Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Гүлнара Каримованын акчасы талашта


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Швейцариянын банкында Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага таандык деп эсептелген 800 миллион доллардын тагдыры чечилүүдө.

Бул акча боюнча Ташкент менен Берндин ортосундагы узакка созулган сүйлөшүү аяктап, Швейцария акчаны Өзбекстанга берүүгө макул болгону кабарланууда. Ошол эле учурда Гүлнара Каримованын өзүнүн тагдыры белгисиз. Анын азыр кайда экени дээрлик белгисиз.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын жазганы боюнча, Швейцариядагы камакка алынган 800 миллион долларды талашып, Өзбекстандан тышкары АКШ жана "Zeromax" компаниясы кайрылган. "Zeromax" - Швейцарияда катталган ишкана. Анын мурдагы аткаруучу директору Мурадил Жалалов Өзбекстанда соттолуп, азыр абакта отурат. Ал эми бул фирманын чыныгы ээси болуп Гүлнара Каримова эсептелет.

Банктардагы камакка алынган 800 миллион доллар боюнча узак иликтөөдөн кийин Швейцариянын бийлиги анын чыныгы ээси Өзбекстан экен деген тыянакка келген.

Бирок Гүлнара Каримовага таандык экени айтылган акчаны дароо өзбек өкмөтүнө берүүгө айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар жана бозгундагы өзбек жарандары каршы болууда. Анын себебин өзбекстандык укук коргоочу, "Борбор Азиядагы адам укуктары" аттуу уюмдун жетекчиси Надежда Атаева мындайча түшүндүрдү:

Надежда Атаева.
Надежда Атаева.

- Бул азыр өзбек элинин жана өзбек коомчулугунун кызыкчылыгындагы иш эмес. Бул акчаны азыр Өзбекстандын өкмөтүнө кайтарууга болбойт. Анткени бийликтин жогорку эшелонунда коррупциянын гүлдөөсүнө азыр деле шарт бар.

Активисттер Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев коррупцияга каршы катаал күрөш баштамайынча каражатты которууга каршы болуп жатышат. Алар акчаны Өзбекстанга берген күндө да ал карапайым элдин уурдалган каражаты болгондуктан, атайын фонд түзүп, аны эл аралык система жана жарандык коом көзөмөлдөй алгыдай болушу керек деп эсептешет.

Гүлнара Каримованын акчасынын тагдыры чечилип жатканы менен, акыркы кезде анын өзүнүн дайыны айтылбай, ал тууралуу так маалыматтар жок. Расмий кабарларга караганда ал Өзбекстанда “арам акчаны адалдоого” байланыштуу беш жылдык абак жазасын өтөөдө. Надежда Атаева ал башкарган уюм Гүлнара Каримованын тагдырына байланыштуу Швейцариянын бийлигине кайрылганын айтты:

- Биздин маалыматыбыз боюнча, Гүлнара Каримованын жакындары тергөө учурунда ага каршы жасалган мыйзамсыз иштер тууралуу БУУнун Кыйноо боюнча атайын баяндамачысына кайрылган. Биз да бул боюнча Швейцариянын парламентине кат жазганбыз. 28-майдагы Швейцария парламентинин жыйынында биздин кайрылуубуз каралды. Бүгүнкү күндө ал кайрылуу Швейцариянын Тышкы иштер министрлигинде каралып жатканы жөнүндө бизде так маалымат бар.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун эрке кызы Гүлнара Каримовага чет өлкөлүк телекоммуникация компанияларына байланыштуу коррупциялык жаңжал, жүздөгөн миллион долларлык шылуундук, паракорчулук үчүн Европада, АКШда кылмыш иштери козголгон жана анын банк эсептери камакка алынган.

Гүлнара Каримова. Сүрөт 2010-жылы тартылган.
Гүлнара Каримова. Сүрөт 2010-жылы тартылган.

Ал 2012-жылга чейин Өзбекстандагы эң таасирлүү аял болуп эсептелчү, атасынын бийликтеги мураскору болорун да айтып жүрүшкөн. 2016-жылдын сентябрында Ислам Каримов дүйнөдөн өттү. Бирок ага топурак салгандардын арасынан Гүлнара көрүнгөн эмес.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы былтыр 28-июлда берген маалыматка караганда, 2015-жылы августта, атасы тирүү кезинде эле Ташкент соту аны салыктарды жашыруу, уурдоо, опузалап акча талап кылуу жана офшордогу компаниялардагы документтерди жок кылуу фактысы боюнча беш жылга соттолгон. Бирок Гүлнара азыр кайсы абакта жазасын өтөп жатканы жөнүндө маалымат жок.

Кийин Гүлнара Каримовага каршы дагы бир кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ага алдамчылык, чет элдик валютаны жашыруу, бажы мыйзамдарын бузуу, кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу боюнча айыптар коюлган. Демек мурдагы президенттин кызын дагы бир сот иши күтүп турат. Бирок өзбек бийлиги жана туңгуч президенттин үй-бүлөсү маалымат бербей келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG