Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

WikiLeaks чуулганы: Ассанж кандай кун төлөдү?


WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Лондондон Бангокко учуп келди. 25-июнь, 2024-жыл.
WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Лондондон Бангокко учуп келди. 25-июнь, 2024-жыл.

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж тагылган айыпты жарым-жартылай моюнуна алууга макул болуп, эркиндикке чыкты. Маалыматка караганда, Лондондун Жогорку соту аны күрөөгө бошотту. Ассанж АКШга караштуу Түндүк Мариан аралдарынын аймагына учуп кетти.

Ал Кошмо Штаттардын улуттук коргонуусу тууралуу жашыруун маалыматтарды ачыктаганын моюнуна алып, беш жыл кесилгенден кийин бошотулары күтүлүүдө.

52 жаштагы Жулиан Ассанждын соту Тынч океандагы АКШга караштуу аралдардын биринде 26-июндун таңында болот. 2019-жылы АКШнын федералдык прокуратурасы Австралия жараны Ассанжга "тыңчылык" тууралуу 17 жана америкалык аскерлердин Ирак менен Ооганстандагы жоруктары тууралуу купуя маалыматтардын жарыяланышына байланыштуу "компьютерди мыйзамсыз колдонгон" деген бир айып тагышкан.

АКШ бийлигинин эсебинде маалыматтарды ачыкка чыгаруу менен Ассанж жүздөгөн адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан.

Бул айыптар менен Ассанжды өмүр бою эркинен ажыратса же 175 жылга абакка кесүү каралмак.

"Жуллиан Ассанж эркиндикте. Ал күчөтүлгөн режимдеги "Белмарш" түрмөсүндө 1901 күн өткөргөндөн кийин, 24-июндун таңында чыгып кетти. Лондондун Жогорку Соту аны күрөөгө бошотту. Күндүз ал "Cтанстед" аэропортунан учакка отуруп, Британиянын аймагынан чыгып кетти", - деп жазышты Ассанждын тарапташтары X социалдык түйүнүнө.

Алар кошумчалагандай, бул макулдашуу АКШнын Юстиция министрлиги менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин ишке ашты.

Маалыматка караганда, Ассанжга сотто АКШнын улуттук коргонуу боюнча маалыматтарды ачыктаганы үчүн айып тагылып, 62 айга же беш жыл, эки айга эркинен ажыратылат. Бирок сот Ассанждын британ түрмөсүндө өткөргөн беш жылды сот жаза мөөнөтү катары эсепке алып, бошотору күтүлүүдө.

Андан соң ал мекени Австралияга кайтарын бир тууганы Габриэл Шиптон билдирди.

"Анын саламаттыгы начарлап баратат. Бир канча илдеттен жабыркап жүрөт. Менимче, ал азыр эс алып, ден соолугун калыбына келтирүү менен алек болот. Дарыгерлер айыгарын айтышты. Биз, анын үй-бүлөсү, эркиндикке чыгышына абдан кубанычтабыз. Бул абдан узак убакыт болду. Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Жулианды колдоп турушту. Австралия өкмөтү акырына чейин чоң иш кылды", - деди Шиптон.

Ассанждын жубайы Стелла Лондондогу күйөсүн колдогон митингде. 20-февраль, 2024-жыл.
Ассанждын жубайы Стелла Лондондогу күйөсүн колдогон митингде. 20-февраль, 2024-жыл.

Ассанж деген ким жана анын атагы эмне болуп чыккан?

Жуллиан Ассанж 2006-жылы санаалаштары менен бирге WikiLeaks сайтын негиздеген. Ал жакта ар кайсы өлкөдөн жиберилген жашыруун делген маалыматтар жарыяланып турчу. Маселен, Гуантанамо булуңундагы АКШнын аскердик лагерин эксплуатациялоо тууралуу инструкциядан баштап, Саентология чиркөөсүнүн ички документтери, 2008-жылы Американын вице-президенттигине республикачыл партиядан аттанып жаткан Сара Пейлиндин жеке каттарынан өйдө ачыкталып кеткен.

2010-жылы сайтта америкалык атайын кызматтын мурдагы өкүлү Брэдли (Челси) Мэннинг жиберген жашыруун маалыматтар жайгаштырылган. Алардын айрымдары Ирактагы жайкын тургундардын өлүмүнө байланыштуу эле. Көп өтпөй WikiLeaks сайтында АКШнын Ирактагы жана Ооганстандагы аскердик аракеттерине байланыштуу жарым миллиондон ашуун жашыруун документтерди жарыялап салган.

Америка бийлигинин эсебинде маалыматтарды ачыкка чыгаруу менен Ассанж жүздөгөн адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан. Аны өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралмак. Ассанждын тарапташтары аны чындык үчүн күрөшкөн инсан катары бааланат.

"Ал интернетти ийгиликтүү пайдалана алган азыркы жарым-жартылай активист, жарым-жартылай журналист жана басылма башчылардын алгачкысы болду", - дейт Guardian басылмасынын мурдагы башкы редактору Алан Расбрижер.

Анткен менен Ассанждын сынчылары аны конфиденциалдык маалыматты интернетке жарыялоо менен башкалардын өмүрүнө коркунуч алып келип, өзүнө атак-даңк топтоону көздөгөн жоопкерчиликсиз адам катары эсептешет.

Ассанжга зордуктоо боюнча да кылмыш иши козголгон

2010-жылы Швецияда эки аял Ассанж зордуктаганын айтып, полицияга кайрылышкан. Стокгольм Лондондон Ассанжды экстрадициялоону суранган.

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү дооматтарды четке кагып, мунун баары аны АКШга өткөрүп берүү үчүн токулганын айткан. Бейкүнөө экенин далилдөө үчүн 2010-жылдын соңунда Лондондогу полиция бекетине барып, камалган. Тогуз күндөн кийин аны сот күрөөгө бошоткон. Швециянын прокуратурасы Ассанжга тагылган сексуалдык ыдык көрсөтүү тууралуу арызын 2017-жылдын майында артка кайтарган. Ал эми 2019-жылы иш толугу менен жабылган.

Эмнеге Ассанж Эквадордун элчилигинде жети жыл жашырынган?

2012-жылдын май айында Британиянын Жогорку соту Ассанжды Швецияга экстрадициялоо чечимин чыгарат. Швеция андан ары Кошмо Штаттарга өткөрүп берип салат деген чочулоодон улам Ассанж Эквадордун элчилигинен башпаанек сурап алат. Ал элчиликтин аймагынан көп чыкпай жети жыл өткөрөт. Анда-мында балконго туруп журналисттер үчүн маалымат жыйын чыгарып койчу.

2018-жылы ага Эквадордун паспорту ыйгарылган. Ошол эле маалда ал "негизги укуктарыбызды жана эркиндигибизди бузуп жатат" деген жүйө менен Эквадордун өкмөтүн сотко берген. 2021-жылы Ассанж жарандыктан ажыратылат жана элчиликтин аймагынан чыгарылат.

Британ бийлиги Ассанжды кармап, аны күчөтүлгөн режимдеги "Белмарш"түрмөсүнө камап, АКШга экстрадициялоо тууралуу суроо каралып жаткан.

Ассанждын үй-бүлөсү

Ассанж Эквадордун элчилигинде жашырынып жаткан маалда эки жолу балалуу болот. Бул тууралуу анын аялы Стелла Моррис айтып берген. Ар кандай маалыматтарга караганда Ассанждын башка да балдары бар. Бирок алар тууралуу коомчулукка белгисиз. Улуу балдарынын бири Австралияда жашайт. Стелла Ассанж күйөсүнүн эркиндикке чыкканына дагы эле ишене албай жатканын айтты.

“Жуллиан эркиндикте экенине аны менен жолугуп, кучактаганда гана ишенем го. Азырынча мындан ары эмне болорун билбейм. Менимче Австралия саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн жакшы жер. Бир гана Жуллиан үчүн эмес, мен үчүн да бул эң оор жылдар болду”, - деди Стелла.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG