Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Ислам Каримов: Апама жалаа жаап жатышат


Гүлнара Каримованын уулу Ислам Каримов.
Гүлнара Каримованын уулу Ислам Каримов.

Өзбекстандын мурунку президенти, маркум Ислам Каримовдун небереси Ислам Каримов апасы Гүлнара Каримова жалган жалаага кабылды деп билдирди.

1-августта Лондондо Би-би-си медиа корпорациясынын өзбек кызматына курган маегинде ал апасы түрдүү мыйзамсыз жолдор менен эки миллиарддай доллар акча жыйнаган деген маалымат алда канча апыртылганын айтты.

Расмий Ташкент буга байланыштуу үн ката элек.

Ислам Каримов маегинде камактагы апасы Гүлнара Каримова тууралуу өзбек бийликтеринин соңку билдирүүсүн сынга алды. Айрыкча "Каримова ар кандай мыйзамсыз жол менен ири өлчөмдө мүлк топтогон" деген маалыматты көбүртүлүп-жабыртылган деп сыпаттады:

- Биринчиден, ага каршы айтылган билдирүүнүн апыртылганы баарына эле белгилүү. Экинчиден, билдирүүнүн баары жалган. Аны далилдеген бир дагы күбө, бир дагы адам, кол коюлган документ, аудио-видео жазуу болгон жок. Билдирүүнүн баары Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматында 3-4 жылдан бери камакта турган үч-төрт адамдын көрсөтмөсүнө гана негизделген. Атайын кызматтын абагында төрт жыл отурган адам мойнуна бардык нерсени алаары турган иш да. Мен апамдын акчаларын билем. Билдирүүдө айтылган сумма алда канча ашырылып-апыртылып айтылып жатканын жана анын эч кандай далили жок экенин билем. Бардык коррупцияга баткан министрлердикин, биздин туугандарыбыздыкын алып, анын баарын апама кошуп коюшту. Калгандары болсо өзүн аппак сезип кызматын уланта берет. Мен апамды дүйнөдөгү эң жакшы адам катары тааныгыла деп суранган жокмун. Бирок ал дүйнөдөгү эң жаман адам эмес экени анык. Бирок азыр анын өзүн гана айыптап жатышат. Ал деген элдин үйлөрүнө барып акчаларын жыйнап кеткен жок да. Эгер айтылып жаткан акчанын кайсы бир бөлүгү апамдыкы боло турган болсо, демек, ал анын өз бизнесинен түшкөн акчалар. Бирок анын баары ачык-айкын, мыйзамдуу болгон.

Ислам Каримов таятасы менен апасынын мамилесинин айрым бир жагдайларын айтып берди. Ислам Каримов атак-даңкын, бийлигин кызына тарттырып жибергенден чочулаганын, мындан улам Гүлнара Каримова кайсы бир иш-чараларын атасынан жашырганын, көзүнө көп чалдыкпоого аракет кылганын ачыкка чыгарды:

- Таятам апама "сен мени эч качан басып өтпөшүң керек" деп айтчу. Элдин сүйүүсү, дагы башка нерселери андан апама ооп кетет дегендей чочулоосу бар болчу. Апамдын андай деле кылайын деген ою жок болчу жана такай атасы тууралуу пикири жакшы эле. Бир канча жолу таятам үйдө телевизор көрүп отурганда апамдын каналдардын баарынан чыкканын көргөн экен. Ал буга ушунчалак ачуулангандыктан биз кээ бир коомдук долбоорлорду андан жашырып койгонго аргасыз болот элек. Алар коомго кеңири жарыяланбай, чагылдырылбай, жадакалса анда апамдын аты да аталбашы керек болчу. Ошондуктан "Форум" фондундагы айрым иштерди расмий жарыялоо өтө кыйын болчу. Ошондуктан апам бул фонд менен байланышы тууралуу маалыматтарды төгүнгө чыгарганга аргасыз болуп келген. Ооба, ал бул фонддун Камкордук кеңешинин директору болгон, бирок фонд анын жеке идеясы экенин, анын иши экенин ачык айткан эмес. Эгер таятам муну билгенинде сөзсүз "сен менин бийлигимди уурдап алганы жатасың" деп чыкмак. Бирок таятам кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин, өтө кеч болсо деле кызынын анын бийлигин уурдап алуу ниети жок экенин түшүнгөн.

Гүлнара Каримова атасы Ислам Каримов менен.
Гүлнара Каримова атасы Ислам Каримов менен.

Ислам Каримов апасына таандык делген чет өлкөдөгү кымбат баалуу үйлөрү, мындан бир канча жыл мурун баасы миңдеген долларды чапчыган унаанын жанында түшкөн сүрөтү боюнча да суроолорго жооп берди:

- Женевадагы 2009-жылы 18 миллион долларга сатылып алынган деген үйдү апам Швейцарияга иштегени келгенде таятам менен таенем белек кылган. Бирок мен ал үйдү таятам өзү тандаган, өзү сатып алган, анын анык баасын билген деп ойлобойм. Ал өзүнүн аппаратындагы же министрликтеги кайсы бир адамдарга менин кызыма үй таап бергиле деп тапшырса керек. Андай адамдардын баары уурдайт да. Ал адамдарга "үй тапкыла" деп буйрук берсе алар уурулугу кармалып калгандан чочулап коркконунан деле буйрукту аткарышат да. Бирок алардын Беверли-хиллс жана башка жактардагы 58 - 60 миллондук үйлөрү тууралуу эч ким билбейт. Эч ким алардан бул үйлөр кайсы акчага алынды деп сурабайт. Апам тууралуу материалдарды окуганда алгач балким мен билбеген нерселер да бар болуп жүрбөсүн деп ойлодум. Бирок материалдарды окуп баштаганда, башка адамдардын активдери менен таанышканда мунун баары биздики эмес экенине көзүм жетти. Менин 16 жашымда түшкөн сүрөттөгү SLR Mersedes McLaren үлгүсүндөгү баасы 260 миң доллар турган унааны кимдир бирөө апама белекке берген болчу. Мен ал унаадан бир жылдан кийин эле баш тарткам. Ошол учурда апама белек берип анын ишеничине кирүүнү каалаган адамдар көп болчу. Мен бардык эле өспүрүмдөрдөй унаага кызыгат элем. Аны көрөрүм менен бардык эле балдар сыяктуу кубангам. Бирок бул бир эле унаа да! Эч ким башкалардын учактары, яхталары тууралуу сөз кылбайт. Азыр бир адамды жок кылып жатышат. Эч ким ал адамдын жакшы жактары тууралуу айткысы келбейт. Азыр бийликте отурган айрым адамдар мындан дагы жаман иштерге барып жатат. Мен "мына, бул президенттин кызы болчу" деп жамандап жаткандарды акыл-эстүүлүккө чакырат элем. Таятам өлгөндө бир топ адамдар акчаларды контейнерлеп чыгарып кетишти. Апам ошол учурда камакта болчу. Анан калса эмнеге кимдир бирөөлөрдүн күнөөлөрүн бизге илип жатышат?

Ислам Каримов апасынын түрмөгө которулганы боюнча 1-августта соттук документ колуна тийгенин, документте 3-июль деген дата көрсөтүлгөнүн кошумчалады. Бул документтин анык же анык эмес экени азырынча ырастала элек.

Өткөн аптанын аягында өзбек бийликтери мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова камалганын биринчи ирет бышыктады.

Каримованын кылмыш иштери тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын 28-июлда жарыяланган маалыматында ал 2015-жылдын август айынан бери камакта экени, беш жылга эркинен ажыратылганы айтылат. Расмий Ташкент Каримованы"кылмыштуу топ аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, мыйзамсыз жолдор менен миллиарддаган суммадагы акча жыйнаган" деп айыптап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG