Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:24

Каримованын адвокаты Швейцариядагы тергөөнү токтотууну суранды


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын адвокаты, Женева адвокаттар коллегиясынын төрагасы Грегуар Манжа Швейцариянын Башкы прокуратурасына кайрылып тергөөнү токтотууну суранды. Ал Гүлнаранын кайда экенин билбей турганын жана аны менен жолугушууга мүмкүн болбой жатканын мисал кылган.

“Гүлнара Каримованын камалганы тууралуу маалыматым бар болчу. Азыр анын кайда экенин, кайсыл жакка которулганын билбейбиз. Ошондуктан мен ушул айда Өзбекстанга барчу сапарымды токтотууга мажбур болдум”, - деп жазган Манда өзүнүн билдирүүсүндө. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Адвокат соңку бир айда Каримованын балдары дагы кабар ала албаганын жана ден соолугу начарлады деген маалыматтардан улам анын абалына тынчсызданып жатканын билдирген.

Өзбек бийликтери мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова камалганын биринчи ирет бышыктаган.

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын кылмыш иштери тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын 28-июлда жарыяланган маалыматында ал 2015-жылдын август айынан бери камакта экени, беш жылга эркинен ажыратылганы ырасталды.

Бул айымга "кылмыштуу топ аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, мыйзамсыз жолдор менен миллиарддаган суммадагы акча жыйнаган" деген айыптар тагылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG