айыптады.

АКШ президентинин Твиттердеги баракчасында жазганына караганда, Обама анын “Трамп-Тауэрдеги” телефондорун “шайлоодогу жеңишине аз калганда уга баштаган, бирок эч нерсе тапкан эмес”.

Трамптын жактоочуларынын Пенсильвания штатындагы демонстрациясы. 4-март, 2017-жыл.
Трамптын жактоочуларынын Пенсильвания штатындагы демонстрациясы. 4-март, 2017-жыл.

Трамп өзү бул боюнча кандайдыр бир конкреттүү далилдерди келтирген жок, бирок Конгресстин чалгын иштери боюнча комитетинен алар Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө ыктымал кийлигишүүсү боюнча жүргүзүп жаткан иликтөөсүнүн алкагында анын маалыматын да текшерүүнү суранды.

Республикачыл конгрессмен, Эл өкүлдөр палатасында чалгын комитетине төрагалык кылган Девин Нуньес билдиргендей, алар жогорудагыдай текшерүүнү жүргүзмөкчү.

Ак үй АКШ президентинин Конгресске жолдонгон өтүнүчү тууралуу 5-мартта кабарлады жана бул маалымат америкалык азыркы жана мурдагы расмий өкүлдөрдүн, мекемелердин реакциясын да жаратты.

ФБР директору Жеймс Коми
ФБР директору Жеймс Коми

Маселен, абройлуу “Нью-Йорк Таймс” басылмасынын жазганына караганда, ФБРдин директору Жеймс Коми президент Трамптын телефону тыңшалган деген ырастоосу боюнча Юстиция министрлиги иликтөө жүргүзүшү керек деп эсептөөдө.

Анткени, Коминин пикиринде, бул жагдайда ФБР АКШнын мыйзамдарын бузганы үчүн жок жерден шектелип жатат. ФБР директорунун Юстиция министрлигине жолдонгон өтүнүчү тууралуу “Ассошейтед Пресс” агенттиги да кабарлады.

ФБР Юстиция министрлигине баш ийет. Министрлик азырынча эч кандай билдирүү жасай элек. Бул мекеменин, ФБРдин өкүлдөрү да талаштуу билдирүүнү комментарийлөөдөн баш тартты. Мурдагы президент Барак Обаманын басма сөз катчысы президент Трамптын ырастоосун “калп” деп четке какты.

Обанын тушунда Ак үйдүн басма сөз катчысы болгон Жош Эрнест президентте АКШ жарандарын тыңшоого буйрук бергидей ыйгарым укук жоктугуна, ФБР жана Юстиция министрлиги мындай ишти жасоо үчүн федералдык судьядан уруксат алуусу зарылдыгына көңүл бурду.

Эч кандай тыңшоо болбогонун мурдагы президент Барак Обаманын тушунда улуттук чалгын боюнча директордун кызматын аркалаган Жеймс Клаппер да айтып чыкты:

- Мен азыр расмий сүйлөй албайм. Бирок улуттук коопсуздук боюнча аппараттын Улуттук чалгын боюнча директору катары мен көз салган бөлүгүндө президентке же ошол учурдагы шайланган президентке же анын шайлоо штабына каршы эч кандай тыңшоо ишмердиги жүргүзүлбөгөнүн айта алам, - деди Жеймс Клаппер Эн-Би-Си телеканалы менен маегинде.

Демократиялык партиянын Сенаттагы лидери Чак Шумер болсо президент Дональд Трампты Обама администрациясына каршы багытталган айыптоолору үчүн далил келтирүүгө чакырды.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсердин айтымында, Трамп Конгресстен өтүнгөн иликтөө аяктамайынча Ак үй да, президент да бул маселени мындан ары комментарийлебейт.

Спайсер белгилегендей, “президент Трамп Конгресстин чалгын комитетинен Орусия боюнча иликтөөсүнө кошумча аткаруу бийлигинин иликтөө ыйгарым укугу 2016-жылы кыянат пайдаланылган-пайдаланылбаганын аныктап берүүнү да суранууда. Спайсер телефон тыңшоолор боюнча маалыматтарды “абдан кооптондурарлык” деп атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG