Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

ФБР Клинтонго айып такпайт


Хиллари Клинтон жана Дональд Трамп.
Хиллари Клинтон жана Дональд Трамп.

АКШда бүгүн президенттик шайлоодогу үгүт өнөктүктүн акыркы күнү. Эртең америкалыктар өлкөнүн 45-президенти үчүн добуш беришет. Шайлоо АКШнын тарыхында 58-ирет өтүүдө.

АКШнын Федералдык тергөө бюросу - ФБРдин добуш берүүнүн жуп алдындагы жарыясы Хиллари Клинтондун пайдасына ойноочу маалымат катары бааланууда.

Аталган мекеменин башчысы Жеймс Коми Конгресске жолдогон катында Демократиялык партиянын президенттикке талапкеринин мамлекеттик катчы кезиндеги электрондук каттарынын жаңы табылгандарын иликтөөдөн кийин деле ФБРдин быйыл июлдагы бүтүмү өзгөрүүсүз калганын маалымдаган.

ФБР директорунун Конгресске жолдогон каты.
ФБР директорунун Конгресске жолдогон каты.

Башкача айтканда, ФБР директору белгилегендей, Клинтонго мурдагыдай эле ал АКШ тышкы саясий мекемесин жетектеген кезде жеке электрондук даректи колдонгону үчүн расмий айып таккыдай негиз жок.

Демократиялык партиянын президенттикке талапкери Хиллари Клинтондун анын мамлекеттик катчы кезиндеги электрондук кат алмашууларына байланышкан жаңжал былтыр май айында эле тутанган болчу.

Иликтөөлөрдөн кийин быйыл июлда ФБРдин башчысы Клинтон жана анын жардамчылары электрондук кат алмашууларды өтө этиятсыз жүргүзгөнүн, бирок аларга айып таккыдай жүйө жоктугун белгилеген. Андан кийин 28-октябрда, башкача айтканда добуш берүүгө 11 күн калганда, ФБР башчысы Конгресске Клинтондун каттарынын жаңы топтому табылгандыгын кабарлаган.

Федералдык тергөө бюросунун бул кадамы Трамптын лагеринде кубаттоого арзыса, демократтар муну жапырт сынга алып, ФБР шайлоонун акыркы күндөрү саясий өнөктүккө кийлигишип, мыйзам бузуп жаткан жокпу деген да маселени көтөрүшкөн. Алар ошондой эле ФБРди Трамптын Орусия менен байланыштарын ачууга чакырышкан.

Хиллари Клинтон Кливиленд шаарындагы өнөктүктө. 6-ноябрь, 2016-жыл.
Хиллари Клинтон Кливиленд шаарындагы өнөктүктө. 6-ноябрь, 2016-жыл.

Эми болсо Клинтондун шайлоо штабы Демократиялык партия талапкеринин саясий беделине шек келтирген маселе жөнгө салынганына кубанып турганын жашырган жок:

- Биз ФБРдин директору Коминин Конгресске жолдогон соңку катын көрдүк. Биз анын бүтүмүнө кубанычтабыз, биз ал июлдагы тыянакты ырастай турганына ишенип турганбыз. Биз бул маселе чечилгенине кубанычтабыз, - деди Клинтондун шайлоо штабынын өкүлү Женнифер Палмиери Огайо штатынын Кливленд шаарындагы өнөктүк учурунда.

Ал эми Дональд Трамптын лагеринде ФБРдын соңку жарыясын ачуулануу менен кабыл алышты. Талапкер өзү Мичиган штатында жүргөн жеринен буларга токтолду:

- Дал азыр Хиллари Клинтон бурмаланган система тарабынан корголду. Бул толугу менен бурмаланган система, мен муну узактан бери айтып келатам. 650 миң электрондук катты сиз сегиз күндүн ичинде иликтеп чыга албайсыз. Хиллари Клинтон күнөөлүү. Ал муну өзү да билет, ФБР да билет, адамдар да билет. Эми адилеттикти Американын эли 8-ноябрда шайлоо бекеттеринде орнотушу керек.

Ал эми Республикалык партиянын эң жогорку кызмат адамы – Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан өз билдирүүсүндө ФБР кандай бүтүм чыгарганына карабай, Клинтон өкмөттүн жашыруун сырларын жана улуттук коопсуздукту коркунучка кептегенин белгиледи.

Дональд Трамп Детройт шаарындагы өнөктүктө. 6-ноябрь, 2016-жыл.
Дональд Трамп Детройт шаарындагы өнөктүктө. 6-ноябрь, 2016-жыл.

Трамп менен Клинтон өнөктүктүн акыркы күндөрү жашоочулары 8-ноябрда алардын кимисине добуш берерин билбей, эки анжы болуп турган штаттарды кыдырышууда. Мисалы, Трамп 6-ноябрь күнү Флорида, Түндүк Каролина, Огайо, Пенсильвания жана Миннесота, Мичиган штаттарында болду. Миннесотада Республикалык партиянын талапкери 1972, Мичиганда 1988-жылдан бери жеңишке жетишкен эмес.

Трамп бүгүн кайра эле Мичиган, Флорида, Пенсильвания, Түндүк Каролина жана Нью -Гэмпшир штаттарын кыдырат.

Ал эми Хиллари Клинтон 6-ноябрда Невада, Мичиган жана Пенсильвания штаттарына токтоду. Ал өз өнөктүгүн бүгүн Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында аяктаганы турат. Өнөктүктүн акыркы бөлүгүндө ага президент Барак Обама жана биринчи айым Мишель Обама да кошулмакчы.

Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктарына караганда, Клинтон Трамптан алдыда, бирок ажырым анчалык чоң эмес.

8-ноябрда америкалыктар президенттен тышкары Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бүткүл 435 мүчөсүн, 100 сенатордун 34үн да кайра шайлашат.

ФБР Клинтонго айып таккан жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:27 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG