Өзбекстандын тышкы экономикалык байланыштар боюнча министринин орун басары Шавкат Толаганов өзбек тараптын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу ниети жоктугун 29-ноябрда жарыялады.
Анын айтымында, өзбек эксперттери “бул биримдикке мүчө болуу Өзбекстанга эч кандай артыкчылык бербейт, тескерисинче кээ бир маселелерде зыян алып келет" деген тыянакка келген. Орус маалымат каражаттары жазгандай, Өзбекстанда 4-декабрда боло турган президенттик шайлоонун талапкерлери да “тышкы саясатты биринчи мамлекет башчы аныктаган багыт менен алып барышарын” билдиришкен.
Шавкат Мирзиёев жетектеп турган өзбек өкмөтүнүн мындай билдирүүсү Өзбекстандын регионалдык уюмдар боюнча саясаты маркум президент Ислам Каримовдун учурундагыдан көп өзгөрбөшү мүмкүндүгүн ырастоодо. Өзбекстандык экономист Саодат Нишанова бул чечимге анчейин таң калбаганын “Азаттыкка” айтты:
“Өзбекстан жабык бир моделге ээ. Салык, фискалдык маселелер бул жабык моделдин негизинде чечилет. Аны ачып жиберсе, толгон-токой келишимдерди карап чыгууга туура келет. Анын үстүнө мындай жабык ыкмалардан акча жасоону үйрөнгөн элита да пайда болду. Ырааттуу реформаларды ишке ашырбай туруп бул моделден баш тартуу башаламан абалды жаратат. Андыктан мен Өзбекстан интеграцияга багыт алат деген сөздөргө ишенген эмесмин жана мындай билдирүү жасалат деп күтүп жаткам. Жабык абалга көнгөн элитанын да кысым бар”.
Өзбекстан маркум Ислам Каримов бийликте турган учурда Москва үстөмдүк кылган регионалдык уюмдардан оолак болуп келген. Маселен 2008-жылы өзбек тарап ЕАЭБдагы мүчөлүгүн токтоткон. Буга кошумча Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна эки жолу кошулуп, эки жолу кайра чыккан. Каримов Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнү караштырбай турганын, уюм өлкөнүн эркиндигин чектеп коёрун белгилегени бар.
Экономист Нишанова Өзбекстандын жаңы бийлиги Орусия, Казакстан, Беларус, Кыргызстан жана Армения мүчө болгон Евразиялык экономикалык биримдикке азырынча кошулууну каалабаса да, болочокто интеграциядан кача албастыгын айтат. Анын пикиринде, Орусия 30 миллиондой калкы бар Өзбекстанды эч качан колдон чыгаргысы келбейт жана өзбек тарап да кескин чечимдерди кабыл алуудан карманат.
Себеби Кытайды кошпогондо Өзбекстандын эки ири соода өнөгү – Орусия менен Казакстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү болуп саналат. Мындан тышкары Орусияда 2 миллиондой өзбек мигранты иштейт.
“Мигранттарга карата басым болушу мүмкүн. Анткени кирешелердин көбү алардан келет. Кайсы бир жылдары анын көлөмү 13 миллиард долларга жетип турган. Андыктан мындай рычаг жана дипломатиялык ыкмалар колдонулушу мүмкүн”,-дейт экономист Саодат Нишанова.
Эксперттер өзбек тараптын Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу министрдин орун басарынын деңгээлинде билдирүү жасаганына да көңүл буруушууда. Алар болочоктогу сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстандын жогорку жетекчилери башкача позициясын билдириши мүмкүндүгүн жокко чыгарышпайт.
Регионалдык уюмдар боюнча Өзбекстандын позициясы азырынча мурдагыдай калып жатканы менен экономика жана финансы тармагындагы айрым өзгөрүүлөр тууралу кабарлар келип жатат. Маселен өкмөт валюта саясатын либералдаштыра турганын жарыялады. Улуттук валютанын курсун рынок механизмдерге ылайыкташтыра турган бул план 2017-жылдан кийин ишке киришет деп күтүлүүдө.