Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Өзбек министри кордолгон аялга болушту


Самарканддагы милиция кызматкери.
Самарканддагы милиция кызматкери.

Өзбекстандын Самарканд облустук прокуратурасы аялды басмырлап, шылдыңдаган милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, бирөөнү камакка алды. Уурулукка шектүү катары кармалган аялды милиция бөлүмүндө тартип сакчылары энеден туума чечинүүгө мажбурлап, видеого тартышкан. Жабыркаган аялдын үйүнө кечээ Өзбекстандын вице-премьер-министри барып, укуктук жактан жардам берилерин айтты.

8-июлда Өзбекстандын Аялдар комитетинин төрайымы жана вице-премьер-министри Танзила Нарбаева Самарканддагы милициядан жабыркаган аялдын үйүнө барды.

Окуя кандайча болгонун жабырлануучунун өз оозунан угуп, анын укугун коргоого көмөк берүүгө убада кылды.

Өзбекстандын аялдар комитетинин төрайымы жана вице-премьер-министри Танзила Нарбаева Самарканддагы милициядан жабыркаган аял менен жолугушууда.
Өзбекстандын аялдар комитетинин төрайымы жана вице-премьер-министри Танзила Нарбаева Самарканддагы милициядан жабыркаган аял менен жолугушууда.

Нарбаева келээр замат милициядан ыдык көргөн аялдын короо-жайын ондоо башталды. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары анын үй-бүлөсүнө акча чогулта баштады. Жабыркаган аялдын үйүнө жардам жеткирген өзбекстандык журналист Каримберди Тухтамурадов элден чогулган акча эмнеге жумашаларын түшүндүрдү:

- ​Силер көрүп тургандай аял балдары менен жашаган бул үйдө курулуш иштери башталды. Турак жайынын сырты оңдолуп, короосуна дарбаза орнотуп бердик. Коомчулуктан жыйналган акчаны ушул багытка жумшап жатабыз.

Өзбекстандын Жогорку соту өткөн жуманын этегинде аялды мыскылдаган Каттакурган шаардык милициянын тергөөчүсү Санат Умаровду камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Андан мурдараак ал кызматынан айдалган. Облустук ички иштер башкармалыгынын атын айтууну каалабаган кызматкери “Азаттыктын” өзбек кызматына берген комментарийинде буларга токтолду:

-​ Аялды шылдыңдап, жылаңач кылып чечинткен видео Интернетке чыгаар замат облустук прокуратура менен атайын инспекциянын өкүлдөрү келишти. Алар түнү менен Санат Умаровду суракка алышты. Таңга жакын жабырлануучуну алып келишти. Азыр ал ушул жерде калып, прокуратура менен атайын инспекциянын кызматкерлерине көрсөтмө берип жатат.

30 жаштагы Санат Умаровго "өз бийлигинен аша чапкан, кыйноо көрсөткөн" деген кине коюлду. Анткени өзбек прокуратурасынын маалыматында тергөөчү базарда "акча уурдаган" деген шек менен кармалган эки аялды "чечинтип кордогон" деп айтылат. Милициянын кордугуна кабылган аял өтө жакыр жашарын кыштактын башчысы айтып берди.

- Эртең менен саат 4тө ал аялды милиция кызматкерлери үйүнөн "көрсөтмө бересиң" деп алып чыгып кетишкен. Анын жолдошу боор оорусунан улам каза болгон. Аял эки баласы менен абдан оор акыбалда жашайт. Мындай шарттагы үйдө ит да жашай албаса керек... Ошол күнү анын кызы менен баласы мага келип, апасынын үйгө кайтпаганын билдиришкен.

Маале башчысы ошондой эле бул аял мурда "50 миң сум жана көлөч уурдады" деп, айып төлөп чыкканын, учурда үй-бүлөсүн багыш үчүн мал кармап жатканын кошумчалады.

3-июнда Санат Умаров баштаган милиция кызматкерлери Каттакурган шаардык милиция бөлүмүнө базарда акча уурдоого шектүү эки аялды алып келишкен. Аларды жылаңачтап чечиндирип, уурдалган акчаны издеп, кол көтөрүп, кемсинтишкен. Эч нерсе табылбагандан кийин, алардын кармалганы тууралуу тиешелүү документ толтурбай эле коё беришкен. Бул ишке катышкан дагы бир милиция кызматкеринин тагдыры азырынча белгисиз.

Каттакурган шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ильяс Абдукахаров милиция кызматкерлеринин үстүнөн тергөө жүрүп жатканын айтты:

- Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен гана экинчи милиционердин аты-жөнүн айта алабыз. Азырынча болгон маалымат ушул.

4-июлда эки аялды эки милиция кызматкери кармап алып, келекелеген видеосу Интернетке тарап, коомчулуктун назарын бурду.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө парламенттин депутаты Расул Кушербаев, өкмөт башчысынын орун басары Танзила Нарбаева аялды коргоп чыгышкан.

Аялды кордогон милиция камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:50 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт. ​

XS
SM
MD
LG